Жээнбеков медиктерди куттуктады: ыраазымын, журт жүгүн көтөрүп жатасыңар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент саламаттык сактоо жаатында тереңдеп кеткен көйгөйлөр бар экенин моюндап, тармакты башкарууну жөнгө салуу туурасында айтты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Медицина кызматкеринин күнүнө карата кайрылуу жолдоп, ак халатчандарга ыраазылыгын билдирди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурдун негизги жүгүн сиздер көтөрүп жатасыздар. Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткарып жатасыңар. Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз! Таза ниет, ак эмгегиңер үчүн терең ыраазылык билдирем", — деген Жээнбеков.

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Президент саламаттык сактоо жаатында тереңдеп кеткен көйгөйлөр бар экенин моюндап, тармакты башкарууну жөнгө салуу туурасында айткан. Андан сырткары, медицина кызматкерлерине каалоосун билдирген.

"Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз. Пандемия — саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктады. Алардын баарын жоюп, тармакты башкарууну жолго коебуз. Болбосо, улут саламаттыгы чоң коркунучка туш болорун баарыбыз ушул күндөрү көрүп жатабыз. Баарыңарга бекем ден соолук, амандык, жакшылык жана түйшүктүү ишиңерде ийгиликтерди каалайм", — деген мамлекет башчы.

Ошто 71 жаштагы дарыгер Жамал Тазабекова коронавирустан каза болду

Президент милдеттен каза болгон медиктерди эскерген.

"Милдетин аткарып жүрүп каза болгон медиктерибиз да бар. Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу", — деген Жээнбеков.

Кыргызстанды каптаган коронавирус медицина кызматкерлерине да улам арбын жугууда. 3-июлга карата 73 медициналык кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Мындан сырткары, бир нече дарыгер көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0