Булардын да саны өстү! Бир суткада 73 медик коронавирус жуктурду

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaМедицина кызматкери. Архив
Медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 994 учур катталды. Алардын ичинен 484 медик ооруканадан сакайып чыкты.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 73 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Оору жуктурган медиктер төмөнкү аймактарда катталды:

  • Бишкек шаары — 32;
  • Чүй облусунда — 20;
  • Ош шаары — 7;
  • Ош облусунда — 7;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Баткен облусунда — 3;
  • Ысык-Көл облусунда — 1.

Ал эми бир суткада 20 ак халатчан ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 994 учур катталды. Алардын ичинен 484 медик ооруканадан сакайып чыкты.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 6 767 киши коронавирус жуктуруп алган. Анын 2 655и айыгып, 76 киши көз жумду. Акыркы маалымат боюнча 638 бейтап стационарда дарыланып жатса, анын 19у реанимацияда экени айтылды.

Ал эми үй карантининде 3 398 киши дарыланууда.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз. 

Имарат берип, жабдуу таап, медик чогултуп... Эл ооруга каршы бир муштумга түйүлгөндө

Жаңылыктар түрмөгү
0