00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду

Жазылуу
Мыйзам ЖК тарабынан өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал киргизилген учурларда кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө максатында иштелип чыккан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, мыйзам ушул жылдын 21-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын медицина кызматкерлерине, анын ичинде өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абал киргизилген учурларда иштегендерге кепилдик жана компенсация белгилөө максатында иштелип чыкккан.

Өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлерге 218 миллион сом каралды

"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзам 11-1-берене менен толукталган. Анда ӨА жана ӨК шарттарында медиктерди жашаган жеринен иштеген жерине чейин жеткирүүнү уюштуруу, кесиптик милдеттерин аткарууда жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жана талаптагыдай эмгек шарттарды түзүү милдеттендирилген.

Ошондой эле беренеде эпидемиологиялык кырдаалда ден соолугун тобокелге салып иштеген медиктерге төрт маянанын көлөмүнөн кем эмес компенсация төлөнөрү каралып жатат.

Кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерине ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Ак халатчан ӨК жана ӨА шарттарында кесиптик илдетин аткарууда оорунун кесепетинен каза болгон учурда анын үй-бүлөсүнө 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөк пул берилет.

Боронов: 118 кызматындагыларды көбөйтөбүз, Тез жардамга дагы 20 бригада келет

Эгерде медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин бир жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөк пул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөк пулдардын суммасы саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөрү белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп айтылган.

Кыргызстанда 1145 адам пневмония менен жабыркап, 54ү каза болду

Ошондой эле "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Анда саламаттык сактоо тармагынын мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз эсебинен медиктердин кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө жана оорудан дарыланууга кеткен чыгымдарын төлөйт. Ошондой эле милдеттүү түрдө мезгилдүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0