Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан кыз - Sputnik Кыргызстан

COVID-19: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абал боюнча тексттик баяндама. 23-күн

Жазылуу
Дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да коронавируска каршы күрөшүп жатат. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны 270ке жетип, төрт адам көз жумду.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Калган жерлерде өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:04 09.04.2020

ЖАЛАЛ-АБАД. Тургундар керектелүүчү дары-дармектерди телефон байланыш аркылуу үйдө олтуруп буюртма берип, жеткирүү кызматын пайдалана алышат.

18:59 09.04.2020

Таиланддын жараны экинчи ирет коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал бул вирустан бир жума мурда эле айыгып, ооруканадан чыккан.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Таиландда аял экинчи ирет коронавирус жуктуруп алды
18:54 09.04.2020

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу парламенттин апрель айындагы чыгымы жана коронавируска каршы күрөшүүдө экс-спикерлердин көрсөткөн жардамы туурасында маалымдады.  

 

 

18:32 09.04.2020
18:02 09.04.2020

Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:

 2020-жылдын 8-апрель күнү өлкө боюнча 1 045 600 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды;
 жалпысынан 12 077 орундук даярдалган;
 Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө ( меню алмаштырылып турат);
 Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак үй орноштурулган;
 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7800 чалуу катталып, анын ичинен 665 коронавирус боюнча чалуу түшкөн;
 Өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 415 куткаруучу жана 107 унаа тартылган.

 Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди

Работы по дезинфекции улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан
16:12 09.04.2020
16:02 09.04.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алып, эпидемиологиялык кырдаалды, коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чараларын талкуулады.

  

  

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра здравоохранения Сабиржана Абдикаримова - Sputnik Кыргызстан
Медиктерди камсыздагыла! Жээнбеков министр Абдикаримовду кабыл алды
15:40 09.04.2020

Райондук милиция коранавирустун аталган аймакта тарап кетүүсүнүн алдын алуу максатында иш алып барууда.

Элге өздүк гигиенаны сактоо эрежелери үйрөтүлүп, зарыл болбогон учурда үйдөн чыкпоону эскертип жатышат.
Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк, дары-дармек, күйүүчү май ташыган автоунааларга өткөрмө кагаздары берилген. Сатылып жаткан товарлардын кымбаттатып жибербөө максатында соода түйүндөрүнүн алдына бааларын жазып коюу сунушталды. Учурда баалар илинүүдө.

Жумгал районунун аймагында жайгашкан санитардык-карантиндик постто ӨКМ, санитардык эпидемиологиялык бөлүмүнүн кызматкерлери районго кирип чыккан автоунаалардын санын каттап, дезинфекциялоо иштери жасалууда.

Маалымат Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан алынды.

 

 

 

15:26 09.04.2020
15:17 09.04.2020

Адистердин айтымында, препарат коронавирустун кесепетинен улам ооруларды өтүштүрүп жибербегенге жана аны алдын алууга көмөктөшө алат.

 

15:16 09.04.2020

Өлкөдө 34 медкызматкер коронавируска чалдыккан. Алардын арасында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

 

Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр! Министр коронавирус жуктурган медиктерге кайрылды
15:11 09.04.2020

Ал эми төмөндөгү номерлер мурдагыдай эле иштеп жатат:

0550-512-075;
0550-801-026;
0550-368-784;
0550-513-385;
0557-442-355


 

15:10 09.04.2020

АКШ президенти америкалыктардын космосто ресурс алуу укугун бекемдеген буйрукка кол койду. Документте космос "мыйзамдуу жана жеке түрдө адамзат ишмердигинин уникалдуу домени болуп саналат" деп жазылган.

 

Президент США Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Трамп Американы космостун көмөгү менен сактап каларына ишенет. Саресеп
15:08 09.04.2020

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, аларга үй карантининин эрежелери түшүндүрүлгөн. Обсервациядан чыккандар тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

 

 

Карантинный контроль в поликлинике - Sputnik Кыргызстан
Көзөмөлдө болушат! Баткенде обсервациядагы 609 адам үй карантинине чыгарылды
14:38 09.04.2020

Ниязалиев: 2917 адам сырттан алып келинген. Алар Россиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Египеттен, БАЭ, Индиядан, Малайзиядан, Таиланддан, Шри-Ланкадан, Түштүк Кореядан жана башка өлкөлөрдөн келишти. Учурда 42 мамлекетте жарандарыбыз  бар. Алар Азия, Европа өлкөлөрүндө, Түндүк Америкада. 

14:36 09.04.2020

Ниязалиев: 20-мартта ТИМде оперативдүү штаб түзүлгөн Күнү-түнү абалга көз салып, мониторинг жүргүзүлүп, чет жактагы мекендештерге кеңештер берилүүдө. Калган тизме даярдалып штабга берилген.

14:29 09.04.2020

Ниязалиев: Бул аба мейкиндигинин жабылышы, аэропорттордун иштебей калышы менен байланыштуу экенин айтты. Аларды түшүнүп турабыз. 

14:28 09.04.2020

 Ниязалиев: Россия, Кытай, Корея, Кытай, АКШ, Өзбекстан, Бельгия жана бир катар мамлекеттер коронавирустан коргонуу боюнча Кыргызстанга жардам көрсөттү.

14:25 09.04.2020
14:22 09.04.2020

Коровирусту жуктургандар БАЭде – 1, Пакистанда 7, Индияда 1 адам, Испанияда -1 студент, Малайзияда дин мекемесинде окуган 4 студент бар. Алар медиктердин көзөмөлүндө. Ал эми АКШда 8 жаран корнавирус жуктурган деп шектелүүдө.

14:18 09.04.2020
12:47 09.04.2020
12:42 09.04.2020

 "Мамлекеттик жана муниципалдык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, элди тейлейбиз деп пропуск алган мамлекеттик кызматкерлерге кайрылайын дедим эле.

Уруксат кагазын өз кызыкчылыгыңарга колдонгонуңарды, бир адамдын буйругун  аткарганыңарды байкап жатабыз. Муну тыйсаңар. Максат - карантинди такай сактап, ошол пропуск менен калкка азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү. Же элге социалдык, укуктук жактан жардам берүү эле. Бирок андай болбой жатканы аныкталууда. Ары-бери чапкылабагыла!

Экинчиден, товар ташыгандар Ошко барам деп, маселен Аравандан чыгып Өзгөндө жүргөн учурлар кездешип жатат. Бул болбойт. Уруксат кагазы жерди кыдыруу үчүн берилген эмес. Андыктан, тартипти сактайлы!, - деди Нурдинов.

12:31 09.04.2020

Эфир учурунда бир катар жарандардан посттогулар элге сылык мамиле кылышсынчы деген өтүнүч түштү.

"Абдан туура. Бул боюнча автоинспекторлорго, куралдуу күчтөргө, дегеле комендатура аймагында тургандарга дагы айтарым, элге сылык мамиле кылгыла. Негизи, бул боюнча алардын жетекчилери менен сүйлөшуп турабыз", - деп жооп берди Нурдинов.

12:29 09.04.2020

"25-марттан бери Ош облусунун аймагында кылмыштуулук кескин төмөндөдү. Күнүнө 7-10дон чыгып жатканы, аны милиция аныктап, текшерип, тапканы. Криминалдык милиция тыкыр иштеп жатат", - деди Нурдинов. 

12:18 09.04.2020

“Ундун 1900 сом болуп кеткени тууралуу маалыматты бизге бериңиз. Ал эми жардамга берилди деген ундун 1450 сомдон сатылышы мүмкүн эмес. Текшерели”, - деди Нурдинов.

12:18 09.04.2020

Апам, эжем менен умрага барганбыз. Азыр обсервациядабыз. 90 жаштагы энебиз ал жерден кыйналды. Апамдын жанына эжелеримдин бирин жанына кошсок болобу деген суроо узатты.

 

"Жакшы болуп кетишинизди тилейбиз. Бирок бул маселени ички иштер органы чечип, жардам бере албайт. Сиздер эле эмес, биз да медиктердин угуп күн кечирип келип жатабыз. Андыктан медиктердин айтканын угалы, - деди Нурдинов.

12:17 09.04.2020
12:05 09.04.2020

Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери Тамила Нуркамилова умрадан келген кишинин үйүнө ажы тойго барбагандыгын айтып, кат жазган.  

Ситуация в США в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ошто ажы тойго барып кесиптештерине COVID-19 жуктурду деген медик үн катты
11:46 09.04.2020

15 жашка чейинкилер – 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе.
16 жаштан 19 жашка чейин – 11
20 жаштан 35 жашка чейин – 71
35 жаштан 55 жашка чейин – 101
55 жаштан улуулар – 67
 
 

11:23 09.04.2020

Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн:
1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;
2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.

Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:
- дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;
- орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;
- кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;
- нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.

"Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясына жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнө байланыштуу", - деген Саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалынын башчысы Мирлан Атакулов.

11:19 09.04.2020
11:18 09.04.2020

"Борбор калаада өткөн сутка ичинде коменданттык сааттын талаптарын 61 адам бузган. Алардын ичинен 52 эркек жана 9 аял", - деди Орозалиев.

11:16 09.04.2020

Орозалиев: Урматтуу тургундар, баарын терс кабыл албаңыздар, түшүнүү менен мамиле жасаңыздар. Биз өзүбүз жактан абалды көзөмөлгө алуу боюнча болгон аракетти жасайбыз.

11:12 09.04.2020

Орозалиев: Эки аптадан бери өзгөчө абалда иштеп, жашап жатабыз. Бет кап тигип, дагы бири нан жаап, бири-бирине жардам берип жаткандарга ыраазылык билдирем. Ошол күндөрдөн бери шаар жашоочулары башкача жашоонун эрежелерин түшүнө баштады.

11:11 09.04.2020
11:10 09.04.2020
10:50 09.04.2020

 Тепловизордун так көрсөтпөй жатат дегени орчундуу маселе экенин айтышты.

!Тепловизорлор бөлмөнүн температурасына ылайыкталган. Ал суук температурада бир аз так көрсөтпөй калган маселелер болду. Кечээ Кытайдан гумантардык жардам катары тепловизорлор келди. Аппараттын сезгичтиги жогору экендигин көрдүк. Аларды тыштагы тепловизорлорго алмаштырабыз", — деди министрликтин өкүлү.

 

10:48 09.04.2020

Мессенджерлерде "карантин учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда дарыгерлер үймө-үй кыдырып, коронавирусту текшерүүчү тесттерди, ага каршы вакциналарды сунуштайт, бирок анын баары адамга өлүм алып келет" деген маанидеги билдирүүлөр тарап жатат

 

Работа мобильных пунктов вакцинации в Казани - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер үйлөрдү кыдырып, вакцина сайып жүрүшөбү? Министрликтин жообу
10:29 09.04.2020

Тизменин сап башында мурункудай эле АКШ турат. Ал эми оору чыккан Кытайда вирус артка чегинип, илдетке чалдыккандардын саны боюнча Испания, Италия, Германия, Франция озуп кетти.

 Бир жарым миллиондун ичинен 88 538 адам каза болсо, 329 876 киши айыгып чыккан.

 

Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 1,5 млн. кишиге чукулдады
10:28 09.04.2020
10:27 09.04.2020

Каратаев: абалы оор делген 10 адамдын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирөө Ноокат рондук аймактык ооруканасында, төртөө Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканада.

 

10:22 09.04.2020
10:21 09.04.2020

COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдар – 6268 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1058
Башка байланыштар (II категория) – 5210 адам.

 

10:18 09.04.2020

"Обсервацияда жаткандардын шарты боюнча айтсак, башында даяр болбой калдык. Бүгүнкү күндө шарты менен ылайыкташтырып ачканга аракет кылуудабыз жана бул иштерди улантып жатабыз", - деди Каратаев.  

10:15 09.04.2020

"Алардын саны көп. Негизинине инфекционисттер, эпидемиологдор. Негизги күч ушул адистиктерге түшүп жатат", - деди министрдин орун басары Мадемин Каратаев.  

Так санын айткан жок.

10:13 09.04.2020

Алардын ичинен 147 аял, 133ү эркек. Ал эми жаңы табылган 10 учурдагыларды ичинен 3өө аял, жетөө эркек киши.

 

10:12 09.04.2020

Ош облусунда – 98

Жалал-Абад облусунда – 86 адамдан табылды.

10:10 09.04.2020

Жалал-Абад облусунда – 86,
Ош облусунда – 98
Чүй облусунда – 7
Баткен облусунда – 4
Ош ш. – 36
Бишкек ш. – 36
Нарын облусунда – 10
Ысык-Көл облусунда – 3
Медицина кызматкерлери жалпы: 34, жаӊы – 2 учур (Ош ш., Аксы району).

10:10 09.04.2020
10:08 09.04.2020

 Бишкекте – 1
Ош облусу, Ноокат районунда – 1
Ош ш. – 3
Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5



10:07 09.04.2020
10:00 09.04.2020
10:00 09.04.2020
09:41 09.04.2020

Кечээ күнү кечки саат 8:00дөн тарта бүгүн саат 7:00гө чейин Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин бузган 91 киши кармалды. Ал эми 10 унаа атайын токтотмо жайга киргизилгенин.

Маалыматты Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

 

09:37 09.04.2020

"Ар бириңиздер өз дарыгериңиз менен байланышта болуп туруңуздар. Ал эми ден соолугуна байланыштуу тобокелчилиги көбүрөөк аялдар үчүн мобилдик бригада үйүнө барып жардам көрсөтөт. Эгер толгоосу башталып калгандар болсо, Тез жардамды жөнөтөбүз", — деди башкы адис Раиса Асылбашева.

 

 

Больница в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Гинекологдор кош бойлуу аялдарды бейтапканага келтирбей, онлайн кеңеш берет
09:21 09.04.2020

Апрель, май жана июнь айларында россиялыктарга 12 130 рублдан берилет.

 "Эл бул акчаны эч кандай убарасыз, көрүнгөн эшикти каккылабай, дистанттык негизде документтерин даярдап жана тез алгыдай болушу керек”, — деген Путин.

 

Интервью с менеджером по туризму Тимуром Акбашевым - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: Россияда жумушсуз калгандарга жөлөк пул берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0