Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОрус тилинен эказмен берүү. Архив
Орус тилинен эказмен берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ЖРТны онлайн өткөрүүгө мүмкүн эмес экенин, биринчиден буга шарт жок болсо, экинчиден окуучунун ордуна тестти ата-энеси же башка адам тапшырып башаламандык болуп кетерин айтты.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батыракеева билдирди.

Анын айтымында, карантинге жана окуучулардын кезексиз каникулга таратылгандыгына байланыштуу ЖРТны өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылган.

"ЖРТ быйыл өтөт, бирок кайсы убакытка чейин жылганын айта албайбыз. Өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет. Негизи 15-майдан 20-майга чейин болушу керек эле. Бирок убагында өтпөйт, анткени жетишпейбиз. Онлайн түрүндө өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок, жабдуулар жетишсиз. Ал үчүн атайын программа түзүлүш керек болчу. Анын үстүнө биз ар бир окуучуну текшерип турушубуз керек. Монитордун артында баланын өзү отурабы-жокпу, аны көрө албайбыз. Азырынча ага шарт жок. Онлайн өтсө башаламан болуп кетет", — деди Батыракеева.

Батыракеева каттоо жаңы башталганда окуучулар кезексиз каникулга тарап кеткендиктен, ЖРТ тапшырчу бүтүрүүчүлөрдүн санын тактоого мүмкүнчүлүк болбой калганын кошумчалады.

Эске салсак, өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалдан улам мектептер IV чейректи дистанттык түрдө окууга даярданып жатат.

Коронавирус Кыргызстанда

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде IV чейректи дистанттык негизде окутууга даярдыкты улантууда - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды дистанттык окутууга видеосабактар кантип даярдалып жатат? Сүрөт
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0