Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык дарыгер коопсуз костюмчан ооруканада. Архив
Медициналык дарыгер коопсуз костюмчан ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 58ден 84кө чейин жетти. Алар ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 26 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Бишкекте 4, Нарын шаарында 1, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 13 учур катталды. Ушуну менен Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандардын саны 58ден 84кө жетти. 

Учурда алар менен байланышта болгон адамдар аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0