10:25 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Коом
Кыскача шилтеме алуу
12537 0 0

Мындан туура 31 жыл мурун советтик жоокерлер Афганистандан толугу менен чыгып кеткен. 9 жыл бир ай 18 күнгө созулган согушта 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер кан кечип салгылашкан.

15-февраль — афганчылар үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн. Бул күнү алар жоокерлерге, согушта курман болгондорго арналган эстеликке таазим кылган соң бири-бири менен кучакташып, аманчылыгына сүйүнүшөт. Согушка кеткен 7000ден ашуун кыргызстандык жоокердин 254ү курман болуп, бир жарым миңдейи ар түрдүү жаракат алган. 600гө жакыны майып болуп кайткан. Эки кыргызстандык аскерге "Советтер Союзунун баатыры" наамы берилген. Кайтып келгендери Афган согушунда алган психологиялык стресстен ("афган синдрому") улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калды.

Биз бул күндү согуш отун кечип келген жоокерлердин башынан өткөргөн, жүрөк титиреткен түркүн окуялары менен эстөөнү туура көрдүк.

Өмүрбек Раимбабаев: "Афгандык кыргыздар бизди пир тутчу"

Ветеран афганской войны Омурбек Раимбабаев (справа)
© Фото / из личного архива Омурбека Раимбабаева
Өмүрбек Раимбабаев (оңдо). Баглан аймагы.1983-жыл

— 1982-жылы Баглан шаарында, жергиликтүү элден сураштырып отуруп, 50 жаштан өтүп калган бир кыргызды таптым. Ал калаанын ичинде бир кичинекей дүкөндүн ээси экен. Тилекке каршы, атын унутуп калдым.

860-полктун ага сержанты Майрамбек Бектемиров. Архив
© Фото / из личного архива Майрамбека Бектемирова
1920-жылдары анын үй-бүлөсү Фергана өрөөнүнөн Баглан чөлкөмүнө качып барып отурукташып калыптыр. Атасы Ата Журттан кетип жатканда бир баштык топурак ала кеткен экен, өлөр алдында баштыктагы топуракты жети баласына бөлүп бериптир. Мен издеп таап жолуккан киши топуракты мойнуна тумар кылып тагынып жүргөнүн көрдүм. "Убагы келгенде мен дагы тогуз балама бөлүп берем" деп айтканын угуп, абдан жаман болдум. "Ар бир адамга туулган жери — Мисир" деген макал эсиме түштү. Алар бизди пириндей эле көрчү, "чоң кыргыз" дегенин угуп, аябай ыраазы болдум. Болгону 15-20 мүнөттөй баарлаштык.

1983-жылы кеч күздө аскердик кызматымды өтөп бүтүп, кетер алдында кайра жолуктум. Ал ата-энем, бир туугандарыма белек даярдап коюптур. Ошол маалда Союзда дефицит болгон бир нече япон жоолук, бир көйнөк, эки жинсы шым берди. Коштошуп жаткан учурда чөгөлөп тиземди кучактап, "Ата Мекенге салам айта бар" деп аябай ыйлады. Мен да аны кучактап шолоктоп ыйладым. Канча жыл өтсө да ошол афгандык боордошумду эстеген сайын зээним кейийт...

Александр Дмитриев: "Афганистандан алып келген байлыгым он чакты сүрөт"

Ветеран афганской войны Александр Дмитриев
© Фото / из личного архива Александра Дмитриева
Александр Дмитриев Панджшер капчыгайында.1982-жыл

— Согушта ар бир мүнөт менен күндү аябай баалайсың. Себеби ал жерде бир мүнөттөн кийин эмне болоруңду билбейсиң. Ошон үчүн Афганистанда аскердик кызматыбызды өтөп жүргөн учурда бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөргөнгө аракет кылчубуз. Эки ирет жаңы жыл тосконубуз жана башка майрамдарды белгилегенибиз эсимде калды. 1982-жылды Меймене шаарында жана 1983-жылды Панджшер капчыгайында бүт рота чогулуп дасторкон жайып тосуп алганбыз. Ашпозчуларыбыз түрлөп тамак жасашкан. Чала жан гитарабыз бар эле, аны менен ырдай ала тургандар ырдадык. Бишкектик полчаныбыз Сергей Якиманский жарадар болуп, эмгек өргүүгө Кыргызстанга барып фотоапппарат алып келген. Анын фотоаппараты менен Панджшер капчыгайында сүрөткө түшкөнбүз. Андан башка жерде түшкөн сүрөтүбүз жок. Афганистандан алып келген байлыгым ошол он чакты сүрөт болду.

Туратбек Жумабеков: "Командирим мен үчүн периште болду"

Ветеран афганской войны Туратбек Жумабеков (крайний справа)
© Фото / из личного архива Туратбека Жумабекова
Туратбек Жумабеков (оң жакта) жана полчандары.Кабул шаары. 1982-жыл

— 1981-жылы ноябрь айында Пули-Хумри шаарынын жанында автоколоннаны коштоп бара жаткан учурда моджахеддер кол салып, жолдун эки жагынан аткылап жатышты. Автоколоннаны коргош үчүн машинанын үстүнө орнотулган зениткадан улуту орус жолдошубуз Ефимов моджахеддерди көздөй ок чыгара баштады. Аты эсимде жок, Ефим деп койчубуз. Бул зенитканы Советтик Армияда эркелетип зушка дешээр эле. Салгылаш күчөдү. Бир убакта Ефим огу түгөнгөнүн айтты. Теги украин командирибиз, ага лейтенант Александр Седун машинадагы замбиректи октоп көмөк көрсөткүлө деп мага жана литвалык аскерге (анын да аты эсимде жок, Рыжий деп койчубуз) команда берди. Зушканы октоп берип, машинага кайра секирейин деп жатканда бутума ок тийди. Баса албай, жыгылып, түшкөнгө аракет кылдым., бирок күчүм жетпей койду. Боортоктоп жылып машинанын кузовунун бурчуна жашына баштадым. Айлам кеткенде "жардам бергиле!" деп кыйкырдым. Согушкерлер окту мөндүрдөй жаадыргандыктан, эч кимиси жакындай албай койду. Буга карабастан командирим Седун машинанын бир бурчуна жүгүрүп келип, өзү жакка жылып келишимди айтты. Эптеп боортоктоп бардым, Александр мени артына көтөргөн бойдон жүгүрүп, коопсуз жерге жеткизип, ооруну басчу укол сайды. Ошондо Улуу Ата Мекендик согуш учурунда офицерлер салгылаш жүрүп жаткан талаадан оор жарадар болгон жоокерлерин алып чыкканын көрсөткөн көркөм тасмалар эсиме келди. Чынында эле командирим мен үчүн периште болду.

Кубатбек Доолокеев: "Досум Бактыбек баласын Кунар деп атады"

Ветеран афганской войны Кубатбек Доолокеев
© Фото / из личного архива Кубатбека Доолокеева
Кубатбек Доолокеев студентттик курагы.Фрунзе шаары.1985.-жыл

— 1982-жылы май айынын башында Кунар аймагындагы капчыгайда ротабыз моджахеддердин буктурмасына кабылды. Үч күн курчоодо согуштук. Күндүзү бир аз тынч болот. Ал эми түн ичинде булардын чабуулу күчөйт. Үчүнчү күнү ичиме ок тийип, оор жарадар болдум. Мен жардам сурап кыйкырганда, мага көмөк көрсөткөнү жүгүрүп келе жаткан кыргызстандык Бактыбек Абдыкадыров досума да ок тийип кулады. Бир аз убакыттан кийин полчандарыбыз экөөбүздү алып чыгып кетишти. Түн киргенде алар бизди бушлатка салып, бир сааттын ичинде араң ылдый жакка түшүрдү.

Абдыкадыров экөөбүздү Жалал-Абад шаарындагы аскер госпиталына вертолётко салып жөнөтүштү. Андан кийин мени Кабулдагы госпиталда бир аз дарылаган соң Ташкент госпиталына жиберишти. Ошол жерден кокусунан жердешибиз Базаркул Балапанов менен таанышып калдым. Ал ооруканадагы башка кыргызстандыктарды чогултуп келип тааныштыра баштаганда, алардын арасында Бактыбек досум жүрөт. Ошол жерден экөөбүз кучакташып, бири-бирибизди көрүп, сүйүнгөнүбүздөн ыйладык. Бактыбек Афганистандан келгенден кийин уулдуу болуп, атын Кунар деп койду.

Жаныбек Бакиров:  "Баатырга таяк да жарак"

Ветеран афганской войны Жаныбек Бакиров
© Фото / из личного архива Жаныбека Бакирова
Жаныбек Бакиров. Түндүк Афганистан.1981-жыл

— 1982-жылы 10-декабрда биздин рота Саланг ашуусунун жанындагы Саядан кыштагына кирип, моджахеддердин курчоосунда калдык. Ал эми артыбызда келе жаткан минометчиктердин ротасын дагы согушкерлер аткылап жатып токтотушту. Алар бизге жардам бере албай калып, беш жолдошубуз окко учту. Кыргызстандык минометчик Сабыр Анарбаев минометтун астына салына турчу калканга окшош калың темирди аркасына тагынып алып, жааган октон коргонот. Бул темирден ок өтпөгөнүн башка жердешибиз минометчик Сагын Тешебаев байкайт. Ал Сабырга калканың менен октон далдоо болуп бер, ушундан пайдаланып минометту орнотуп, моджахеддерди аткылап полчандарыбызды курчоодон алып чыгалы дейт. Ошентип Анарбаев калканы менен октон калкалап жаткан учурда Тешебаев менен теги тажикстандык өзбек Аваниязов Тукташ соймолоп, боортоктоп, тизелеп жүрүп минометту орнотушат да тура калып согушкерлерди аткылай баштайт. Булардын мындай аракетин көргөн моджахеддер аларга ок чыгара баштаганда эле кайрадан Сабыр калканы менен жардамга келет. Ошол учурда кыштактан биздин ротанын жоокерлери рация боюнча Сагынга снарядды кайсы жерге мээлөө керектигин айтып, багыт берип турушат. Аваниязов менен Тешебаев минометтон аткылап, моджахеддерди бизден алагды кылат. Мындан сырткары, алар минометтон согушкерлерди түтүн чыгарчу бир нече снаряддар менен атат. Ушул түтүндөн пайдаланып ротабыз курчоодон чыгып кетти. Сабыр, Сагын жана Тукташтын жасаган эрдигин көрүп, элибиздин "баатырга таяк да жарак" деген макалы эсиме түштү.

Аскарбек Үмөтбаев: "Кандуу майдандан Союзга “Кара жоогазын” алып келгенимди эч качан унутпайм"

Ветеран афганской войны Аскарбек Уметбаев
© Фото / из личного архива Аскарбека Уметбаева
Прапорщик Аскарбек Үметбаев.Түндүк Афганистан.1986-жыл

— Афганистандагы кан майданга үч ирет катыштым. Адегенде катардагы жоокер, андан кийин прапорщик болуп бардым. Бул согушта каза болгон жолдошторубуздун сөөгү цинк табытка салынып СССРге жөнөтүлчү. Аны “Кара жоогазын” деп атачубуз. Мен үчүн эң оор нерсе “Кара жоогазынды” коштоп үйүнө алып баруу болду. Баш-аягы Афганистанда курман болгон жолдошторумду СССРге сегиз жолу алып келдим. Алардын ата-энеси менен бир туугандарынын сөөктү тосуп алгандагы ыйын укканда жүрөгүм жарылып кете жаздачу.

Такыр эсимен кетпеген бир окуя бар. 1981-жылы полчаным Володя Пономаревдун сөөгүн Чыгыш Украинага үйүнө коштоп бардым. Володянын карындашы "агамды сен өлтүрдүң" деп бетимди канжалатып тытып салды. Ага каршылык көрсөтпөстөн, аскердик тартип боюнча какайып турдум. Понамарев жалгыз уул экен. Сөөгүн койгондон кийин ата-энеси, карындашы жана туугандары менден кечирим сурашты. Володянын жакындары менен бир жума болдум, анын Афганистанда кандай кызмат өтөгөнү жөнүндө айтып бердим. Союз ураганга чейин каза болгон жолдошторумдун ата-энеси жана бир туугандары менен кат жазышып жүрдүм. 1992-жылы Түркмөнстандан Кыргызстанга көчүп келгенимде чөнтөгүмөн алардын адреси жазылган блокнотумду уурдатып жибердим. Тилекке каршы, ошону менен байланыш үзүлүп калды.

Владимир Славский: "Баатырдык билекте эмес, жүрөктө"

Ветеран афганской войны Владимир Славский
© Фото / из личного архива Владимира Славского
149-гвардиялык полкундагы батальондун командири майор Владимир Славский

— 1987-1988-жылдары Афганистанда батальондун командири болдум. Согушта адамдын жакшы-жаман сапаттары билинет. Бир ирет бир операцияда батальонумдун бир ротасы капчыгайдын ичинде моджахеддердин курчоосунда калды. Мен башка капчыгайда элем, алар менен байланыш үзүлүп, ротага артиллерия менен авиациялык жактан көмөк көрсөтө албай калдым. Салгылашта байланыш үзүлсө, бул өлүм деген сөз. Байланышты камсыздоо үчүн бир нече жоокерлерди тоонун чокусуна жибердим. Булардын арасында сержант Мальков бар болчу. Тилекке каршы, аты эсимде жок. Тоонун кыркасына чыгып мага курчоодо калган рота менен байланышты камсыздай баштады. Башкача айтканда, тирүү ретранслятор болду. Бирок согушкерлер аны байкап калып, ага окту мөндүрдөй жаадырышкан. Үч жолу жарадар болгонуна карабай Мальков байланышты камсыздап берди. Анын эрдиги менен рота аман калды. Мындай каармандыгы үчүн жоокеримди “Кызыл Туу” орденине сунуштагам. Ошондо маршал Георгий Жуковдун: “Ушундай сержанттар (аскерлер) менен бирдикте фашисттик Германияны жеңдим”, — деп айтканы эсиме түштү.

Болот Мамбеталиев: "Танкисттердин жарымы кыргызстандык болуп чыкты"

Ветеран афганской войны Болот Мамбеталиев
© Фото / из личного архива Болота Мамбеталиева
Подполковник Болот Мамбеталиев (оң жактан биринчи) ленинграддык экипаж менен. Февраль 1988-жыль

— Адистигим боюнча аскердик учкучмун. Афганистандагы кан майданда үч жыл салгылаштым. СССРдин коргоо министринин буйругу боюнча учкучтар бул согушта бир жыл гана кызмат өтөп, кайра Союзга кайтышчу. Аскердик учкучтардын жумушу абдан оор болгондуктан, жетекчилик ушундай чечим кабыл алган. Акыркы жолу Афганистанга барган учурда №33860 аскердик бөлүктүн командири болдум. Согушта эң кубанычтуу нерсе жердештериң менен жолугушуу эле. Бир ирет Кундуз аймагына фельдбайланыштын прапорщигин алып бараткам. Бул кызматкерлер мамлекеттик өтө жашыруун документтерди ташыйт. Самолеттон прапорщик экөөбүз кыргыз экенибизди билгенде, абдан сүйүндүк. Ал кандашым прапорщик Чолпонбек Беккелдиев экен. Экинчи жолу Кабул шаарына жыйынга бара жаткан учурда жолдун боюнда танктардан турган колоннаны көрүп калдым. Колоннанын жанына келип бир танкисттен кайсыл жерден экендигин сурасам, кыргызстандыкмын деди. Ошол эле маалда жогоруда айтылган жердешибиз "танкисттердин жарымы Кыргызстандан" деди. Анын бул сөзүн укканда абдан сүйүндүм. Убакыт тар болгондуктан, алар менен токтоп сүйлөшө алган жокмун. Ошондуктан колоннанын жанынан өтүп бара жаткан учурда Кыргызстан деп кыйкырсам, жердештерим да мени колдоп Кыргызстан деп кыйкырышты. Бири-бирибизге кол булгалаган бойдон кеттим. Эми сүйүнгөнүмдү айтпа, бул сезимди сөз менен жеткире албайм.

Таалайбек Садыров: "Памир, биз сени багындырдык!"

Ветеран афганской войны Таалай Садыров
© Фото / из личного архива Таалая Садырова
860-полктун офицери Таалайбек Садыров Афганистандын Бадахшан аймагында.Январь айы.1980-жыл

— 1979-жылы декабрь айынын аягында биздин 860-полк советтик Памир аркылуу Афганистандын Бадахшан аймагына кирүү үчүн маршка чыктык. Бул жортуулдун учурунда ар түрдүү кыйынчылыктарга карабастан, эс алуу маалында саясий иштер боюнча кыргызстандык офицер,  досум Азамат Шамырканов, резервисттер Рыспаев жана Зулпукаров агитациялык маалыматтарды берип турушту. Тилекке каршы, бул резервисттердин ысымдары эсимде жок. Мисалы, айта кетсек, алар аскердик баракчалар менен дубал гезиттерди чыгарышчу. Ушул материалдарда кайсы жоокер кандай жакшы сапаттары менен айырмаланганын жазып, чыгарып турду. 1980-жылы январь айынын башында биздин бөлүк Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнө кирди. Бир аскердик рейддин учурунда Файзабад шаарынан Бахарак өрөөнүнө кетчү жолдо Азамат бир асканын боорун карап жактырат. Себеби, ал жогоруда айтылган аскага эки девиз жазууну чечет. Ал Рыспаев, Зулпукаров менен чогуу тоонун бооруна «Советтик жоокер үчүн эч кандай тоскоолдук бөгөт боло албайт» жана «Памир, биз сени багындырдык!» деген сөздөрдү ак  сыр менен жазган. 40 жыл өтсө да бул асканын боорундагы жазылган эки жазуу дагы эле сакталып турат деп Афганистандын Бадахшан аймагына барып келгендер айтып жүрүшөт.

Афган согушу кантип эмнеден улам башталганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуп билсеңиз болот.

Тема боюнча

Милдетти абийирдүү аткардыңар. Жээнбеков афган согушунун ардагерлерин куттуктады
Алышып жүрүп араң жеткен азаттыктын баяны. Афганистан эгемендигин белгилөөдө
Чолпонбайдын эрдигин кайталаган өспүрүм. Полктун унутулгус уул-кыздары
Белгилер:
согуш, жоокер, Аскер, Афган согушу, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ