Абылгазиев ачылышына барган фитнес-борбордон өрт чыкты. Ал кимге таандык?

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт чыккан фитнес-борбор кимге таандык экени белгилүү болду. Анын ачылышына бир ай мурда премьер-министр катышкан эле.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өрт чыккан машыгуучу жай Dasmia эс алуу борборунун фитнес-залы болуп эсептелет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жеринен билдиришти. 

Крупный пожар на складе бытовой техники в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ресторандын аймагынан өрт чыкты. Видео
Өрт бүгүн, 30-ноябрда, саат 09.30дар чамасында чыккан. Куткаруучулар өрттү 1,5 саатта толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатат

Юстиция министрлигиндеги маалыматка караганда, фитнес-борборго Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Турусбек Мамашов (ЖК депутаты Айсулуу Мамашованын атасы) ээлик кылат.

Бир ай мурда фитнес-борбордун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан. Өкмөт башчынын кызыл тасманы кесип жаткан сүрөтү интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0