00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
43 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда маркетингди өнүктүрүүгө багытталган ассоциация түзүлдү. Бул тармактын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам береби?
21:04
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кыргызстанда аралыктан иштеген элчилер институтун киргизүү пландалып жатат. Бул туурасында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев айтты. ТИМ жетекчиси Кулубаев бул дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясында каралганын, тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алышы керектигин билдирди. Анын айтымында, алгачкы аралыктан иштеген элчи Исландияга дайындалышы мүмкүн. Кулубаев белгилегендей, мындай дипломаттар ар бир үч айда бир ирет өкүлчүлүк кылган өлкөгө барып, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Калган убакта Кыргызстанда мамлекеттик органдар менен инвестициялык жана башка долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш алып барышат. Бул дипломатиялык өкүлчүлүк ачып отурбай, ири чыгымды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстанда жыл башынан бери 2 миң 906 майыптыгы бар жаран акысыз санаторий-курорттук дарылоодон өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, алты айдын ичинде дарыланган жарандардын 674ү I топтогу, 2 миң 13ү II топтогу жана 219у III топтогу майыптыгы бар адамдар болду.Алар Көгүлтүр Ысык-Көл санаторийи, Касымбек Мамакеев атындагы жана Воронцовка санаторийи санаторийлеринде дарыланышкан.Министрликтин маалыматына караганда, майыптыгы бар жарандарды санаторий-курорттук жолдомолор менен камсыздоо иштери уланууда. Быйылкы тендерлердин жыйынтыгында кошумча 3 миң 251 жолдомо сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн.Анын ичинен 2 миң 564 орун Мамакеев атындагы профилакторийге, 687 орун «Воронцовка» санаторийине бөлүнөт.Жолдомолор өкмөт тарабынан бекитилген тартипке ылайык жарандарга кезек менен берилет.
Россиянын аймагында эмгектенип жана жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны акыркы убакта көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Тышкы иштер министрлигинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелине карата ал жактагы кыргызстандыктардын саны 502 миң 242 адамды түздү. Былтыр ушул эле мезгилде жарандардын саны 472 миң болчу.
Украина АКШдан расмий лицензия алган күндө дагы Patriot зениттик-ракеталык комплекси үчүн ракета өндүрүшүн жолго коюуга кеминде 3-4 жыл убакыт керектелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өндүрүштү локалдаштыруу боюнча буга чейинки программаларды талдоонун негизинде билдирди. Агенттик бир нече өлкөнүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, коргонуу өнөр жайы өнүккөн жана тынчтык өкүм сүргөн шартта да лицензиялык өндүрүштү ишке киргизүү бир нече жылды алат деген жыйынтыкка келген. Маселен, Япония PAC-3 модификациясындагы ракеталарды чыгаруу боюнча меморандумга 2005-жылы кол койгон, ал эми алгачкы ийгиликтүү сыноо 2009-жылы гана ишке ашкан. Ошондой эле 2024-жылдын январында НАТО Германиянын COMLOG консорциуму менен Европада GEM-T ракеталарын өндүрүүнү кеңейтүү боюнча келишим түзгөн. Бирок бир жылдан кийин компаниянын башчысы өндүрүш 2026-жылдын аягында гана башталарын, ал эми алгачкы жеткирүүлөр 2027-жылдан эрте күтүлбөй турганын билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 01 тыйынга юань 12 сом 90 тыйынга рубль 1 сом 13 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 79 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. Дизель майы литрине 93 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 45 сом 70 тыйындын тегерегинде сатылууда.
14-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Шейшембиде өлкө аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34...+39, Таласта +31...+36, Ысык-Көл +23...+28, Нарын регионунда +21...+26 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ош калаасында +37...+39, Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0