https://sputnik.kg/20260713/1102376601.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган жаңы мыйзамдардын кыргызстандыктарга кандай таасир этерин... 13.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-13T08:59+0600
2026-07-13T08:59+0600
2026-07-13T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102376435_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81142618f41dfae344c9ab5ca19ddd37.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган жаңы мыйзамдардын кыргызстандыктарга кандай таасир этерин түшүндүрдү.Министрликтин Тышкы миграция башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, жеке киреше салыгы боюнча алдын ала белгиленген төлөм тууралуу талап патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү. Ал эми кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россияда юридикалык жактарда эмгек келишими менен иштегендиктен, бул норма аларга тиешелүү болбойт. Ошол эле учурда кыргызстандыктарга жашоо минимумунан төмөн эмес кирешени ырастоо талабы толук бойдон колдонулат. Бул талап мигрант өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздай аларын далилдөөгө милдеттендирет. Анын аткарылышы салык жана башка мамлекеттик органдардын санариптик маалымат алмашуусу аркылуу көзөмөлдөнөт.үй-бүлөнүн 18 жашка толгон мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетиши же макамын өзгөртүшү керек деген талап кыргызстандыктарга да тиешелүү. Бирок ЕАЭБдин алкагындагы жеңилдетилген тартипке ылайык, алар патент албай эле эмгек келишимин түзүп, өз алдынча кызматкер макамына өтө алышат. Мындан тышкары, Россиядан чыкпай туруп эле келүү максатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. патентти жокко чыгаруу тууралуу норма кыргызстандыктарга түздөн-түз тиешелүү эмес. Бирок эгер мигрант өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздоого жетиштүү кирешеси бар экенин документ менен тастыктай албаса, аны өлкөдөн чыгарып салганга чейинки чаралар колдонулушу мүмкүн.
Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Х социалдык тармагында Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченконун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.Буга чейин Шевченко өлкө жетекчилигинин бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган. Улуттук банктын мурдагы башчысы өз билдирүүсүндө Зеленскийдин режими менен байланышы болушу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде украиналык ишкер Вадим Ермолаевдин өлүмүн тизмектеп өткөн. Шевченко Киев өзүнүн оппоненттерине каршы кандай гана ыкма болбосун колдонууга даяр экенин баса белгилеген.Июндун аягында Монакодо жарылуу болуп, андан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын жубайы жана уулу жабыркаган.Интерполдун маалыматы боюнча, бул кылмышты уюштурууга 30 жаштагы Украинанын жараны шектелүүдө. Ал имараттын кире беришине жардыргыч зат салынган рюкзакты калтырып кеткени айтылууда. Кийинчерээк украиналык маалымат каражаттары шектүү аялдын сөөгү Киевдин четинен табылганын кабарлашкан. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы расмий түрдө тастыктады.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган жаңы мыйзамдардын кыргызстандыктарга кандай таасир этерин түшүндүрдү.Министрликтин Тышкы миграция башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, жеке киреше салыгы боюнча алдын ала белгиленген төлөм тууралуу талап патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү. Ал эми кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россияда юридикалык жактарда эмгек келишими менен иштегендиктен, бул норма аларга тиешелүү болбойт. Ошол эле учурда кыргызстандыктарга жашоо минимумунан төмөн эмес кирешени ырастоо талабы толук бойдон колдонулат. Бул талап мигрант өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздай аларын далилдөөгө милдеттендирет. Анын аткарылышы салык жана башка мамлекеттик органдардын санариптик маалымат алмашуусу аркылуу көзөмөлдөнөт.үй-бүлөнүн 18 жашка толгон мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетиши же макамын өзгөртүшү керек деген талап кыргызстандыктарга да тиешелүү. Бирок ЕАЭБдин алкагындагы жеңилдетилген тартипке ылайык, алар патент албай эле эмгек келишимин түзүп, өз алдынча кызматкер макамына өтө алышат. Мындан тышкары, Россиядан чыкпай туруп эле келүү максатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. патентти жокко чыгаруу тууралуу норма кыргызстандыктарга түздөн-түз тиешелүү эмес. Бирок эгер мигрант өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздоого жетиштүү кирешеси бар экенин документ менен тастыктай албаса, аны өлкөдөн чыгарып салганга чейинки чаралар колдонулушу мүмкүн.Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Х социалдык тармагында Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченконун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.Буга чейин Шевченко өлкө жетекчилигинин бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган. Улуттук банктын мурдагы башчысы өз билдирүүсүндө Зеленскийдин режими менен байланышы болушу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде украиналык ишкер Вадим Ермолаевдин өлүмүн тизмектеп өткөн. Шевченко Киев өзүнүн оппоненттерине каршы кандай гана ыкма болбосун колдонууга даяр экенин баса белгилеген.Июндун аягында Монакодо жарылуу болуп, андан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын жубайы жана уулу жабыркаган.Интерполдун маалыматы боюнча, бул кылмышты уюштурууга 30 жаштагы Украинанын жараны шектелүүдө. Ал имараттын кире беришине жардыргыч зат салынган рюкзакты калтырып кеткени айтылууда. Кийинчерээк украиналык маалымат каражаттары шектүү аялдын сөөгү Киевдин четинен табылганын кабарлашкан. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы расмий түрдө тастыктады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102376435_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fab8d07bea97c7c3de04659a47f34155.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 13.07.2026 (Жаңыртылды: 09:16 13.07.2026) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган жаңы мыйзамдардын кыргызстандыктарга кандай таасир этерин түшүндүрдү.Министрликтин Тышкы миграция башкармалыгынын башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, жеке киреше салыгы боюнча алдын ала белгиленген төлөм тууралуу талап патент менен иштеген чет элдиктерге гана тиешелүү. Ал эми кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Россияда юридикалык жактарда эмгек келишими менен иштегендиктен, бул норма аларга тиешелүү болбойт. Ошол эле учурда кыргызстандыктарга жашоо минимумунан төмөн эмес кирешени ырастоо талабы толук бойдон колдонулат. Бул талап мигрант өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздай аларын далилдөөгө милдеттендирет. Анын аткарылышы салык жана башка мамлекеттик органдардын санариптик маалымат алмашуусу аркылуу көзөмөлдөнөт.үй-бүлөнүн 18 жашка толгон мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кетиши же макамын өзгөртүшү керек деген талап кыргызстандыктарга да тиешелүү. Бирок ЕАЭБдин алкагындагы жеңилдетилген тартипке ылайык, алар патент албай эле эмгек келишимин түзүп, өз алдынча кызматкер макамына өтө алышат. Мындан тышкары, Россиядан чыкпай туруп эле келүү максатын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. патентти жокко чыгаруу тууралуу норма кыргызстандыктарга түздөн-түз тиешелүү эмес. Бирок эгер мигрант өзүн жана үй-бүлөсүн камсыздоого жетиштүү кирешеси бар экенин документ менен тастыктай албаса, аны өлкөдөн чыгарып салганга чейинки чаралар колдонулушу мүмкүн.
Франциянын “Патриоттор” партиясынын лидери Флориан Филиппо Украинада бийликти алмаштыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу саясатчы Х социалдык тармагында Украинанын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Кирилл Шевченконун билдирүүсүнө комментарий берип жатып жазды.Буга чейин Шевченко өлкө жетекчилигинин бир катар кылмыштарга тиешеси бар деп айыптаган. Улуттук банктын мурдагы башчысы өз билдирүүсүндө Зеленскийдин режими менен байланышы болушу мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттерди, анын ичинде украиналык ишкер Вадим Ермолаевдин өлүмүн тизмектеп өткөн. Шевченко Киев өзүнүн оппоненттерине каршы кандай гана ыкма болбосун колдонууга даяр экенин баса белгилеген.Июндун аягында Монакодо жарылуу болуп, андан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын жубайы жана уулу жабыркаган.Интерполдун маалыматы боюнча, бул кылмышты уюштурууга 30 жаштагы Украинанын жараны шектелүүдө. Ал имараттын кире беришине жардыргыч зат салынган рюкзакты калтырып кеткени айтылууда. Кийинчерээк украиналык маалымат каражаттары шектүү аялдын сөөгү Киевдин четинен табылганын кабарлашкан. Бул маалыматты Украинанын Башкы прокуратурасы расмий түрдө тастыктады.