https://sputnik.kg/20260714/1102400318.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел 466 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 үйгө кирген. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук... 14.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-14T11:00+0600
2026-07-14T11:00+0600
2026-07-14T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102400152_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_654566bd8606e6f1cc8a759c8d62cd39.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел 466 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 үйгө кирген. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, мындан сырткары, төрт кафе, мечит, автоунаа оңдоочу беш жай, эки автоунаа жууган жер жана бала бакчанын короосу да сууда калган.Келтирилген кесепетти жоюуга жалпы 451 кызматкер 22 оор инженердик техника менен чыгып, тазалап жатат. Белгилей кетсек, кечээги катуу нөшөрдөн кийин Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда, шаарларында сел жүргөн. Бактыга жараша, кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата маданият тармагынын кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилерин маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, буга чейин да министрликтин кызматкерлери кезеги менен ипотека аркылуу батир алып келишкен. "Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кызматкерлерди турак жай менен камсыздоодо Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иш алып барууда. Мында кызматкерлер МИК аркылуу кезекке туруп, турак жай алса болот. Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата биздин көп кызматкерлерибиз турак жайлуу болот деген үмүттө турабыз", - деди министр.
Россиянын аймагында эмгектенип жана жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны акыркы убакта көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Тышкы иштер министрлигинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелине карата ал жактагы кыргызстандыктардын саны 502 миң 242 адамды түздү. Былтыр ушул эле мезгилде жарандардын саны 472 миң болчу.Кулукеева белгилегендей, орус тарап коопсуздук чараларын күчөтүп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө карата талаптарды катуулаткандыктан, кыргыз жарандары азыр документ иштерине абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылып, эрежелерди так аткарууга үйрөнө башташты.Учурда кыргыз тарап РФ ИИМи жана тиешелүү кызматтары менен ай сайын жолугушууларды өткөрүп, мигранттар боюнча маселелерди жогорку деңгээлде чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.
Америка Кошмо Штаттары Перс булуңундагы мамлекеттерди коргоп, чыгымга кириптер болгону үчүн кенемте алышы керек. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамп жар салганын РИА Новости жазды."Чыгымдардын орду толтурулушу керек, себеби биз дүйнөнүн эң бай бөлүгүн коргоп жатабыз. Акчабыз кетип жатат, андыктан коргогонубуз үчүн тарткан зыянды жаап беришсин. Биз жардам көрсөтүп келгендер эми акча төлөшөт. Мисал катары алсак, алар: Сауд Арабдары, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, андан башка да өлкөлөр бар", — деп Трамп журналисттерге айткан. Трамп дүйшөмбү күнү АКШ Ормуздагы кооптуулукту сактап, ал үчүн акча аларын билдирген. Буга жооп кылган Тегеран Ормуз кысыгындагы кырдаалга Вашингтондун кийлигишүүсүнө жол бербестигин айткан.Америкалык аскерлер 8-июлда Иранга чабуулун кайра жаңылаган. Американын Аба күчтөрүнүн борбордук командачылыгы бул Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге жасаган кадамдарына жасалган жооп деген. Мындан кийин Иран козголуп, АКШнын Кувейттеги, Бахрейндеги жана Иорданиядагы базаларын аткылаган.
Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел 466 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 үйгө кирген. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди. Маалымдалгандай, мындан сырткары, төрт кафе, мечит, автоунаа оңдоочу беш жай, эки автоунаа жууган жер жана бала бакчанын короосу да сууда калган.Келтирилген кесепетти жоюуга жалпы 451 кызматкер 22 оор инженердик техника менен чыгып, тазалап жатат. Белгилей кетсек, кечээги катуу нөшөрдөн кийин Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда, шаарларында сел жүргөн. Бактыга жараша, кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген эмес.Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата маданият тармагынын кызматкерлерине ипотекалык турак жайлар берилерин маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, буга чейин да министрликтин кызматкерлери кезеги менен ипотека аркылуу батир алып келишкен. "Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кызматкерлерди турак жай менен камсыздоодо Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иш алып барууда. Мында кызматкерлер МИК аркылуу кезекке туруп, турак жай алса болот. Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата биздин көп кызматкерлерибиз турак жайлуу болот деген үмүттө турабыз", - деди министр.Россиянын аймагында эмгектенип жана жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны акыркы убакта көбөйгөнү байкалды. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева Тышкы иштер министрлигинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Россиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-апрелине карата ал жактагы кыргызстандыктардын саны 502 миң 242 адамды түздү. Былтыр ушул эле мезгилде жарандардын саны 472 миң болчу.Кулукеева белгилегендей, орус тарап коопсуздук чараларын күчөтүп, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө карата талаптарды катуулаткандыктан, кыргыз жарандары азыр документ иштерине абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылып, эрежелерди так аткарууга үйрөнө башташты.Учурда кыргыз тарап РФ ИИМи жана тиешелүү кызматтары менен ай сайын жолугушууларды өткөрүп, мигранттар боюнча маселелерди жогорку деңгээлде чечүү боюнча иш жүргүзүүдө.Америка Кошмо Штаттары Перс булуңундагы мамлекеттерди коргоп, чыгымга кириптер болгону үчүн кенемте алышы керек. Бул туурасында АКШнын президенти Дональд Трамп жар салганын РИА Новости жазды."Чыгымдардын орду толтурулушу керек, себеби биз дүйнөнүн эң бай бөлүгүн коргоп жатабыз. Акчабыз кетип жатат, андыктан коргогонубуз үчүн тарткан зыянды жаап беришсин. Биз жардам көрсөтүп келгендер эми акча төлөшөт. Мисал катары алсак, алар: Сауд Арабдары, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар, андан башка да өлкөлөр бар", — деп Трамп журналисттерге айткан. Трамп дүйшөмбү күнү АКШ Ормуздагы кооптуулукту сактап, ал үчүн акча аларын билдирген. Буга жооп кылган Тегеран Ормуз кысыгындагы кырдаалга Вашингтондун кийлигишүүсүнө жол бербестигин айткан.Америкалык аскерлер 8-июлда Иранга чабуулун кайра жаңылаган. Американын Аба күчтөрүнүн борбордук командачылыгы бул Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге жасаган кадамдарына жасалган жооп деген. Мындан кийин Иран козголуп, АКШнын Кувейттеги, Бахрейндеги жана Иорданиядагы базаларын аткылаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102400152_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_565c845e66152a916aaeedebea620131.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио