00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Таберик
17:05
43 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда маркетингди өнүктүрүүгө багытталган ассоциация түзүлдү. Бул тармактын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам береби?
15:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан эт өндүрүүнүн өсүшү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында өлкөдө 646 миң 400 тонна эт (канаттуулардын этин кошкондо) өндүрүлгөн, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,8 пайызга көп. Өсүү темпи боюнча кийинки орунда Казакстан турат — 3,7 пайыз. Эт өндүрүүнүн көбөйүшү Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон бардык мамлекеттерде катталган.
Кыргызстанда өстүрүлгөн болгар калемпири быйыл ички рыноктон тышкары Россияга жана коңшу өлкөлөргө экспорттолот. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, «Жарык ынтымак» кооперативинде калемпирдин биринчи терими башталганы турат. Кооператив 600 гектардан ашык жерде айыл чарба продукциясын өстүрүп, анын негизги багытын болгар калемпири түзөт.Учурда талааларда «Ласточка», «Полет» жана «Лидер» сорттору өстүрүлүүдө. Тамчылатып сугаруу системасы жана заманбап агротехнологиялардын жардамы менен гектарынан 20 тоннадан ашык түшүм алуу пландалууда.Өндүрүлгөн продукция ички рынокту камсыздоодон тышкары Россияга жана коңшу мамлекеттерге экспорттолот. Кооперативде калемпирден сырткары жүгөрү, пияз жана башка өсүмдүктөр да өстүрүлөт.
Кыргызстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы +43 градуска чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Синоптиктердин маалыматы боюнча, аптаптуу ысык 14-июлдан 18-июлга чейин созулат. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде аптап 41…43 градуска чейин жетиши күтүлүүдө. Мындай ченемден тышкары ысыкта түз тийген күндүн нурунан качуу, айыл чарба өсүмдүктөрүн жакшылап сугарып туруу сунушталат.
Россиянын украиналык аскердик объектилерге жасаган так соккулары жана Константиновканы көзөмөлгө алышы Владимир Зеленскийдин кан басымын көтөрүүдө. Бул тууралуу "Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев билдирди. "Биздин фронттогу чабуулубуз токтогон жок, ошол эле учурда бандеровчулардын аскердик жайларын ракета жана дрондор менен бомбалоо аябай күчөдү", — деп Киселев айтканын "Вести" кызматы кабарлады. Башкы директор Россиянын аймагына да украиналык дрондор жетип жатканын кошумчалап, бирок алардын ортосундагы айырманы түшүнүүгө чакырды. "Биз үчүн бул — убактылуу ыңгайсыздык, ал эми укронацисттер үчүн — өлүмгө алып келе турган оор жарааттар", — деди ал. Киселев ошондой эле Украинанын аскердик ооруктарына жасалган так соккулар жана Константиновканын алынышы Киевдин узурпаторунун кан басымын көтөрүп жатканын белгиледи. Зеленский ишемби күнү Украинанын абадан коргонуу тутуму Россиянын баллистикалык ракеталарына туруштук бере албай жатканын моюнга алып, Батышка кайрадан жардам сурап кайрылды. Ал ушул түнү Киевдеги буталарга карай атылган мындай класстагы алты ракетанын бирөөсүн да атып түшүрүүгө мүмкүн болбогонун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0