https://sputnik.kg/20260714/1102407611.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мунай заттарын импорттоого берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып, айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга коюлган тыюуну күчүндө калтырды.Ага... 14.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-14T15:00+0600
2026-07-14T15:00+0600
2026-07-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102407445_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_310a99dce6bc000450e4365b2fb016c8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети мунай заттарын импорттоого берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып, айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга коюлган тыюуну күчүндө калтырды.Ага ылайык, автотранспорт аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды алып келүүгө уруксат 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Буга чейинки мөөнөт 2026-жылдын 30-сентябрына чейин болчу. Ошол эле учурда мунай жана мунай заттарын өлкөдөн экспорттоого болбойт. Ал ички рынок толук камсыз болгуча же Евразия экономикалык биримдигинин жалпы рыноктору иштей баштаганга чейин күчүндө болот.Мазут, нафта үчүн өзгөчө шарт каралган. Алар өкмөттүн өзүнчө чечими менен экспорттолушу мүмкүн, бирок кайра иштетилген, колдонууга даяр заттар өлкөгө кайтарылышы керек. Бул талаптар автоунаалардын заводдон орнотулган күйүүчү май бактарына тиешелүү эмес.
Ноокен районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.Буга чейин нөшөрдөн улам Кочкор-Ата шаарында, ошондой эле Бостон, Курулуш жана Көп-Там айылдарында сел каптаганы кабарланган.Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалымдалгандай, сот анын баш коргоо чарасын 13-июлда карап, 16-сентябрга чейин камакта калтырды. Ички иштер министрлиги 1-апрелде Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция, анын ичинде мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилгени боюнча шектелип кармалганын билдирген. УКМКнын мурдагы төрагасынын иниси суракта "Кыргыз нефтегазда" мунай бар экендигин угуп, алар менен нефть сатып алабыз деп келишим түзүүгө барганын айткан. Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган. Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган болчу. Сот анын бөгөт коргоо чарасын 15-майда дагы эки айга узарткан.
Кыргызстанда интернет аркылуу жасалган сооданы көзөмөлдөгөн электрондук оператор түзүлөт. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборундагы брифингдин катышуучулары билдиришти. Жаңы оператор интернет-сооданы бажылык тариздөө жана товарларды кайтаруу иштерине толугу менен жооп берет дешти.Анын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: маркетплейстерден товарлардын баасы тууралуу маалымат алуу; электрондук соода үчүн жаңы өзүнчө декларация тапшыруу; бажы төлөмдөрүн кабыл алып, бюджетке которуу; сапаты талапка жооп бербеген товарларды кайтаруу процессин камсыздоо.Учурда бул институт сынамык тартипте иштеп жатат. Бардык ченемдер ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүү жасаган протоколду мүчө мамлекеттер ратификациялагандан кийин күчүнө толук кирет.Чет өлкөдөн сатып алынган товарлар үчүн бажы төлөмүсүз чек 200 еврону түзөт. Эгер суммасы андан ашып кетсе, 5 пайыз өлчөмүндө бажы алымы төлөнөт, бирок ал ар бир килограмм үчүн 1 евродон кем болбойт. Мындан тышкары, ар бир килограмм үчүн 6 сом өлчөмүндө бажы жыйымы алынат.
Министрлер кабинети мунай заттарын импорттоого берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн узартып, айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга коюлган тыюуну күчүндө калтырды.Ага ылайык, автотранспорт аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды алып келүүгө уруксат 2027-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Буга чейинки мөөнөт 2026-жылдын 30-сентябрына чейин болчу. Ошол эле учурда мунай жана мунай заттарын өлкөдөн экспорттоого болбойт. Ал ички рынок толук камсыз болгуча же Евразия экономикалык биримдигинин жалпы рыноктору иштей баштаганга чейин күчүндө болот.Мазут, нафта үчүн өзгөчө шарт каралган. Алар өкмөттүн өзүнчө чечими менен экспорттолушу мүмкүн, бирок кайра иштетилген, колдонууга даяр заттар өлкөгө кайтарылышы керек. Бул талаптар автоунаалардын заводдон орнотулган күйүүчү май бактарына тиешелүү эмес.Ноокен районуна селден улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.Буга чейин нөшөрдөн улам Кочкор-Ата шаарында, ошондой эле Бостон, Курулуш жана Көп-Там айылдарында сел каптаганы кабарланган.Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалымдалгандай, сот анын баш коргоо чарасын 13-июлда карап, 16-сентябрга чейин камакта калтырды. Ички иштер министрлиги 1-апрелде Шаирбек Ташиев "Кыргызнефтегаздагы" коррупция, анын ичинде мамлекетке 4,1 миллиард сом зыян келтирилгени боюнча шектелип кармалганын билдирген. УКМКнын мурдагы төрагасынын иниси суракта "Кыргыз нефтегазда" мунай бар экендигин угуп, алар менен нефть сатып алабыз деп келишим түзүүгө барганын айткан. Эске салсак, 16-мартта Салык кызматы "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схема тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда ортомчу схемалар жана чийки затты шектүү эсептен чыгаруулардан улам ишкана болжол менен 4,18 миллиард сом зыян тартканы белгиленген. Ошондой эле бул схемаларга Ташиевдин туугандары, үй-бүлөсүнүн катышы бар экени айтылган. Мындан улам "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупцияга шектелип кармалган төрт адам 16-майга чейин №1 тергөө абагына камалган болчу. Сот анын бөгөт коргоо чарасын 15-майда дагы эки айга узарткан. Кыргызстанда интернет аркылуу жасалган сооданы көзөмөлдөгөн электрондук оператор түзүлөт. Бул тууралуу Sputnik маалымат борборундагы брифингдин катышуучулары билдиришти. Жаңы оператор интернет-сооданы бажылык тариздөө жана товарларды кайтаруу иштерине толугу менен жооп берет дешти.Анын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: маркетплейстерден товарлардын баасы тууралуу маалымат алуу; электрондук соода үчүн жаңы өзүнчө декларация тапшыруу; бажы төлөмдөрүн кабыл алып, бюджетке которуу; сапаты талапка жооп бербеген товарларды кайтаруу процессин камсыздоо.Учурда бул институт сынамык тартипте иштеп жатат. Бардык ченемдер ЕАЭБдин Бажы кодексине өзгөртүү жасаган протоколду мүчө мамлекеттер ратификациялагандан кийин күчүнө толук кирет.Чет өлкөдөн сатып алынган товарлар үчүн бажы төлөмүсүз чек 200 еврону түзөт. Эгер суммасы андан ашып кетсе, 5 пайыз өлчөмүндө бажы алымы төлөнөт, бирок ал ар бир килограмм үчүн 1 евродон кем болбойт. Мындан тышкары, ар бир килограмм үчүн 6 сом өлчөмүндө бажы жыйымы алынат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102407445_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b7168286a5ed117ea969d4e80d80aed6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио