https://sputnik.kg/20260713/1102379749.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөт көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылы ар бир 1000 тургунга 19,1 ымыркай туура келген, бул... 13.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-13T11:00+0600
2026-07-13T11:00+0600
2026-07-13T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102379583_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbc0bfd4a431374504969db1d2a82689.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрөт көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылы ар бир 1000 тургунга 19,1 ымыркай туура келген, бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 пайызга аз. Ушул убакыттын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны 150 миңден 140,5 миңге чейин азайган. Ал эми 2025-жылга карата алсак, келиндердин биринчи же кезектеги баласын төрөгөн орточо жашы 28,5ти түздү. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу аялдардын бир аз кечирээк төрөй баштаганын көрсөтөт. Буга чейин Улуттук статком өлкөдө төрөттүн орточо коэффициенти төмөндөгөнүн кабарлаган. Мекеменин маалыматы боюнча, шаарлардагы көрсөткүч айыл жергесине караганда төмөн.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер электр энергиясын өндүрүүдө күн, шамал, суу жана атом энергиясын көбүрөөк колдонууга басым жасашууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, биримдиктин алдындагы негизги максаттардын бири — мунай менен газга болгон көз карандылыкты азайтуу болуп саналат. Муну менен катар ЕАЭБ аймагында энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири колдонуу пландалууда. Кожошев ошондой эле биримдикке мүчө өлкөлөр энергетика тармагындагы өз ара кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүп жатканын белгиледи. Учурда келечекте интеграцияны бекемдей турган жалпы энергетикалык рынокту түзүү багытында активдүү иштер жүрүп жатат.
Ат-Башыда ток менен балык уулады деген чет элдиктер кармалды Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунда балыкты ток менен уулады деген чет элдик жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук ИИБ кабарлады. Эске салсак, кечээ Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган. “Райондук милиция алардын ким экенин аныктап, тергөө кызматына жеткиришти. Чет элдиктер автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып коюшкан”, — деп айтылат маалыматта. Учурда унаа айып короого киргизилип, тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте териштирүү жүрүп жатат.
Иран АКШнын Иорданиядагы ракета кампаларына сокку урду Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ тарабынан колдонулган Иорданиядагы "Принц Хасан" авиабазасына, ошондой эле Бахрейндеги АКШ базасындагы учкучсуз учактарды башкаруучу командалык борборго жана оңдоо базаларына сокку урулганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ошондой эле жооп кайтаруу чабуулунун биринчи этабында Иорданияда жайгашкан базадагы бир нече ири ракета кампаларына ракеталар жана учкучсуз учактар менен сокку урулганын билдирди. Мындан сырткары, Бахрейндеги америкалык базада жайгашкан тик учактарды оңдоо базалары, учак ангарлары жана учкучсуз учактарды башкаруучу командалык борбор чабуулга кабылган. Буга чейин дүйшөмбүгө караган түнү АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Иранга жаңы соккулар урулганын жарыялаган. Чабуул жасоо буйругун президент Дональд Трамп берген.
Кыргызстанда төрөт көрсөткүчү төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылы ар бир 1000 тургунга 19,1 ымыркай туура келген, бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 13 пайызга аз. Ушул убакыттын ичинде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны 150 миңден 140,5 миңге чейин азайган. Ал эми 2025-жылга карата алсак, келиндердин биринчи же кезектеги баласын төрөгөн орточо жашы 28,5ти түздү. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу аялдардын бир аз кечирээк төрөй баштаганын көрсөтөт. Буга чейин Улуттук статком өлкөдө төрөттүн орточо коэффициенти төмөндөгөнүн кабарлаган. Мекеменин маалыматы боюнча, шаарлардагы көрсөткүч айыл жергесине караганда төмөн.Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер электр энергиясын өндүрүүдө күн, шамал, суу жана атом энергиясын көбүрөөк колдонууга басым жасашууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Анын айтымында, биримдиктин алдындагы негизги максаттардын бири — мунай менен газга болгон көз карандылыкты азайтуу болуп саналат. Муну менен катар ЕАЭБ аймагында энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири колдонуу пландалууда. Кожошев ошондой эле биримдикке мүчө өлкөлөр энергетика тармагындагы өз ара кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүп жатканын белгиледи. Учурда келечекте интеграцияны бекемдей турган жалпы энергетикалык рынокту түзүү багытында активдүү иштер жүрүп жатат. Ат-Башыда ток менен балык уулады деген чет элдиктер кармалды Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунда балыкты ток менен уулады деген чет элдик жарандар аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу облустук ИИБ кабарлады. Эске салсак, кечээ Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган. “Райондук милиция алардын ким экенин аныктап, тергөө кызматына жеткиришти. Чет элдиктер автоунаасынын капталындагы жазууларды сыйрып, мамлекеттик номерин алып коюшкан”, — деп айтылат маалыматта. Учурда унаа айып короого киргизилип, тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте териштирүү жүрүп жатат.Иран АКШнын Иорданиядагы ракета кампаларына сокку урду Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШ тарабынан колдонулган Иорданиядагы "Принц Хасан" авиабазасына, ошондой эле Бахрейндеги АКШ базасындагы учкучсуз учактарды башкаруучу командалык борборго жана оңдоо базаларына сокку урулганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ислам революциясынын сакчылар корпусу ошондой эле жооп кайтаруу чабуулунун биринчи этабында Иорданияда жайгашкан базадагы бир нече ири ракета кампаларына ракеталар жана учкучсуз учактар менен сокку урулганын билдирди. Мындан сырткары, Бахрейндеги америкалык базада жайгашкан тик учактарды оңдоо базалары, учак ангарлары жана учкучсуз учактарды башкаруучу командалык борбор чабуулга кабылган. Буга чейин дүйшөмбүгө караган түнү АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Иранга жаңы соккулар урулганын жарыялаган. Чабуул жасоо буйругун президент Дональд Трамп берген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102379583_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3ff5518e47e8dcc561d4440d8a1e0388.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио