00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Особый акцент
Загар и рак кожи — дерматолог о рисках, SPF и о том почему безопасного загара не существует
14:05
60 мин
Ачык кеп
Эркектик бези — эркектин жүрөгү : Эркектер көп кабылган простатитти минералдык жолдор менен дарылоо мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы долбоорлорун кабыл алуу уланат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Sputnik агенттигине билдирди.Анын айтымында, гимн боюнча иш Жогорку Кеңештин тапшырмасынын негизинде жүрүп жатат."Бул үчүн атайын комиссия түзүлүп, учурда жаңы долбоорлор кабыл алынууда. Комиссиянын иш мөөнөтү Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына байланыштуу узартылган", — деди ал. Эске салсак, буга чейин жаңы гимнди тандоо боюнча жарыяланган сынакка 603 автор катышып, жалпысынан 902 долбоор сунушталган. Алардын ичинен үч вариант тандалып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Бирок депутаттар сунушталган варианттардын бирин да жактырган эмес. Ага чейин айрым депутаттар гимнди өзгөртүү демилгесинен баш тартууну сунуштаган.
Бишкекте жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөөлөр дале күчүндө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 20-майдан 1-октябрга чейин саат 9:00дөн 19:00гө чейин абанын күндүзгү температурасы 28 градус жана андан жогору болгон учурда унаа жолдордо жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул чектөөлөр жол катмарын сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында киргизилген. Мындан улам айдоочулар жана транспорттук компаниялар каттамдарды пландаштырууда талаптарды эске алуусу шарт.
Башкы прокурор Малик Бектурганов курулуш тармагында иш жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү менен жолукту. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуу ишкердикти коргоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун, ошондой эле мамлекеттик органдардын бизнестин ишине негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөөгө багытталды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан жер тилкелерин берүүдө, уруксат берүүчү документтерди тариздөөдө, курулуш долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүдө жана контролдук-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырууда мыйзам талаптарынын сакталышы маселелери каралды. "Административдик жол-жоболордун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышына, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө, ошондой эле Кыргызстандын президентинин ишкердик субъекттерине карата текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторий жөнүндө актыларынын талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду", - деп айтылат маалыматта.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүмдөрүнө келтирилген жүйөлөрдү текшерүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аракеттерине укуктук баа берүү жана негиздер болгон учурда прокурордук чара көрүү тапшырылды. Мыйзамдарды жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүүнү талап кылган системалуу маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыгат.
РФ лидери Владимир Путин Россиянын аймагына жасалган чабуулдарга жооп бир нече эсе күчтүү болорун эскертти.Путин муну менен катар эле соккунун каякка багытталганына карабастан Москванын жообу убакыт өткөн сайын кеңири масштабда жана катаал болорун айтты. Ал каршы тарап бул кадамдарынын кесепетин улам барган сайын курч сезерин баса белгиледи. РФ лидери Украина армиясынын аракеттери Россияда мунай заттары боюнча айрым кыйынчылыктарды жаратып жатканын, бирок абал акырындык менен турукташарын айтты. Ал жамааттык Батыштын русофобиялык бөлүгү Россия менен күрөшүп жаткан учурда өлкө экономикасын бекемдеп, куралдуу күчтөрүн чыңдап, аскердик өнөр жай комплекси өнүгүп жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0