https://sputnik.kg/20260714/1102410656.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү биргелешкен демаркация иштеринин алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен... 14.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-14T17:00+0600
2026-07-14T17:00+0600
2026-07-14T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102410490_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_eb08035c542ef752e1abc99cca824e36.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү биргелешкен демаркация иштеринин алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен тилкеден баштап алгачкы чек ара мамыларын орното баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. "Учурда эки өлкөнүн жумушчу топтору чек ара тилкелеринде биргелешкен иштерди жүргүзүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 416,01 чакырымды түзгөн тилкеде талаа иштери аткарылып, 1627 чек ара белгисинин орду аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди", — деп билдирүүдө айтылат. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамдагы тилкелердин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт. 2025-жылдын 31-мартында Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол койгон.
Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди аукционсуз 50 жылга чейин пайдаланууга берүү сунушталды. Министрлер кабинети иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордо президенттин чечими менен ишке ашырылуучу улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн жерлерди аукцион өткөрбөстөн 50 жылга чейин пайдаланууга берүү каралган. Документке ылайык, мындай мүмкүнчүлүк жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорго да берилет. Жер бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдалануу сунушталат. Мамлекеттик жерлерди башкаруу боюнча дагы бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Алардын арасында облустук жана республикалык маанидеги шаарларда мамлекеттик жер тилкелерин берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү да бар. Ошондой эле жерди ижарага алган жарандар жана компаниялар белгилүү шарттар менен ижара укугун күрөөгө кое алышат. Бирок бул үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.Мындан сырткары, жер маселелерин караган комиссиялардын курамы өзгөртүлүп, алардын ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышат. Министрлер кабинети сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик жерлерди башкарууну жакшыртып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүүгө багытталганын белгилеген.
Виктория Мозгачева агартуу министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.40 жаштагы Мозгачева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган. Ал эмгек жолун 2006-жылы "Бишкектеплоэнерго" муниципалдык ишканасында баштап, кийин бул мекеменин директоруна чейин жеткен. 2021-жылы Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Аталган кызматтан 15-июнда бошотулган.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда балыкты ток менен уулады деген чет элдик жарандар Кыргызстандан чыгарылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти. Буга чейин Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган.Көп өтпөй алардын өздүгү аныкталып, милицияга жеткирилгени кабарланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү биргелешкен демаркация иштеринин алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен тилкеден баштап алгачкы чек ара мамыларын орното баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. "Учурда эки өлкөнүн жумушчу топтору чек ара тилкелеринде биргелешкен иштерди жүргүзүүдө. Буга чейин жалпы узундугу 416,01 чакырымды түзгөн тилкеде талаа иштери аткарылып, 1627 чек ара белгисинин орду аныкталып, алар жыгач жана металл казыктар менен белгиленди", — деп билдирүүдө айтылат. Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын жалпы узундугу 1008,14 чакырымды, ал эми нейтралдуу макамдагы тилкелердин жалпы периметри 14,07 чакырымды түзөт. 2025-жылдын 31-мартында Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон мамлекеттик чек ара боюнча келишимге кол койгон.Кыргызстанда мамлекеттик жерлерди аукционсуз 50 жылга чейин пайдаланууга берүү сунушталды. Министрлер кабинети иштеп чыккан токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоордо президенттин чечими менен ишке ашырылуучу улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлор үчүн жерлерди аукцион өткөрбөстөн 50 жылга чейин пайдаланууга берүү каралган. Документке ылайык, мындай мүмкүнчүлүк жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлорго да берилет. Жер бир жолку төлөмдүн негизинде убактылуу пайдалануу сунушталат. Мамлекеттик жерлерди башкаруу боюнча дагы бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда. Алардын арасында облустук жана республикалык маанидеги шаарларда мамлекеттик жер тилкелерин берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү да бар. Ошондой эле жерди ижарага алган жарандар жана компаниялар белгилүү шарттар менен ижара укугун күрөөгө кое алышат. Бирок бул үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынат.Мындан сырткары, жер маселелерин караган комиссиялардын курамы өзгөртүлүп, алардын ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катышат. Министрлер кабинети сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик жерлерди башкарууну жакшыртып, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жеңилдетүүгө багытталганын белгилеген.Виктория Мозгачева агартуу министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.40 жаштагы Мозгачева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин инженер-экономист адистиги боюнча аяктаган. Ал эмгек жолун 2006-жылы "Бишкектеплоэнерго" муниципалдык ишканасында баштап, кийин бул мекеменин директоруна чейин жеткен. 2021-жылы Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Аталган кызматтан 15-июнда бошотулган.Нарын облусунун Ат-Башы районунда балыкты ток менен уулады деген чет элдик жарандар Кыргызстандан чыгарылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти. Буга чейин Арпа жайлоосунда чет өлкөнүн жарандары мыйзамсыз балык уулап жатканы боюнча видео тарап, жергиликтүү тургундар бийликке кайрылган.Көп өтпөй алардын өздүгү аныкталып, милицияга жеткирилгени кабарланган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0e/1102410490_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d5d61dbd9b2eade17b0dca2c6d40dba0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио