https://sputnik.kg/20260713/1102386006.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан эл аралык санкцияларды айланып өтпөй турганын дагы бир жолу белгиледи. Министрдин айтымында, кыргыз элчилеринин негизги милдети ... 13.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-13T15:00+0600
2026-07-13T15:00+0600
2026-07-13T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102385840_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_adbbd574306d4a568ebb5ad0cd0ef409.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан эл аралык санкцияларды айланып өтпөй турганын дагы бир жолу белгиледи. Министрдин айтымында, кыргыз элчилеринин негизги милдети — өлкө санкцияларды бузбай турганын өнөктөш мамлекеттерге түшүндүрүү. Ал буга чейин айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин бул багыттагы иши жетишсиз болуп жатканын сындаган. Кулубаев ошондой эле Евробиримдик Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүшүнө кызыкканын айтты. 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4 млн доллар болсо, быйыл ГЭСтер үчүн жабдуулар сатып алынгандыктан бул көрсөткүч 16 млн долларга жеткен. Анын айтымында, айрым тараптар Кыргызстан Кытайдан келген товарларды реэкспорт кылып жатат деген шек саноолорду айтып келишет. Бирок сөз болуп жаткан жүктөр Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата — 1 ГЭСинин долбоору үчүн алып келинген жабдуулар экенин белгиледи.
Президенттин жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын кошумча легалдаштыруунун тартибин бекитти.Маалыматка ылайык, легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин жүргүзүлөт. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, легалдаштырууга 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө алып келинип, катталбай калган айрым категориядагы унаалар кабыл алынат. Ар бир жаран өз атына бир гана транспорт каражатын мыйзамдаштыра алат.Кызматтын баасы кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин белгиленген. Ал эми жаңы катталган унааларды сатууга, Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга жана башкаруу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан белектер тапшырылды. Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, жаш муунга камкордук көрсөтүү жана алардын жайкы эс алуусуна майрамдык маанай тартуулоону максат кылат.Быйыл "Алтын балалык" комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат. Борбордо балдардын ден соолугун чыңдоого, коопсуз эс алуусуна жана бош убактысын мазмундуу өткөрүүсүнө бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Украина АКШдан расмий лицензия алган күндө дагы Patriot зениттик-ракеталык комплекси үчүн ракета өндүрүшүн жолго коюуга кеминде 3-4 жыл убакыт керектелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өндүрүштү локалдаштыруу боюнча буга чейинки программаларды талдоонун негизинде билдирди. Агенттик бир нече өлкөнүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, коргонуу өнөр жайы өнүккөн жана тынчтык өкүм сүргөн шартта да лицензиялык өндүрүштү ишке киргизүү бир нече жылды алат деген жыйынтыкка келген. Маселен, Япония PAC-3 модификациясындагы ракеталарды чыгаруу боюнча меморандумга 2005-жылы кол койгон, ал эми алгачкы ийгиликтүү сыноо 2009-жылы гана ишке ашкан. Ошондой эле 2024-жылдын январында НАТО Германиянын COMLOG консорциуму менен Европада GEM-T ракеталарын өндүрүүнү кеңейтүү боюнча келишим түзгөн. Бирок бир жылдан кийин компаниянын башчысы өндүрүш 2026-жылдын аягында гана башталарын, ал эми алгачкы жеткирүүлөр 2027-жылдан эрте күтүлбөй турганын билдирген.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстан эл аралык санкцияларды айланып өтпөй турганын дагы бир жолу белгиледи. Министрдин айтымында, кыргыз элчилеринин негизги милдети — өлкө санкцияларды бузбай турганын өнөктөш мамлекеттерге түшүндүрүү. Ал буга чейин айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин бул багыттагы иши жетишсиз болуп жатканын сындаган. Кулубаев ошондой эле Евробиримдик Кыргызстан менен Эстониянын ортосундагы соода көлөмүнүн өсүшүнө кызыкканын айтты. 2025-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4 млн доллар болсо, быйыл ГЭСтер үчүн жабдуулар сатып алынгандыктан бул көрсөткүч 16 млн долларга жеткен. Анын айтымында, айрым тараптар Кыргызстан Кытайдан келген товарларды реэкспорт кылып жатат деген шек саноолорду айтып келишет. Бирок сөз болуп жаткан жүктөр Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана Камбар-Ата — 1 ГЭСинин долбоору үчүн алып келинген жабдуулар экенин белгиледи.Президенттин жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинети чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын кошумча легалдаштыруунун тартибин бекитти.Маалыматка ылайык, легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин жүргүзүлөт. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин маалыматына ылайык, легалдаштырууга 2024-жылдын 31-декабрына чейин өлкөгө алып келинип, катталбай калган айрым категориядагы унаалар кабыл алынат. Ар бир жаран өз атына бир гана транспорт каражатын мыйзамдаштыра алат.Кызматтын баасы кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша 50 миңден 100 миң сомго чейин белгиленген. Ал эми жаңы катталган унааларды сатууга, Кыргызстандын аймагынан тышкары алып чыгууга жана башкаруу укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө тыюу салынат. Ысык-Көлдөгү "Алтын балалык" балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан белектер тапшырылды. Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук акциясы Айгүл Жапарованын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, жаш муунга камкордук көрсөтүү жана алардын жайкы эс алуусуна майрамдык маанай тартуулоону максат кылат.Быйыл "Алтын балалык" комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8 миңге жакын бала эс алат. Борбордо балдардын ден соолугун чыңдоого, коопсуз эс алуусуна жана бош убактысын мазмундуу өткөрүүсүнө бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Украина АКШдан расмий лицензия алган күндө дагы Patriot зениттик-ракеталык комплекси үчүн ракета өндүрүшүн жолго коюуга кеминде 3-4 жыл убакыт керектелет. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өндүрүштү локалдаштыруу боюнча буга чейинки программаларды талдоонун негизинде билдирди. Агенттик бир нече өлкөнүн тажрыйбасын изилдеп чыгып, коргонуу өнөр жайы өнүккөн жана тынчтык өкүм сүргөн шартта да лицензиялык өндүрүштү ишке киргизүү бир нече жылды алат деген жыйынтыкка келген. Маселен, Япония PAC-3 модификациясындагы ракеталарды чыгаруу боюнча меморандумга 2005-жылы кол койгон, ал эми алгачкы ийгиликтүү сыноо 2009-жылы гана ишке ашкан. Ошондой эле 2024-жылдын январында НАТО Германиянын COMLOG консорциуму менен Европада GEM-T ракеталарын өндүрүүнү кеңейтүү боюнча келишим түзгөн. Бирок бир жылдан кийин компаниянын башчысы өндүрүш 2026-жылдын аягында гана башталарын, ал эми алгачкы жеткирүүлөр 2027-жылдан эрте күтүлбөй турганын билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/0d/1102385840_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_58ed0a15ff4b5c0c5d1880aa4e8e1ae5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио