00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:59
0 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Бишкека до горных лесов: как общественная инициатива меняет зелёные пространства Кыргызстана
08:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Молдалиев: күчтүү армия — курал гана эмес, жоокерге болгон камкордук
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Налоговые поправки в Кыргызстане: что изменится для бизнеса?
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
20 миңге чукул маданият кызматкерин турак жай менен камсыздоо пландалып жатат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында билдирди. Министр аларга мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй берилерин, батирлер ушул жылдын сентябрь-октябрь айларында тапшырыларын айтты. Мамбеталиев турак жай маселеси маданият тармагындагы кызматкерлер үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) айрым сертификаттарында 2026-жылдын ордуна 2025-жыл көрсөтүлүп калган. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирип, аны техникалык ката деп түшүндүрдү.Мекеме жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ката ЖРТнын жыйынтыгына жана жогорку окуу жайларга кабыл алуу процессине эч кандай таасир этпей турганын белгиледи.Ошол эле учурда социалдык тармактарда айрым жогорку окуу жайлары мындай сертификаттарды кабыл албай жатканы тууралуу маалыматтар тараган.Борбордун маалыматына ылайык, каалаган абитуриент сертификатын акысыз алмаштыра алат. Ал эми аймактардагы бүтүрүүчүлөргө оңдолгон документтер жеткирүү кызматы аркылуу акысыз жөнөтүлөт.
ЕАЭБдин электрондук соода боюнча жаңы эрежелеринин алкагында Кыргызстанда интернет-дүкөндөр үчүн бажы кампалары ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алина Кулжанова билдирди. Анын айтымында, эми компаниялар товарларын өлкөгө алдын ала ташып келип, кардарлардан буюртма түшкөнгө чейин сактай алышат. Бул сатып алуучулар заказ берген сайын товардын чет өлкөдөн келишин күтүп убара болбошуна шарт түзөт. Кулжанова мындай ыкма өзгөчө сезондук товарлар, маселен, сууга түшүүчү кийимдер жана башка жайкы продукциялар үчүн абдан ыңгайлуу экенин белгиледи. Мындай учурда товарлар сатылып кеткенге чейин кампада тура берет. Буга чейин ЕАЭБде электрондук сооданы жөнгө салуу жана маркетплейстердин иштешине шарт түзүү боюнча иштер башталган. Кыргызстанда да бул тармактын тездик менен өсүп жатканы жана рыноктогулар үчүн бирдиктүү эрежелерди бекитүү зарылдыгы айтылган.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырып, бул үчүн "ылайыктуу учур келгенин" билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Сүйлөшө турган убак келди. Ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу зарыл. Европа өлкөлөрү Европа биримдиги жана АКШнын колдоосу менен диалогго даяр", — деген Мерц Парижде өткөн Украинаны колдогон өлкөлөрдүн коалициясынын жыйынынан кийин. Ошол эле учурда ал Европа мамлекеттери Москвага карата басымды күчөтүүнү улантарын белгилеген. Кечээ РФтин Тышкы иштер министрлиги Германиянын элчисине Берлин Киев бийлигинин Россиянын жарандык инфраструктурасына жасалган террордук чабуулдарына катышып жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0