Ооруканадагы Сапар Исаковго диагноз коюлду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРуководитель аппарата президента Кыргызстана Сапар Исаков
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирмеде буга чейин Исаковдун тарапташтары социалдык тармактарда дарыгерлер анын диагнозун аныктай албай жатат деп жазышканы айтылат.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканада жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кайсы илдетке чалдыкканын так айтып берди.

Билдирмеде буга чейин Исаковдун тарапташтары социалдык тармактарда дарыгерлер анын диагнозун аныктай албай жатат деп жазышканы айтылат.

"Сапар Исаков 16-августтан бери Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланууда. Ага вертебралдык-базелярдык артерия системасынын оорусу (моюн кан тамырларынын кысылышы баш айланууга, ооруга алып келет) жана моюн омурткасы туштагы остеохондроз диагнозу коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бир катар неврологдордун катышуусунда консилиум өткөрүлүп, ошол эле неврология бөлүмүндө дарылануусун улантмай болгон. Дарыгерлердин айтымында, магниттик-резонанстык томографиянын жыйынтыгы андан инсульт тапкан эмес. Учурда абалы канааттандырарлык экендиги айтылат.

Начальник ГУВД Чуйской области Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан
Москвада дарыланып жаткан Самат Курманкуловдун абалы айтылды
Эске сала кетсек, УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министрдин абалы начарлап, 16-августта ооруканага түшкөн. Ага "омуртка артериясынын синдрому" деген диагноз коюлган.

Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0