ШКУ саммитине эстелик баштыктарын ракка кабылган кыз-келиндер тигип берди

© Sputnik / Табылды КадырбековШвейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями
Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар аталган коомдук фондуга өздөрү чыгып, сунуш кылышкан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. ШКУнун Бишкек шаарындагы өтчү саммитке даярдалган эстелик баштыктарды "Курдаш" коомдук фондусунун кыз-келиндери тикти. Бул туурасында "Биз ракка каршыбыз" коомдук фондусунун жетекчиси Гүлмира Абдразакова Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

"Уюштуруучулар бизге өздөрү чыгып, ири иш-чарага баштык тигип берүүнү суранышты. Баасын, талаптарын сүйлөшүп, 50 даанасын даярдап бердик. Көп деле кымбат эмес. Алар мындан сырткары кошумча сүрөттөрдү өздөрү түшүрүп, тагыраагы, принт кылып алышты", — деди Абдразакова.

"Kurdash" буюртманы сапаттуу жасаганга аракет кылган.

"Мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чаранын катышуучуларына атайылап баштык тигип бергенибиз өзүбүзгө да жагымдуу болуп жатат. Жөнөкөй, бирок сапаттуу кылып тиктик ", — деди ал.

Маектеш бүгүнкү иш-чаранын катышуучусунун бири алар тиккен баштыкты көтөрүп жүргөнүн көрүп калгандыгын, ал "Курдаштын" продукциясын жактыргандыгын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0