30 градус ысык болот! Жеңиш күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 8-май.— Sputnik. Бейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27…+32 градус ысык болот.

Ысык-Көл жана Нарын аймагында +15…+20 градус болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ошто +29…+31, Бишкек шаарында +26…+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0