23:24 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун архивдик сүрөтү

Айтматовдун тиши өтпөгөн эки нерсе... Жазуучу жана Түркия тууралуу 17 факты

© Sputnik / Александр Поляков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)
185710

Бир убакта Ала-Тоо жеринен Анадолуга ат минип кеткен түрк боордоштор кыргыз жазуучуну өзгөчө кабылдап, пир туткан.

Айтматов Түркияга Гүлсарат жана Танабай менен кирген. Жазуучунун Түркияда басылган эң алгачкы чыгармасы — "Гүлсарат". Орусча чыккандан көп узабай эле 1969-жылы Стамбулда басылган. 70-жылдарда "Варлык" жана "Хүр" басмаларында чыгармалары биринин артынан экинчиси басылган. Алты чыгармасы бириккен жыйнагы 1974-жылы "Жем" басмасынан жарык көрдү. Автор мына ошол китептин таанытымына чакырылган. Кыргызстан эгемендүүлүк алган соң "Өтүкен Нешрият" баш болгон ири басмалар жазуучунун чыгармаларын басууну колго алган. Профессор, доктор Фахри Солахтын эсептөөсү боюнча анын чыгармаларын он бештей котормочу түрк тилине ар кайсы тилдерден оодарган жана ондон ашык басма басуу жумуштарын аткарган.

Түркияга биринчи барганда. СССР кезинде Түркияга барууга катуу тоскоолдуктар болчу. Бул түрк тилдүү республикалардан чыккан адамдарга өзгөчө тиешелүү эле. Жазуучунун бир топ китептери ал өлкөдө чыкканына, басмалардын чакырып жатканына карабай Анадолу жерине барууга уруксат болгон эмес. Айтматов Түркияга биринчи жолу 1975-жылы, китебинин чыгышына чакырылып барган. Ал үчүн Кыргызстан КП БКдан, Москвадан тиешелүү канторалардын баарынан уруксат алган. "Түркияга атайын иш сапар менен барган биринчи киши болуптурмун, баары эле таң кала Түркия кайда экен, кандай экен, кантип бардың деп сурашат, түрк туугандар да аябай сурашты. Стамбул, Анкара, деңиз мен үчүн чоң ачылыш болгон", — деп жүрдү кийин. Ал учурга чейин бул өлкөдө түрк тилинде сегиз китеби чыккан. Ошол барыштан кийин түрк басмалары дароо эле "Эрте келген турналарды" басууга, "Фудзиямадагы кадыр түндү" сахналаштырууга киришет.

Абдан таасир берген түрк адабияты. 1975-жылы Түркияга барып келген соң жазуучу "мага түрк адабияты аябай чоң таасир этти" деген. Өлкөнүн гезиттеринде Яшар Кемалдын жаңы романы сандан-санга улашып чыгып жатканына чоң маани берди. Ошол кезде Азис Несин, Бекир Ылдыз, Фазыл Хүснү Даглараж аттуу түрк жазуучуларынын чыгармалары менен тааныш болгон. Назым Хикметтин чыгармачылыгын жогору баалап, "анын поэзиясы — жалпы адамзаттын мүлкү, ошон үчүн түрк маданияты анын ысымын аттап өтө албайт" деп айткан. Түркия сапары жана түрк калемдештери тууралуу "Советския литература" деп аталган 9 тилде чыгуучу журналдагы Левченко менен "Тутумдашуу түйүнү" аттуу маегинде атайын токтолуп өтөт.

Түркиялыктар Айтматовго алгач башкача караган. Алардын көбү Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин Чыңгыз Айтматовду "орус тилинде жазган прозаик", "орус жазуучусу" деп эсептешчү. Анын чыгармалары орус тилинен которулган.

Деңиз боюнда жашаган калктын ысым ыйгаруусу. Биз Айтматовдун атын "Чыңгыз" десек, түрктөр "Деңиз" дешет. Бул, балким, алардын деңиз боюнда жашап, деңиз менен оокаты өтүп, деңиз шабадасынан дем алып, деңизди жакшы көргөнүнөн болсо керек… 

Торжества, посвященные открытию Года Чингиза Айтматова в Анкаре
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
*Жазуучунун Түркияда басылган эң алгачкы чыгармасы — "Гүлсарат" повести болгон

1994-жыл жана алтын медаль. Президент Сулейман Демирел алтын медаль тапшырып жатып кыргыз жазуучусунун түрк дүйнөсүндөгү ордун өтө жогору баалаган. Негизи эле бул лидер кыргыз жазуучунун чыгармачылыгына өзгөчө мамиле кылганы айтылып келет.

"Евразия Диалогу" платформасынын төрасы болгон. Түркияда уюштурулган бул платформа Евразия интеллектуалдарынын башын бириктирген жана "ДА" деген журнал чыгарган. Чыңгыз Айтматов 1998-2002-жылдарда ошол платформанын төрагасы, андан кийин ардактуу төрагасы милдетин аткарган. Штаб квартирасы Түркияда жайгашкан "Евразия Диалогу" платформасы атайын орден бере баштаган. Орден 750,0 үлгүсүндөгү алтындан жасалып, үч бөлүктөн турган. Сырты 60,0 грамм алтын жана 4,0 грамм күмүш менен капталган. Салпы салмагы 64,54 грамм болгон. Ордендин маңдай бетинде "da" жазуусу чагылдырылган тегерек алкак жайгаштырылган, айланта орус жана түрк тилдериндеги "Орден Евразии – Avrasya Nişanı" жазуулары жазылган. Орден менен Евразия аймагында тынчтыкты сактоого жана диалог түзүүгө салым кошкон мамлекеттик ишмерлер жана лидерлер сыйланат дешкен. "Евразия Ордени" биринчи Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевге ыйгарылган.

Жазуучунун "бакма кызы" которгон китеп. Айтматовдун соңку "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романын түрк тилине Гузель Сарыгүл Шонбаева которгон. Ал түрк жигитине баш кошкон кыргыз кызы өзүн Айтматовдун "бакма кызымын" деп койчу. Анын жазуучу каза болгондо мындай эскерүүсү чыккан: "Кагазга аллергиясы бар эле. Аз убакыт болсо дагы, кагаз менен иштеп калса, дем ала албай, муунуп, дароо дарысына жүткүнөр эле. Бирок бул абалын ал шылтоо кылчу эмес, окурмандарын, аны жакшы көргөндөрдүн көңүлүн оорутпоого аракет кылып, жүздөгөн китептерине кол тамгасын сааттар бою түшүрөр эле. Андан кийин, деми кыстыгып, жашына карабастан, элдин арты суюлганда гана мейманканадагы бөлмөсүнө кетчү. Сааттар бою чүчкүрүп-бышкырып, көз жашы менен аралаш аллергиясынан араң эс алчу. Ушундай дем кыстыккан көз жаштуу абалында: "Ах кызым, жашоомдо эки нерсени үйрөнө алганым жок: машина айдаганды жана компьютер колдонгонду…", — дечү эле. Акыркы чыгармасы болгон "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүктүү колукту") аттуу романын дагы деми кыстыгып, чүчкүрүп, көз жашын агыза жазып бүтүргөн. Чыңгыз атамдын "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүктүү колукту") аттуу акыркы романынын түрк тилиндеги чыгарылышын колума алып Бишкекке келдим. "Кызым, сен туруп тур, мен сага келе жатам" деп, жашына, башына жана улуулугуна карабай, менин үйүмө келген эле. Сыртта кар уруп, аяздуу кыш күнү болчу. Бирок бардык карлар эрип, аяздуу күндөр жайга айланып жатты. Мени бакма кызың катары, расмий котормочуң катары жарыялап, менден бир нерсе сурандың эле: "Менин бардык чыгармаларымды кайрадан которуп чык. Эң жакшы көргөн чыгармаң кайсы болсо, ошондон башта. Окурмандарым менин жан дүйнөмдүн бороондорун түшүнгөндөй болсун!" "Aта, анда "Ак кемени" котороюн" дедим".

Ош шаары. 1970 жыл
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР
Элчи бир түндө окуп чыккан китеп. "Тоолор кулаганда" ("Түбөлүк колукту") романы орус, япон, англис, немец, француз тилдеринде жарык көрдү. Анан түркчө которулуп, "Уфук китеп" басмасы чыгарып, таанытымы Бишкекте өттү. Жыйында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпил Алпман бул китепти бир түндө окуп чыкканын айткан. Анын ыргагы аккан суудай кете тургандыгын, өзгөчө таасир калтырганына токтолгон. Жетимиш миллиондой киши сүйлөшкөн, колдонуучулардын саны жагынан дүйнөдө 5-орунда турган түрк тилинде романдын басылышы жазуучуга жасалган чоң урмат эле.

Түрктөр лицейге Айтматовдун атын беришкен. Бишкек шаарында ачылган кыргыз-түрк лицейине жазуучунун ысымы берилгенге ал киши өзү да ыраазы болуп калчу. "Биздин мектеп", "биздин балдар" деп сүйлөчү, "Европада жүрүп да эстеп турам" деп калчу. Ошол "Себат" билим берүү мекемесине караган окуу жайын уюштуруучулардын бири Харун Токактын мындай дегени бар: "Жаздын бир күнү Стамбулда адабиятыбыздын сырттаны менен жолукканыбызда "Анатолиядан Азияны көздөй "Ак кемеде" жоголгон миллиондогон аты жок балдарды издегени он миңдеген мугалимдер жөнөштү жана мектептерди ачышты", — дегенимде, ал жылмайып: "Билем, ошол мектептердин бирөө менин атымдагы мектеп" деген эле".

Кыргыз-түрк университеттери Айтматовду өзгөчө ардакташкан. "Манас" университетинин ректорунун кеңешчиси болуп 2005-жылдын май айынан өмүрүнүн акырына чейин иштеди. Аталган окуу жайынын "Жал" кичи аймагындагы студенттик кампуска анын ысымы ыйгарылды (2008). Жазуучу "Ататүрк — Ала-Тоо" университетинин студенттери менен да үзгүлтүксүз жолугушуп, ой бөлүшүп турчу.

Түркиялык айтматовтаануучулар. Алардын көч башында профессор, докторлор Рамазан Коркмаз, Орхан Сөйлемез, Али Ихсан Колжу, Эмине Гүрсой Наскали, Ахмет Буранды, Фазыл Гөкчек, Билге Эржиласун ж.б. аалымдар турат. Ал эми Ахмет Сарыгул "Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда кабылданышы" (2003), Мустафа Ожакбеги "Бала жана балалык Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө" (2012) деген темаларда Кыргызстанда кандидаттык диссертацияларын коргогон. Биздин университеттердин 20дан ашык түрк бүтүрүүчүсү PhD докторлугун жана магистрлик диссертациясын Айтматовдун чыгармалары боюнча жакташты.

Түрк киночуларын кызыктырган "кызыл жоолукчан…" Режиссёр Атил Йылмыз "Selvi Boylum Al Yazmalim" ("Кызыл жоолук жалжалым") деген фильм тарткан. 1980-жылы экранга чыккан бул кинодо башкы ролду аткарган Асел — Түркан Шорай, Илияз — Кадир Инаныр Түркияда өтө популярдуулукка жеткен. Азия жана Африка өлкөлөрүнүн Ташкент шаарында өткөн фестивалынын сыйлыгын алган бул фильм азыкыга чейин коюлуп келет. 

Великий писатель Чингиз Айтматов во время презентации книги Когда падают горы на турецком языке
© Фото / Дервиш Генч
"Манас" университетинин ректорунун кеңешчиси болуп 2005-жылдын май айынан өмүрүнүн акырына чейин иштеди.

Жүрөгүн дарылаган түрк дарыгерлери. Жазуучуну жүрөгү кыйнаганда түрк дарыгерлери дартына даба издеген. 2004-жылы жайында Анкарадагы Аскердик академиясынын GATA ооруканасында жүрөк-кан тамырларын кеңейтүү операциясынан ийгиликтүү өткөн.

Жазуучунун 70, 75 жылдыгы жогорку деңгээле өткөн өлкө. Түркия Айтматовдун мааракелерин аябай жакшы өткөрүп келген, ал иш-чараларга мүмкүнчүлүгү боло калганда жазуучу өзү катышкан. 1998-жылы 9-ноябрда 70 жылдыгы Анкарада белгиленген, ага чейин 12 томдон турган "Butun eserleri" ("Бүт чыгармалары") түрк тилинде чыккан жана мааракеде Түркия президенти Сулейман Демирел жалындуу сөз сүйлөгөн. 2004-жылы апрель айында Анкара шаарында жазуучунун 75 жылдыгына арналган "Евразия горизонту" аталышында илимий, маданий иш-чаралар өттү. 80 жылдыгын өткөрүү боюнча чоң пландар түзүлгөн, түркиялык жетекчилер жана зыялылар аны Нобелдик сыйлыкка көрсөтмөк болгон. Түрк телевидениеси жазуучу тууралуу документалдык биографиялык "Hayat akarken" ("Турмуш болсо агып өтүп жатат…") деген фильм тартышкан.

Жыл бою уланган 90 жылдык. Айтматовдун 90 жылдыгына карата ТүркСОЙ уюму 2018-жылды "Айтматов жылы" деп белгилеп, мунун расмий ачылышы Анкарада 18-19-апрелде болду. Жыйынтык күнү деп 2019-жылдын 19-22-апрели белгиленди. Ушуга карата 2018-жылдын жаз айларында Болу, Кастамону университеттеринде илимий-тажрыйбалык жыйындар өттү. Мектептерде, лицейлерде "Айтматовдук окуулар" уюштурулду. 90 жылдыгы күндөрү Ак Деңиз университети "Ак Деңизде Айтматов ааламы" аттуу эскерүү кечесин уюштурду.

Анадолу жергесиндеги Айтматов ысымын алган аталыштар. 1993-жылы Элазыг шаарындагы паркка, 2013-жылы Анкара шаарындагы көчөгө ысымы ыйгарылды. Борбор калаа Анкаранын Кечиөрен районундагы, Стамбулдун Малтепе районундагы сейил бактар да анын атын алды. 

Президент КР Сооронбай Жээнбеков в рамках двухдневного визита в Турецкую Республику посетил бюст великого кыргызского писателя Чынгыза Айтматова, на улице Чынгыза Айтматова в г.Анкара
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы көчөлөр, парктар кездешсе таңгалбаңыз. Ал эми бакыйып турган эстелигин көрүү жагымдуу сезимди жаратат.

Айтматовдун эстеликтери. 2013-жылы 28-октябрда Эскишахер шаарында эстелиги тургузулду. 2014-жылы 4-июнда Анкара шаарында бюсту орнотулуп, анын ачылышына Кыргызстандын президенти катышты. 2017-жылы 12-декабрда Стамбулдун Малтепе районуна эстелиги коюлду, анын лентасын жазуучунун чоң уулу Аскар Айтматов кести.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (295)

Тема боюнча

Ааламга Айтматовду берген жана Айтматов дүйнөгө даңктаган Шекер тууралуу 16 факты
Атасы 60 жашында көргөн тун бала. Төлөгөн Касымбеков тууралуу 8 факты
Белгилер:
жазуучу, адабият, Чыңгыз Айтматов, Анкара, Стамбул, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ