Алгач немисче жарык көргөн. Айтматовдун "Балалыгым" баяны тууралуу 7 факты

© Sputnik / Юрий Иванов / Медиабанкка өтүүЖазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир адам өткөн күндөрүн эстеп, жакшы учурларын сагынып, айрым окуяларды жадынан чыгарбай жат алып, кээ бир адамдардын жүрүш-турушун күнү-күнкүсүндөй мээсинин бир бурчунда сактап жүрөт.

Мына ошондой эс тутумга ээ болуу да, аларды төкпөй-чачпай башкаларга айтып берүү да чоң талант. Чыңгыз Айтматов да Талас өрөөнүнүн Шекер айылында калган балалыгын, жаштыгын баяндап берип, аларды немис жазуучусу жана котормочусу Фридрих Хитцер кагазга түшүрүп, китеп кылып чыгарган. Төмөндө ошол чыгарма тууралуу 7 фактыны сунуштайбыз.

Всесоюзная фотовыставка Фотообъектив и жизнь - Sputnik Кыргызстан
Кыдырга жолугуп, президенттиктен баш тарткан. Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факты
Локумдун Евангелий академиясынан башталган "Балалыгым" баяны. Кыргыз Республикасынын атынан Европанын бир канча өлкөлөрүндө элчилик кызматта иштеп жаткан жазуучу бир жолу Локумдун Евангелий академиясына барган учурда аны көп жерде коштоп жүргөн Фридрих Хитцер балалыгы тууралуу айтып берүүгө көндүрүп, айткандарын үн жазгычка түшүрүп алган. Ошол айтылгандарды жазуучунун жубайы Мария Айтматова угуп, кагазга жазып, жазуучу улам толуктап Мюнхендин алдындагы Вольфватсхаузен бавардык шаарчасы Хитцерге факс аркылуу жиберип турушат.

Орусчадан немисчеге айланган. Чыңгыз Айтматов өз баянын орус тилинде сүйлөп берген. Аларды орусча мыкты билген Хитцер немисче жазып чыккан.

Фридрих Хитцер жана Чыңгыз Айтматов. Хитцер 1935-жылы Германиянын Ульм шаарында туулган. АКШ, СССР, ГФР сыяктуу мамлекеттерде окуп билим алган. Анын "Ленин в Мюнхене", "Что происходит с Россией", "Я родился пять тысяч лет назад", "Прощай, Татьяна" сындуу китептери орус окурмандарына кеңири белгилүү. Айтматовдун "Кыямат", "Кассандранын тамгасы", "Тоолор кулаганда" (немисче аталышы "Тоо илбирси" деген мааниде) романдарын немис тилине которгон. 2007-жылы январь айында каза болгон. Ал Германияда Чыңгыз Айтматов катышкан семинарларда, конференцияларда, жолугушууларда бирге болуп, кээде жазуучуга сөзмө-сөз котормочулук да кылган.

Советский государственный и политический деятель Юсуп Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызды ачарчылыктан сактап калган. Жусуп Абдрахманов тууралуу 9 факты
Китептин басылыш тарыхы. "Балалыгым" эң алгач Цюрихтеги "Юнионсферлаг" басмасынан немис тилинде "Кыргызстандагы балалык" деген ат менен жарык көргөн. Мына ошол басылмадан Мухаммет Мертек түрк тилине которгон жана ал 2002-жылы чыккан. Түркчөдөн Абдыкерим Муратов жана Бактыгүл Чыныбаева кыргызчалаган. Дал ушул кыргызчадан орус, өзбек тилдерине которулган. Кыргызча китеп Стамбулдан биринчи басылышы 2002-жылы, экинчи басылышы 2003-жылы жарык көргөн. Андан соң Айтматовдун 8 томдугунун 5-томуна кирген. 2011-жылы кыргызчасы "Балалык", орусчасы "Детство" деген аттар менен өз-өзүнчө китеп болуп чыккан.

Кийин кошулган бир бөлүм. Адегендеги немис, түрк, кыргыз тилиндеги басылыштарда жок "Бөдөнөлөргө аңчылык" деген бөлүм китептин 2011-жылы "Турар" басмасынан чыккан нускасына киргизилген.

Балалыкта жана жаштыкта баштан өткөндөр. Бул баян жаш Чыңгыздын Айымкан чоң энеси, жайлоодо котормочу болуп алгачкы эмгек акы тапканы, атасы тууралуу эскерүүлөрдөн башталат. Андан ары согуш убагында ар кандай өкмөттүк тапшырмаларды аткарып жүргөндө көргөн-билгендери тууралуу баяндалат. Чаргын молдо тууралуу эпизод да кызыктуу. Күлкүлүү окуя "Студент жана эшек" аттуу бөлүмдө айтылат. Айрым чыгармаларынын жазылышынын чоо-жайы, башаттары тууралуу "Жерс букасы жана Долондогу махабат", "Чыныгы Ысмайыл", "Жамийла менен Данияр" деген темалардагы баяндардан билүүгө болот.

Ош шаары. 1970 жыл - Sputnik Кыргызстан
Айтматов жана Ош шаары. Кызыктуу 10 факты
Эки ариптер менен эки тилде чыккан "Балалыгым". Өзбекстандык кыргыз окумуштуусу жана журналисти Туленбай Курбанов бул чыгарманы өзбек тилине которгон. Котормо "Baktria press" басмасында өзбек жана кыргыз тилинде катар кирилл жана латын ариптери менен даярдалган. Китеп Түркияда MEGA BASIM басмасында ЕККУнун колдоосу менен басылып чыккан.

Мектеп окуучуларынын сүйгөн чыгармасы. Жазуучу өзү Бишкектеги Айтматов атындагы лицейде түркчө чыккан китептин бет ачарына катышкан жана кыргызча да чыгуусун каалаганын билдирген. Азыр бул баян Кыргызстанда окуу программага кирип, окуучулар мектеп сахнасында анын негизинде чакан театралдык көрсөтүүлөрдү даярдап жүрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0