08:13 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Учурда эмне болуп жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3033 0 0

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя болуп жаткан жерден тексттик трансляциясын жүргүзөт.

Ушу тапта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуя болуп жаткан жерден тексттик трансляциясын жүргүзөт.

Жаңы билдирүү
  • 16:08

    Митинг соңуна чыгып, чогулгандар тарады.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 15:58

    Эскерте кетсек, митингге уруксат берилген. Бирок сүйлөшүлгөн боюнча саат 13.00дө аякташы керек болчу.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 15:56
  • 15:45

    Ушу тапта жолду тосууга аракет кылды деген негиз менен милиция кызматкерлери митингчилерди кармап, автобустарга салып кетти. Чогулгандар Киев көчөсүнө чейин сүрүлдү.

    Сотрудники милиции задерживают митингующих против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке

  • 15:30

    Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков "Ала-Тоо" аянтына чыккан митингчилердин өкүлдөрүн вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алып, алардын талаптарын укканын парламенттин жыйынында билдирди.

  • 15:19

    Митингчилер депутаттардын чыгышын талап кылып жатат.

  • 15:19

    Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтып берүүгө аракет кылгандардын сөзү кабыл алынбай жатат. Алар элдин койгон талабы ушу тапта парламентте каралып жатканын билдиришти. Бирок чогулгандар маселелердин баары азыр чечилиши керек экенин айтышууда. Алардын пикиринде Ак үйгө баргандарды депутаттар коркутуп коюшкан.

  • 15:11

    Ак үйгө кирген митингчилердин тобу кайтып келди. Лидери Аманбол Бабакулов аларды вице-спикер Мирлан Бакиров кабыл алганын айтты.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 14:45

    Чогулгандар милиция менен кер-мур айтыша кетишти. Кырдаал жөнгө салынганы менен абал чыңалып турганы айтылды.

  • 14:38

    Чогулгандардын бир даары Ак үйгө барууну сунуштаса, бир бөлүгү макул болбой жатат.

  • 14:03

    Митингчилердин бири тегерек стол өткөрүп, резолюция кабыл алууну сунуштады. Акциядагылар жок да дебей, макул да болбой жатышат.

  • 13:55

    Митингчилерге ШИИБ жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев чыгып, элди тароого чакырды. Ага эч ким макул болгон жок. Чогулгандар камакка алынгандарды бошотууну талап кылышты. Атантаев ким тууралуу сөз болуп жатканынан кабары жок экенин айтты.

  • 13:48
    Бишкектин Ала-Тоо аянтында митингге чыккандардын көпчүлүгү жерге түкүрбөй, таштанды урнасына барып, чылымды дагы ошол жерде чегип жатышат

    Митингге чыккандардын көбү урнага басып барып түкүрүп жатышат. Сүрөт

    Ушул тапта борбор калаанын башкы аянтында кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы болгондордун митинги өтүп жатат. Ал жакта азыр 300дөй жаран турат.
    Дагы
  • 13:33

    "Ала-Тоо" аянтында милициянын алты автобусу токтоп турат.

    Автобусы с сотрудниками милиции на площади Ала-Тоо в Бишкеке, где идет митинг против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Автобусы с сотрудниками милиции на площади Ала-Тоо в Бишкеке, где идет митинг против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:28

    Митингге чыккандардан коомдук тартипти сактап, "Ала-Тоо" аянтына кайтып келишин талап кылышты

  • 13:18

    Чогулгандар Ак үйдү көздөй жыла баштап, бир катары токтоп калышты. Көпчүлүгү артка кайта баштады.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 13:16

    Уюштуруучу Аманбол Бабакулов митинг саат 13:00 болсо да бүтпөй, эл тарабай жатканына тынчсыздангандыгын билдирди. Калгандар ага кете берүүнү сунушташты.

  • 13:13

    Уюштуруучу митинг аягына чыккандыгын айтып, элдин тарап кетүүсүн өтүндү. Бирок дагы бирөө  премьер-министр чыгып, талаптарга жооп бериши керек деп жатат. Калгандар анын айтканын колдоп кетишти

  • 13:09

    Митингчилер "Коомдук көзөмөл" деп аталган уюмду түзүүнү, аны мыйзамдык негизде бекитүүнү сунушташты.

    Чогулгандар Кытайга мамлекеттик карызды кайтарып берүүнү, айып пулду төмөндөтүүнү,  кытай жарандарына Кыргызстандын паспортун бербөө талаптарын койду. Андан сырткары кытайлыктарга  эмгек квотасын карабоону сунуш кылышты.

  • 13:07

    Кыйкырып сүйлөп жаткан аялды ошол жерде тургандар колдоп кол чапты

  • 13:03

    Митингдин катышуучулары тамеки чегип турат. Милиция аларга эч кандай чара көргөн жок  

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 12:15

    Катышуучулардын саны 250-300гө жеткени айтылды.

  • 12:14

    Элдин арасынан чыккандар элге тынчтык керек экенин айтып, үйдө калган туугандарын ойлоого чакырды.

  • 12:10

    Ушу тапта митингчилер 5 талап коюшту. Алардын арасында айып пулдарды мурунку калыбына келтирүү, маршурттук таксилер айдоочулардын укугун коргоо сыяктуу талаптар бар.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 12:06

    Айта кетчү жагдай, митингдин айрым катышуучулары таштанды челектин жанына келип, тамеки тартып, түкүрүп, кайра барып элге кошулууда. Эскерте кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ушу тапта аянтта жүрөт.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 11:55

    Президенттин аппаратынын өкүлдөрүнүн чыгуусун талап кылып жатышат.

  • 11:53

    Азыркы тапта акциянын уюштуруучуларынын ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатат.

  • 11:39

    Ушу тапта камалды делгендердин бири чыгып, сүйлөп жатат. Ал чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, бийликтен элдин үнүн угууну өтүндү.

  • 11:34

    Сүйлөп жаткандардын бири президентке, муфтиятка кайрылып, "Камчы байкеге" да айтууну сунуштады. Бирок андан микрофонду алып алышты.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
     Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 11:28

    Ушу тапта мурунку акциядан соң кармалып кеткендердин туугандарынан топ түзүлүп, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө бармай болушту.

  • 11:22

    Эл негизинен ири комапнияларда кытай жарандарынын иштегенине, виза алуу процессинин жеңилдигине нааразы болуп жатышат. Бийлик өкүлдөрүнөн, элден турган комиссия түзүлүп, кытай жарандары иштеген компанияларды кыдыруу пландары айтылып жатат.

  • 11:20

    Элдин талабы менен Миграция кызматынын өкүлү чыкты. Бирок эл ичинде пикир келишпестик жаралып, лидер болуп шайланган Аманбол Бабакуловго бири маалымат угабыз десе, бир даары укпай турган болушту. Акыры суроо-жоопко өтмөй болушту.

  • 11:10

    Элге Биринчи Май районунун акими, ТИМ, Миграция кызматынын өкүлдөрү чыгып, маалымат берип жатышат. 

  • 11:08

    Акцияга чыккандардын айтымында, алар кытайлыктардын Кыргызстанга мыйзамсыз келишине каршы чыгууда. Болжол менен ушу тапта аянтта 150дөй киши турат.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • 11:05

    Борбордук аянттагы митингге милиция кызматкерлери көз салууда.

    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
    Участники митинга против незаконной миграции китайских граждан в Кыргызстан на площади Ала-Тоо в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
live
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында митинг өтүүдө. Учурда эмне болуп жатат
+

    Тема боюнча

    Мэрия: маршрутка айдоочулары митингге чыкпайт
    "Кырк чоронун" активисттери кытай жумушчуларынын документин текшерди
    Белгилер:
    эл, милиция, "Ала-Тоо" аянты, Бишкек

    ЭҢ МААНИЛҮҮ