08:13 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслованын архивдик сүрөтү

Белгилүү жеңил атлетчи Дарья Маслова турмушка чыкты

© REUTERS / Darren Whiteside
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32710

Спортчунун сүйүктүүсү колун жайында, Дарья Азия оюндарынан кайтып келгенде көпчүлүктүн көзүнчө сураган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты. Бул туурасында эки түгөйдүн тоюна күбө болгондор интернетке жазышты. 

Спортчу Маслова да турмуш жолуна аттанганын кечээ Instagram баракчасындагы Stories функциясына жүктөгөн.

Кесиптештеринин айтымында, спортчунун жолдошу 23 жаштагы Александр Бакалов. Жубайлар төрт жыл сүйлөшкөн.

"Той 21-ноябрда Бишкекте өткөн. Учурда чет мамлекетте бал айын өткөрүп жүрүшөт. Дарья жеке жашоосун жарыялаганды көп жактыра бербейт", — дешти санаалаштары.

Маслова быйыл жайында өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль алган. Бишкектен кайтып келе жатканда аэропорттон сүйүктүүсү да тосуп алып, Дарьянын колун сураган

Маслова өз кезегинде турмушка чыгууга даяр экендигин билдирген.

Тема боюнча

Рио-2016: жөө күлүк Дарья Маслова тууралуу кызыктуу 5 факты
Быйыл кайсы спортчулар бүлө күттү? Улакчы Ниязовдон тарта балбан Алтынайга чейин
Белгилер:
жеңил атлетика, турмуш, той, күйөө, Спорт, Дарья Маслова

ЭҢ МААНИЛҮҮ