БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жеңил атлетика боюнча Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты. Бул туурасында эки түгөйдүн тоюна күбө болгондор интернетке жазышты.
Спортчу Маслова да турмуш жолуна аттанганын кечээ Instagram баракчасындагы Stories функциясына жүктөгөн.
Кесиптештеринин айтымында, спортчунун жолдошу 23 жаштагы Александр Бакалов. Жубайлар төрт жыл сүйлөшкөн.
"Той 21-ноябрда Бишкекте өткөн. Учурда чет мамлекетте бал айын өткөрүп жүрүшөт. Дарья жеке жашоосун жарыялаганды көп жактыра бербейт", — дешти санаалаштары.
Маслова быйыл жайында өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль алган. Бишкектен кайтып келе жатканда аэропорттон сүйүктүүсү да тосуп алып, Дарьянын колун сураган.
Маслова өз кезегинде турмушка чыгууга даяр экендигин билдирген.