Жалал-Абад: ата-энелер тарбиячы балдарды кантип уруп жүргөнүн айтышты

© AFP / LOIC VENANCEБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөктөргө кыйкырып-өкүрүп, кол көтөргөнгө чейин барган тарбиячы ата-энелерди жаалдантты. Окуя дүйшөмбү күнү Жалал-Абад шаарындагы №21 "Искора" (мурдагы "Учкун") бала бакчасында болгон. Эгер аны ошол жерде иштеген кыз видеого тартып албаганда тарбиячынын жоругу күмөскөдө кала бермек.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ата-энелер менен байланышканда бакчада мындай окуя байма-бай кайталанарын, балдары кээде көгала болуп келерин айтышты.

Тарбиячы жулкулдатып жаткан видеодогу бөбөктүн атасы Канат Абылкасымов кызы буга чейин бала бакчадан колу сынганын билдирди.

"Кызымды май айында ушул бала бакчага бергем. 15-20 күндөн кийин оң колу сынган. Анда "жыгылып түштү" дешкен, ага да ушул тарбиячынын тиешеси бар окшойт. Карасаңар, билип туруп ошол сынган колунан кармап жулкулдатып, сүйрөп жатат. Кызым үч жашта, тили чыга элек. Москвадан көзү ооруп келген. Анын психологиясын да талкалап бүттү. Соңку күндөрү түндө чочуп ойгонуп, ыйлап жаткан. Мурда анча көңүл бурбаптырмын, кечээ видеону көрүп аябай жиним келди. Кан басымым көтөрүлүп түнү менен уктай албай чыктым. Бул ишти жөн калтырбайбыз", — деди Абылкасымов.

Ошондой эле ал шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылып, укук коргоо органдарына да арыз жазып жүргөнүн кошумчалады.

Ал эми Дилфуза Жаратованын 3 жашар кызы соңку күндөрү көгала болуп келип жаткан. Мунун себебин ал жерде иштеген бала баккыч аркылуу билип, далилдегенин айтты.

Работа с документами - Sputnik Кыргызстан
Суракматов сөзүнө турду! Сабалган окуучу боюнча чоңдор жазаланды
"Тарбиячынын жардамчысын тез-тез алмаштырып жатышты. Жакында 17 жаштагы кыз келген. Ал мен барган сайын болуп жаткан окуяларды айтып тынчсызданчу. Тарбиячы балдарды уруп, кыйкырып-өкүрүп коркутуп, оюнчук ойношуна тыюу салат экен. Белге чаап, чачын жулуп, ыйласа "оозуңду жап, жаагыңды сындырып салам" дегенин айтты. Бир күнү өзүмдүн кызымдын да буту көгөрүп "эжекем урду" деп келди. Бала баккычтан сурасам, тарбиячысы парданы тартып койгону үчүн катуу чымчыган экен. Кийинки күнү бети көгөрүп келди. Анда тамак жебей койсо, "бар ары" деп түрткөндө бети менен столго урунуптур. Эртеси тарбиячыга жолугуп айткам. Бирок мен кеткенден кийин "эмнеге апаңа айтасың?" деп кызымды оозго чаап, жамбашынан чымчыптыр. Тамак да бербептир. Муну угуп жаным чыгып кетейин деди. Анан ошол кыздан тарбиячынын балдарга кол көтөргөнүн телефонго тартып беришин сурандым", — деди Жаратова.

Бул иш боюнча ал милицияга, прокуратурага арыз жазып, кызын медициналык кароодон өткөрүп, соттук-медициналык экспертиза карап жатат.

"Бала баккыч кызды видеого тартып алганы үчүн директор айлыгын төлөбөй, жумуштан айдаптыр. Тескерисинче, ага сыйлык берип, ыраазычылык айтышы керек болчу. Эгер ал болбосо биз билбей отура бермекпиз. Азыр бала бакчанын тарбиячысы менен директорун иштен кетирүүнү талап кылабыз", — деди ызаланган эне.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бөбөктөрдү кагып-силккен Ширин аттуу тарбиячы менен байланышканда ал видео монтаждалышы мүмкүн экенин айтты.

"Буга түшүнбөй турам, видео монтаждалышы мүмкүн. Ата-энелер "көптөн бери даярдандык" дейт, директорго өчөшкөндөрдүн залакасы мага тийди окшойт. Мен бул жерде 5-6 жылдан бери иштейм. Бир нече ирет иштен кетем десем, директор "сага эч ким арызданбайт, жакшы тарбиячысың, бизде иштеп тур" деп кармап турган. Анан кечээ өзүм арыз кеттим", — деди тарбиячы.

Ал эми бала бакчанын директору Оксана Щербина балдарды урган тарбиячыны да, аны видеого тарткан жардамчысын да жумуштан кетиргенин билдирди.

Инцидент в школе №66 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №66 мектептин директору иштен алынышы мүмкүн
"Дүйшөмбү күнү мен киргенде балдар жакшынакай эле жүрүп ыр жаттап жатышкан. Шаардык билим берүү башкармалыгына барып келгенче ушундай окуя болуп кетиптир. Буга чейин мындай учур катталган эмес. Тарбиячы урса, жардамчысы унчукпай видеого тартып жатканы өкүнүчтүү. Экөөнү тең иштен кетирдим. Эгер жоопкерчиликсиз адам болсо, аны көзөмөлдөө кыйын. Ширин иштен кетүү ою бар экенин бир жолу айткан, бирок так кесе кетем деп чыккан эмес", — деди Щербина.

Ошол эле учурда директордун өзүнө да сөгүш берилгенин Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. Мындан сырткары, калаада мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу иш-чаралары аткарылууда.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө, тергөө иштери жүрүп жатканын Жалал-Абад облустук милициядан кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0