Тамада Санжар Мыкыев: күйөө баланы тоюнда сабап... ошолор да доспу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБелгилүү алып баруучу, тамада Санжар Мыкыев
Белгилүү алып баруучу, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санжар Мыкыевдин чыгармачылыгы тууралуу канча сын айтылбасын ал түшүнүү менен кабыл алып, жыйынтык чыгарганга аракет кылат. Атүгүл "Тамашоу" долбоорунда жылдызы жанган жигит куйкум тамашаларды да көтөрөт. Бирок "намысыма шек келтирген киши жоопсуз калбайт" дейт өзү...

Мыкыевди коомчулук шоумен, тамада катары тааныйт. Той, кечелерден сырткары ал мамлекеттик ири иш-чараларды дагы алып барат.

— Аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө чоңойгон экенсиз. Мектепти көчүп-конуп окусаңыз керек?

— Өзүм Алайдан болгонум менен, сиз айткандай, барбаган жерим калган жок. Атам чек арачы болгондуктан, Кытай, Тажикстан, Тоолуу Бадахшан, Мургаб, Сары-Таш, Афганистан тарапка чейин бутубуз басты.

Эсимде, кичирээк чагымда апам иним Тимур экөөбүздү салюттарды карагыла деп ойготту. Терезени карасак асманда ар кандай түстө жарык пайда болуп, тарсылдаган үн чыгып жатыптыр. Бир маалда каалганы тээп бир жоокер кирип келди. Көрсө, биз жайгашкан аскер базада кол салуу болуп, солдаттар аткан сигналдык ракетаны апам салют деп ойлоптур. Биздин терезедеги караанды көргөн атам санааркап, берки жигитти жөнөткөн экен. Учурунда билинбейт, бирок кийин ойлоп көрсөм, ошондой күлкүлүү жагдай түзүлүптүр.

© Sputnik / Табылды КадырбековМыкыев: чоң-чоң иш-чараларды алып баруу менен мамлекетке пайдам тийип жатат
Кыргызский телеведущий, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Мыкыев: чоң-чоң иш-чараларды алып баруу менен мамлекетке пайдам тийип жатат

— Атаңыз аскер адамы болсо, чыгармачылык сизге кимден берилген?  Же апаңыз өнөргө жакын адамбы?

— Апам музыкант. Пианинодо ойноп, жаш балдарга сабак берет. Өзүм санжырага кызыгам. Жети атама чейин сураштырсам, анын бири Ормотой сөзгө чечен, анын атасы Мыкый да чукуп сүйлөгөн адам болгон дешти. Алып баруучулукка жетелеген өнөр эки жактан тең берилсе керек деп ойлойм.

Балалык темасын улай айтсам, ата-энемден алыс чоңойдум. 7-классымдан тарта түрк лицейине окуп кеттим. Жакындарымды эс алуу күнү гана көрчүмүн. Мектепти аяктаганда эл аралык "Ала-Тоо" университетинин программист бөлүмүнө тапшырып, орус, англис, түрк тилдерин өздөштүрдүм. Лицейде, университетте жүргөндө ар темада жергиликтүү олимпиададан тарта Дүйнөлүк олимпиадага чейин барып, алдыңкы орундарга илинчүмүн.

Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
Программисттик ишти лицейде жүргөндө эле "чагып" койгондуктанбы, студент кезде убактым бош жана кызыксыз өтө баштады. Анан өзүмдү спортко арнайын деп кикбокска жазылдым. Бала кезде каратэ менен да машыккам. Оюмда мындан ары спортчу болуп кетем деп аракет кылып жүрдүм. Бир жыл машыктым. Жаракат ала бергенден улам токтотуп салдым.

Биринчи курста окуп жүргөндө студенттердин КВН долбооруна кызыгып, курама командасына кирдим. Кийин чакан иш-чараларды алып бара баштадым. Андан ары "Тамашоу" долбоору ачылып, "Достук" деген команданы түптөдүк. Мени элге тааныткан ушул оюндар болду.

Университетте алып баруучу болуп жүргөндө иш-чара болсо эле Мирбек Атабековду чакыра берчүбүз. Ал ошол кезде эле Канат Култаев менен иштечү. Култаев сыртымдан баамдап жүрсө керек, "телеге келип көрбөйсүңбү" деди эле баш тарткан жокмун. Алгачкы жолу көгүлтүр экранда "Муз-Обо" берүүсүн алып бара баштадым. Кийинчерээк той, жакшылыктарга дагы өтүп кеттим.

© Sputnik / Жоомарт УраимовАлып баруучу саясаттан таптакыр түшүнүгү жок экенин айтат
Кыргызский телеведущий, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу саясаттан таптакыр түшүнүгү жок экенин айтат

— Бир суроо менен алып баруучулук, тамадалык иштерге кантип аралашып калганыңызды айта кеттиңиз. Бакыйган окуу жайды бүтүрүп, бир нече тилди билгенден кийин дипломуңуз алып баруучулукка эле жумшалып калганына өкүнбөйсүзбү?

— "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дейт. Колуман келбеген ишке аралашпайм. Азыркы заманда тил билүүнү артыкчылык катары деле көрбөйм. Ири иш-чараларды алып баруу менен мамлекетке пайдам тийип жатат. Маселен, ага Көчмөндөр оюндары, эл аралык форумдар, мааракелер кирет. Ал жактардан деле бир нече тилде сүйлөйбүз. Мындан тышкары, програмисттик иштерди аткарган командам бар.

— Мурдагы маектердин биринде "саясатка кызыкпайм, анткени бардыгы качып кете берет" деп айтыптырсыз. Азыр кандай пикирдесиз?

— Ошол кезде чын-тамашасы менен айтылса керек. Негизи эле саясаттан түшүнүгү жок адаммын. Санап отурса саясаттын жакпаган жерлери арбын.

— "Тамашоу" долбоору сиздердин убакта абдан күчтүү чыкты эле. Жеке оюмда, азыр оюнчуларды кой, команданын атын жатка билбей калдык.

— "Тамашоу" жаңы чыкканда эл күтүп көрчү. Анткени жаңы бир  көңүл ачуучу нерсе катары ордун тапты. Ар бир эле иш көнүмүшкө айланганда кызыгы тарап кеткенсийт. Анын сыңары учурда көрөрмандын бардыгы "Тамашоунун" сезону кайсыл мезгилде боло тургандыгын жатка билишет. Экинчиден, биздин убакта социалдык тармактар популярдуу  эмес болчу. Азыр кааласа оюнду интернеттен деле көрүп алышат. Азыр деле уучубуз куру эмес деңизчи, бирок ошол убакта кудай бир берсе керек, активдүү балдар, кыздар чогулган экенбиз. Бири-бирине окшобогон таланттуу жаштар арбын болчу. Ар бир нерсенин өз убактысы бар деп ойлойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековТамада: ырчылардын бардыгы менен мамилем жакшы
Кыргызский телеведущий, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Тамада: ырчылардын бардыгы менен мамилем жакшы

— Бир жыл мурда сиз, Гүлжайна Атаканова жана Назира Жетигенова үчөөңөр алып барган КТРКнын "Салам Кыргызстан" көрсөтүүсү конокторду ашкере сындагандан улам коомчулуктан талкуусуна алынып, а түгүл жетекчиңиздер жабылат деген таризде билдирүү таратты эле. Бирок көп өтпөй кайрадан алып бара баштадыңыздар…

— Биринчиден, маалымат тараткан айрым журналисттерге алкыш. Эртең менен телефонду ачсам митинг болгондой ар бири "Салам Кыргызстан" тууралуу уу-дуу кептерди удургутуп жаза бериптир. Биздин берүүнүн сезондору бар. Ар бири аяктаганда тыным алабыз. Алып баруучу айымдардын убактысы тар. Тартуу иштеринин биринде мен жалгыз чыгып калдым. Андан кийин Гүлжайна (Атаканова. — ред.) эже менен иштедик. Андан кийин Назира Жетигенова эжекебиз келип кошулду.

Тамада Аман Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Тамада Аман Ибраев: кыз-күйөөсү, жада калса кудасы жок той алып баргам
Бизди берүүнүн талылуу жерлерин кескилеп элге жайылткан адам болду. Ал айымдын аты деле бизге белгилүү. Биздин "ашынган" күйөрманыбыз го деп ойлоп калам.

Жанындагы кесиптештеримди атайын иликтеп көрүп чакырганбыз. Программада бири кайын эненин, экинчиси келиндин образын бериши керек болчу. Ойду жеткирүүдө адабий эмес, элге жакын тилди тандадык. Анүстүнө программа кечинде көрсөтүлөт. Эл чарчап, чаалыгып келгенде бир жакшы маанай тартуулаганга далалат кылдык. Берүүдөн кийинки ушакташуу да ушул образга багытталган. Негизи ал деле артисттердин көзүнчө тартылат. Күлүп жакшынакай эле кабыл алып отурушат. Жакшы-жаман пикирлер айтылууда, реакция болуп жатса демек элге кызык.

— Коноктордун арасында тамашаны туура эмес кабыл алып же жактырбай чыгып кеткен, бүткөндөн кийин нааразылыгын айткандар болдубу?

— Жок, андай болгон жок. Биз келген конокторду сыйлайбыз..

© Sputnik / Жоомарт УраимовМыкыев: ата-энем, тууган-туушкандарыма асылган кишилерге кармана албайм
Кыргызский телеведущий, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Мыкыев: ата-энем, тууган-туушкандарыма асылган кишилерге кармана албайм

— Сиз алып барган үч мыкты тойду атасаңыз.

— Алар абдан көп. Кыргыздын уул-кыздарынын чет элдиктери менен баш кошуусу кызык. Биринчи кезекте алар салттары менен айырмаланат эмеспи. Америкалык кудагыйларды акцент менен "кулдугубуз бар" деп айттырганга чейин барганбыз.

— Той убагында кандай кызыктуу учурлар кездешет?

Алып баруучу, тамада Бакыт Байсариев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Байсариев: ажырашуу тоюн алып барганда кызыктай болгом
— Кесиптештеримде шумдуктуу окуялар болот экен. Мушташып кетип же кыз мурдагы жигитине кетип калган учурлар болот дешти.  Эң эле күтүүсүз болгону, күйөө баланы достору туура эмес жакка отургуздуң деп сабап салышкан. Андайлар дос деле эмес. Орун жок болсо бир жөн, бизге жакпаган жер деп керсейишкен. Той адамдын пейилине жараша өтөт. Тогуз жылдан бери муну жакшы билем. Ушуга байланыштуу бир окуя эсиме түштү. Жубайлар той өткөргөндө "жетекчилик кечикпейт, бир аз кармалат" деген принцип менен бардык тойго саат тогузда барчу экен. Өздөрүнүн тою саат ондо башталды. Кудалардан башка киши жок. Баарыбыз тунжурап турабыз. Эже басып келип себебин түшүндүрүп берди. Анан той учурунда байке эл алдына чыгып кечирим сурап, эми тойлорго убагында барабыз деп убада беришкен.

— Тамаданын кыжырын кайнаткан көп эле нерсе бар. Алардын бири ырчылар кезекке карабай эл алдына чыкканга ашыгып, тамада менен айтышып, мунун айынан чыр чыкканын да көрүп жүрөбүз.

— Ырчылардын бардыгы менен мамилем жакшы, арасында душманым жок. Бардыгына калыс мамиле жасайм. Бирок беш кол тең эмес, ар кандай ырчылар бар. Кичипейилдик, дипломаттык менен түшүндөргөнгө аракет кылам.

Эгер чыгармачылыгыма, ишиме байланыштуу маанилүү сындар айтылса туура эле кабыл алам. Сын айткан киши деле сага убактысын коротуп жатат. Тамаша айтса да көтөрөм. Бирок жеке беделиме, ата-энем, тууган-туушкандарыма асылган кишилерге кармана албайм. Ачуум чукул, андай адамдар жоопсуз калбайт. Аны командам жакшы билет. Бирок дароо эле айтып коеюн, ачууга алдырып жаңжал чыгарган күндөрүм чанда.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлып баруучу: алдыга койгон пландарымды кагазга убакыт, сааты менен жазып алам
Кыргызский телеведущий, тамада Санжар Мыкыев - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу: алдыга койгон пландарымды кагазга убакыт, сааты менен жазып алам

— Сыр болбосо тойдогу "ставкаңыз" канча?

— Бир жумушту узак убакыт аркалап жатсаң демек пайдасын көрүп жатасың. Тойго чакырсаңыз айтам.

— Түшүнүктүү…  Жакшылыктан эле кезигип жүрөлү. Өзүңүздү 10 жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Жубайым менен бир кызды тарбиялап жатабыз. Көбүрөөк уул-кыздуу болууну самайм. Иш жаатында пландар көп. Алар керек болсо кагазга убакыт, сааты менен жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0