Мамлекеттик иш-чараларды эне тилде, орус, түрк, англис тилдеринде алып барып, теле жаатында "Бирге окуйбуз" программасын жөнгө салып, а түгүл тойду да тизгиндеген Нурсултан Майназаров менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.
— Нурсултан, жакында эле ырчы-чоорчу, тамадаларга карата патент маселеси күч алды. Салыкты төлөйбүз дегендер да, андан баш тарткандар да болду. Жеке өзүңүз мындай жагдайды кандай кабыл алдыңыз?
— Мага да салыкчылар келди, бирок абдан таң калышты. Мен тиешелүү документти ар дайым жаныма алып жүрбөсөм да, телефонго сүрөткө тартып алып, алдын ала бир нече айга төлөп турам. Анан салык кызматынын өкүлдөрү "азамат экенсиң" деп ыраазычылыгын билдиришти. Менин оюмча тамадалар патент төлөшүбүз керек. Жеке өзүмө келе турган болсом, биздин Mainazarov team командасы үч багытта иш алып барат. Биринчиси жеке кардарлар, буга ар кандай форматтагы тойлор кирет. Экинчиси корпоративдүү кардарлар. Беш жылдан бери JIА бизнес бирикмесине мүчөбүз. Ал жакта 400дөн ашык ишкер бар, андан сырткары бир канча бизнес уюмдарга өнөктөшпүз. Мындай бирикмелер менен иштешкенде сөзсүз түрдө документ керек. Үчүнчүсү мамлекеттик иш-чаралар. Бир четинен патент алууга мажбурбуз десем туура болот.
— Жакында эле 26 жашка чыгыптырсыз, ушул жашка чейин эмнелерге жетиштим деп ойлойсуз?
— Кудайга шүгүр, бир жыл мурда эл катары үй-бүлө күтүп, сүйүктүүм менен баш коштум. Спорт жаатында 2008-жылы КРдин грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберинин кандидаты наамына ээ болдум. Телевиденияда иштеп, алып баруучулук боюнча эмгектенип келе жатабыз. Иш менен жүрүп мен-мен деген адамдар менен жолугуп, чет мамлекеттерге чыктык. Дагы эмне… Эл катарында эле жүрөбүз.
— Баары али алдыда деңизчи. Бирок алып барып сыймыктанган иш-чараңыз кайсы болду?
— Жогоруда грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберине талапкермин деп калдыңыз, чебер болоюн деген оюңуз барбы?
— Бул атамдын тилеги эле. Эмнегедир ошону аткара албай калдым. Бирок атам өзү ушул күнгө чейин машыгат. Анын спорттогу өнөктөшү Мелис Турганбаев. Ушул кишилерге абдан таң берем, эринип таштап койбой күн сайын тер төгө машыгууларын улантып келишет. Өзүмө лыжа тепкен, сууда сүзгөн, теннис, футбол ойногон жагат. Бирок фитнес залдарга барып денеге булчуң берген меники эмес экен. Спорттун күрөш түрү абдан жагат, эң башкысы көтөрүмдүү болууга тарбиялайт. Сиз айтып өткөн спорттун чеберине жетүү кыялымда бар, бирок планымда жок. Анын үстүнө мен килемге 70 килограмм салмак ченинде чыгам. Бул категорияда күч сынаша турган балбандар өтө көп. Оор салмакка кирсем, балким мүмкүнчүлүк жогору болот эле.
— Чет мамлекетке көп чыгабыз деп калдыңыз. Балким башыңыздан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берерсиз?
— Анан эки күн бою эмне тууралуу ойлондуңуз?
— Чынын айтсам, ыйык жерде жүргөндөн кийин бирөө уруп кетет же тоноп кетет деген кооптонуу болгон жок. Жаныма акча да салып алгам, дүкөн кыдырганга да жетиштим. Мейманканага киргенимде эч ким деле издебептир, байкелер "ой тирүүсүңбү" деп эле коюшту.
Дагы бир окуя эсиме түштү. Иш сапарым менен Францияга барып калдым, ал жакта эжем жашайт. Аны менен чогуу Эйфель мунарасын көргөнү бардык. Так мунарага жеткен маалда ичим катуу ооруп баштады десеңиз. Эч нерсеге көңүлүм келбейт. Андан кийин ал жакта жайгашкан дарыянын теплоходуна түштүк. Ичимдин ооруганы дале басылбайт, жер көргөндүн ордуна теплоходдо уктап бардым. Ошондо ден соолук болбосо эч бир нерсе баалуу эместигин түшүндүм.
— Тамада катары да таанымалсыз. Той учурундагы кызыктуу окуялардан дагы айта кетсеңиз?
Сиздин сурооңузга улай, менден "сиз жакшы көргөн той кайсы?" деп көп сурашат. Бул өзүмдүн үлпөт тоюм. Себеби ошол күнү жакшы санаалаштар, туугандар, достор чогулуп сөөк жаңыртканбыз. Жакшы бир күнгө күбө болгонбуз, алардын жүзүндөгү жылмаюу мага жыргалчылык тартуулаган.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Жаңы жылдык иш чараларга сунуштар көп, ар бирине убакыт бөлүп кызмат көрсөтүшүбүз керек.