15:17 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
174 0 0

Батыш Салиева 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Анын эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Кыргызстандагы социалдык мекемелердин курулушунун көч башында турган Батыш Салиева узакка созулган оорудан кийин 6-августта каза болгонун КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Салиеванын туугандарына жана жакындарына президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариев көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.

Салиева калктын социалдык жактан корголушуна эбегейсиз салым кошкон, ошондой эле профсоюздун жана өлкөдөгү аялдардын кыймылынын өнүгүшүнө зор күч жумшаган деп айтылат билдирүүдө.

Батыш Салиеванын жасаган эмгегинин аркасында Ысык-Көлдө курорттук аймактар салынып, кары-картаңдар жана кароосуз калган балдар үчүн социалдык имараттар курулган. Алардын катарында "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийи, "Чолпон-Ата" жана "Ала-Тоо" эс алуу үйлөрү бар.

Батыш Салиева 25 жыл бою Кыргызстандын социалдык коргоо министри болуп иштеген. Өткөн жылы Эгемендүүлүк күнүнүн алдында социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев Батыш Салиеванын ал-ахыбалын сурап барып, миң сом акча жана башка белектерди берген.

Тема боюнча

Салиева Батыш Салиевна. Өмүр баяны.
Белгилер:
Социалдык өнүгүү министрлиги, Батыш Салиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ