00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков атайын эсепке коррупциядан түшкөн каражат кайда жумшаларын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы Гүлмира Кудайбердиева менен билим берүү тармагы боюнча баарлашты.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы коомчулукта мектептердин жетишсиздиги боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеп өткөн.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы коомчулукта мектептердин жетишсиздиги боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеп өткөн.
Мамлекет башчы коомчулукта мектептердин жетишсиздиги боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеп өткөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мамлекет башчы коомчулукта мектептердин жетишсиздиги боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеп өткөн.
1/2
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды.
2/2
Мамлекет башчы коомчулукта мектептердин жетишсиздиги боюнча нааразычылыктар болуп жатканын белгилеп өткөн.

"Талдоо көрсөткөндөй, айрым мектептерде окуучулар көп, кээ бирлеринде аз болуп жатат. Ата-энелер сапаттуу мектептерге балдарын алып барууга аракет жасайт. Мындан улам башка мектептерде окуучулар аз болууда. Бул көрүнүш билим берүү системасына реформа керек экенин айгинелеп турат", — деди Жээнбеков.

Средняя школа поселка Мурмаши Мурманской области закрыта на карантин - Sputnik Кыргызстан
"Сапаттын" ордуна Түркиядан "Маариф" келеби? Министрликтин жообу
Мамлекет башчы окуучулардын саны көп болуп жаткан мектептерге кошумча корпустарды куруп, ал эми Бишкектин айланасындагы конуштарга жаңы мектептерди салуу маселесин чечүү керектигин айтты.

"Мектептерди курууга финансы жетиштүү. Коррупциядан түшүп жаткан каражаттар бар, аларга атайын эсеп ачылган. Ошол акчаларга Бишкек шаарында жана аймактарда мектеп куралы", — деди президент.

Ал эми Кудайбердиева жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдер менен камсыз болушу жана билим берүү сапаты боюнча анализдин алгачкы жыйынтыктарын көрсөтүп берген.

Ошондой эле маалыматта республика боюнча учурда 149 жаңы мектеп курулуп жатканы, 2018-жылдын аягына чейин 78 мектеп колдонууга берилери көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0