БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Борбор калаанын "Ала-Тоо" конушундагы №82 орто мектептин оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аягына чыкканын муниципалитеттен кабарлашты.
Оңдоо иштерин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев барып көргөн.
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" конушунда 2015-жылы жаңы салынган мектептин пайдубалы үч жылга жетпей 10-20 сантиметрге чөгүп кеткен. Ызы-чууга түшкөн билим берүү мекемесин март айынын башында кайрадан оңдоого аргасыз болушкан. Анда жер төлөсүндө жайгашкан ашкана, устакана жана башка көмөкчү бөлмөлөрдүн астынан суу чыга баштаган.
Ошондой эле мектепти алгач толук куруп бүтүргөн "СМУ-3" курулуш компаниясы кайра калыбына келтирүүнү да өз мойнуна алган.
Казакстандын президенти тарабынан бөлүнгөн каражатка салынган мектептин үч жылга жетпей урай башташынын себеби эмнеде, мектепти кайсы компания канча сомго курганын Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп чыккан.