БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Оңдоп-түзөөдөн өткөн Мамлекеттик тарых музей 31-майда ачыла турганын аталган жайдын директору Кеңешбек Алмакүчүков билдирди.
© Sputnik / Светлана ФедотоваТарых музейин оңдоо иштери үч жылга созулган
Тарых музейин оңдоо иштери үч жылга созулган
© Sputnik / Светлана ФедотоваМузей директору ичи заман талабына ылайык жабдуулар менен жабдылганын айтты
Музей директору ичи заман талабына ылайык жабдуулар менен жабдылганын айтты
© Sputnik / Светлана ФедотоваЧыгыш тарабынан кирген босогонун жана кийим илгичтин көрүнүшү
Чыгыш тарабынан кирген босогонун жана кийим илгичтин көрүнүшү
© Sputnik / Светлана ФедотоваМузей "Акылдуу үй" программасы менен жасалган
Музей "Акылдуу үй" программасы менен жасалган
© Sputnik / Светлана ФедотоваОңдоо иштери 31-майда бүтүп, ачылышы болот
Оңдоо иштери 31-майда бүтүп, ачылышы болот
© Sputnik / Светлана ФедотоваЭкинчи кабатында эс алуу жайы жана кофейня аянтчасы жайгашкан
Экинчи кабатында эс алуу жайы жана кофейня аянтчасы жайгашкан
© Sputnik / Светлана Федотоваанын аймагында акысыз wi-fi орнотулган
анын аймагында акысыз wi-fi орнотулган
Тарых музейин оңдоо иштери үч жылга созулган
Музей директору ичи заман талабына ылайык жабдуулар менен жабдылганын айтты
Чыгыш тарабынан кирген босогонун жана кийим илгичтин көрүнүшү
Музей "Акылдуу үй" программасы менен жасалган
Оңдоо иштери 31-майда бүтүп, ачылышы болот
Экинчи кабатында эс алуу жайы жана кофейня аянтчасы жайгашкан
анын аймагында акысыз wi-fi орнотулган
Бул жерге 4,5 миң экспонат чыгарылат. Учурда анын 2,5 миңи коюлган.
Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары музейдин реконструкцияланышы боюнча көчмө жыйын өткөрүп, ремонт иштерине сын айтышкан.
Жетекчи депутаттардын 100 миң сомго алынган отургучутар тууралуу айткандарына эч кандай комментарий берген жок.
"Бул маалыматтарды текшерүү керек. Мындай билдирүүлөргө мен эч нерсе дебейм", — деди ал.
Алмакүчүков ремонттон кийин музей бир маалда 4,5 миң экспонат көргөзө аларын белгиледи. Буга чейин музейдин аянты 2,5 миңин гана коюуга жол берип келген.
Мындан тышкары, музейге лифтилер орнотулуп, экинчи кабатында кофейня ачылган.