04:37 08 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437
Коом
Кыскача шилтеме алуу
150420

Франциянын эркиндиги үчүн согушкан кыргызстандыктар же майышпаган макизарлар

Бүгүн Франция Гитлерге каршы күрөшкөн "Француз каршылыгы" уюмунун катарындагы чет элдик партизандардын күнүн белгилеп жатат. Бул уюмдун курамында кыргызстандыктардын да болгонун коомчулуктун басымдуу бөлүгү биле бербейт.

Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат француз партизандарынын катарында болгон жердешибиз Омор Жекишевдин блокнотунан тастыкталат. Кыймылдын жаралыш тарыхы, андагы кыргызстандык жоокерлер тууралуу колумнист Алмаз Батилов баяндайт. 

Партизан-макизар Омора Жекишева в форме
© Фото / личный архив Кадыракуна Тойчубекова
Кыргызстандык партизан Ишен Тойчубеков. Макизардын формасы менен

Француз патриотторунун Гитлерге каршы күрөшү. Макизарлар

1939-жылы фашисттик Германия экинчи дүйнөлүк согушту баштап, 1940-жылы 22-июнда Францияны немис аскерлери басып алган. Премьер-министр, маршал Петен Франциянын Германияга баш ийүүсү тууралуу келишимге кол коюп берген. Ал эми генерал Шарль де Голль башында турган француз патриоттору Гитлерге каршы күрөштү улантууну чечет. Генерал Би-Би-Си радиостанциясы аркылуу мекендештерине душмандарга бардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып каршы турууга чакырык таштаган. Француз патриоттору аны "Согушуп жаткан Франция" атындагы уюмдун башчылыгына шайлап, немис баскынчыларына каршы жашыруун уюмдар менен макизар деп аталган партизандык отряддарды түзгөн. "Мак" француз тилинен "бадал" деп которулат. Макизарлар башына баск улутунун береткасын кийип, өзгөчөлөнүп турушчу.

Француз каршылыгынын ичинде ар түрдүү көз караштагы адамдар — коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашисттери болгон.

  • Макизар Омор Жекишевдин күбөлүгү
    Макизар Омор Жекишевдин күбөлүгү
    © Фото / личный архив Абды Жекишева
  • Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан
    Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан
    © Фото / личный архив Абды Жекишева
  • Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат француз партизандарынын катарында болгон жердешибиз Омор Жекишевдин блокнотунан тастыкталат
    Франциянын азаттыгы үчүн 29 кыргызстандык согушкан. Бул маалымат француз партизандарынын катарында болгон жердешибиз Омор Жекишевдин блокнотунан тастыкталат
    © Фото / личный архив Абды Жекишева
  • Француз каршылыгынын ичинде ар түрдүү көз караштагы адамдар — коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашисттери болгон
    Француз каршылыгынын ичинде ар түрдүү көз караштагы адамдар — коммунистер, анархистер, монархияны жактагандар, солчул республикачылар, баск улутчулдары жана испан менен немис антифашисттери болгон
    © Фото / личный архив Абды Жекишева
1 / 4
© Фото / личный архив Абды Жекишева
Макизар Омор Жекишевдин күбөлүгү

Советтик туткундардын француз кыймылына кошулушу

Гитлерге каршы күрөшкөн кыймылга Франциянын концлагерлериндеги советтик жарандар менен бул өлкөдө жашаган орус эмигрантары кошулган. Мындан сырткары, немис баскынчылары советтик туткундардан ар түрдүү улуттук аскердик бөлүктөрдү түзгөн. Анын ичинде теги орто азиялык туткундардан куралган "Түркстан легиону" да бар эле. Бирок советтик туткундардын көбү концлагердеги кыйноодон тирүү чыгыш үчүн Гитлердин желдеттерине калп макулдугун берип, алар түзгөн уюмдарга кошулган. Көксөгөн максаты — немис баскынчыларына каршы күрөшүү эле. 1940-жылы август айында Париждеги адам музейинин илимий кызматкерлери Борис Вильде жана Анатолий Левицкий жер төлөдө басмакана уюштуруп, "Каршылык көрсөт" аттуу биринчи баракчасын чыгарган. Франциядагы немистерге каршы патриот кыймылы ушунун негизинде "Француз каршылыгы" деген аталышка ээ болгон.

1941-жылдын соңунда париждик партизандар камакка алынган.1942-жылдын февраль айында Вильде, Левицкий жана дагы беш макизар Мон-Валерьен фортунун жанында Гитлердин атайын жаза кызматы гестапо тарабынан өлтүрүлгөн. 1943-жылы орус эмигранты, белгилүү орус акыны Михаил Лермонтовдун урпагы Анна Бетулинская-Марли менен франциялык жазуучу Жозеф Кессель жана Морис Дрюон даңазалуу "Партизандардын ыры" аттуу чыгармасын жазып ырдап чыккан. Бул ыр Каршылык кыймылынын бейрасмий гимнине айланган.

1943-жылдын 15-октябрда Францияда туткунга түшкөн советтик жоокерлердин Борбордук комитети иштей баштады. Ал эми 7-ноябрда ушул комитет орус тилинде "Советтик патриот" деген гезитти чыгарган. 1944-жылдын жаз айларында Франциянын оккупация болгон аймактарында "Деде", "Железняк", "Катрин", "Ковпак", "Котовский", "Парижская коммуна", "Родина" сыяктуу советтик партизандардын 55 отряды согушуп жатты. 

Партизан-макизар Омора Жекишева в форме
© Фото / личный архив Кадыракуна Тойчубекова
Солдон оңго макизарлар Ишен ТОйчубеков жана Маана Абылов

Кыргызстандыктар Каршылык кыймылынын катарында

Туткунга түшкөн советтик жоокерлерди гитлерчилер Германия менен Франциядагы концентрациялык өлүм лагерлерине алып барган. 1944-жылы июль айында советтик туткундар Альби калаасынын жанындагы немис концлагерлеринен качып, макизарлардын катарына кошулган. Ошентип советтик туткундардан турган өзүнчө батальон түзүлгөн. Алар Дебернет жана Кастр концлагерин бошотуп, туткундары жогоруда айтылган батальондун катарына кошулган. Советтик макизарлардан биринчи советтик партизан полку куралган. Бул полктун биринчи командири теги грузин, лейтенант Отари Ишхнели, штабдын башчысы — улуту казак Али Молдагалиев, комиссар кызматына серб Ивич дайындалган. Франциянын түштүк аймагындагы немис концлагерлеринен бошотулган туткундар партизандардын катарын толуктап турган. Мындан улам Отари Ишхнели экинчи партизан полкун түзүп, биринчи советтик партизан полкун теги казак Жамбулдан чыккан Зунум Жаманкулов жетектеген. Кыргызстандык партизандар биринчи полктун курамында Франциянын Алес, Альби, Лион Ками, Флораж, Марсель жана Тулуза шаарларын бошотууга катышкан. Франциянын эркиндиги үчүн 35 миң советтик жаран согушту. Биринчи советтик партизандык полктун 665 офицери менен жоокерлери Франциянын орден жана медалдары менен сыйланган.

1945 жылы август айында расмий Париж биринчи советтик полкко Франциядан туу жана куралы менен чыгып кетүүгө уруксат берет. Белгилей кетчү жагдай советтик макизарлардын айрымдары Ата Мекенине кайтуудан коркуп, Францияда калган. Алар СССРге кайткандан кийин түрмөгө отургузат деп кооптонушкан. 

Мероприятие посвященное Национальному празднику Франции. Посольство Франции в КР, 2017 год, 14-июля
© Фото / предоставлено посольство Франции в КР
Франциянын улуттук майрамына арналган кече. Ортодо макизар Маана Абыловдун кызы Арсар Абылова

Советтик макизарлардын мекениндеги аянычтуу тагдыры

Франциядан СССРге кайтып келген макизарларга Ата Мекенге чыккынчылык кылгансынар, власовчулар деген жалган күнөө коюлган. Алардын басымдуу бөлүгү кайра сталиндик концлагерлерге сүргүнгө айдалган. Кыргызстандык партизандар да Ата Журтунда запкы тарткан. 

Мероприятие посвященное Национальному празднику Франции. Посольство Франции в КР, 2017 год, 14-июля
© Фото / предоставлено посольство Франции в КР
Франциянын элчиси Микаэль Ру, жубайы Татьяна Ру жана Арсар Абылова

Советтик концлагерден аман калган макизарлардын басымдуу бөлүгүнүн тагдыры аянычтуу болду. Совет өкмөтү аларды дайыма көзөмөлдөп жана басмырлап турган. Тилекке каршы, СССРдин учурунда расмий Москва да, Париж да согушкан жоокерлердин эрдигин баалаган жок. Буга карабастан Франциянын эркиндиги үчүн согушкан мекендештерибиз мындай оор сыноого туруштук берди. Макизарлар сүргүндөн кайтып келгенден кийин өлкөбүздүн өнүүгүсүнө зор салым кошту. Тоң аймагындагы "Ленин" атындагы колхоздун башкармасы Ишен Тойчубеков, "Кыргызфильмдин" үгүт иштери менен пропаганда бөлүмүнүн жетекчиси Досой Кадыров да макизарлардан.

Тема боюнча

Согуш отун кечкен баатырлардын элесине таазим. Комуз, сыбызгы коштогон "Катюша"
Афганистан ... алып калган жоокерлер
Белгилер:
Франция, Алмаз Батилов, Улуу Ата Мекендик согуш, Аскер, согуш, күрөш, тарых

ЭҢ МААНИЛҮҮ