БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек менен Ош шаарларында казинолор көмүскө түрдө дагы деле иштеп жатканын Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, учурда президенттин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, өлкө башчы укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү аракети боюнча айтып жатат.
"Казинолордун иштөөсүнө өлкөдө тыюу салынганына карабай алардын дагы деле иштеп жатканын билебиз. Булар менен Экономикалык кылыштуулукка каршы кызматы иштеш керек эле", — деди ал.
Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бардык күч түзүмдөрүнүн жасаган иштерине анализ жасап, кайсы орган кандай аракеттерди көрүп жатканы боюнча пикирин билдирүүдө.