Сапар Исаковдун төртүнчү кызы жарыкка келди

Жазылуу
Премьер-министр буга чейин үч кыздын атасы болчу

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 1-октябрда, кыздуу болду. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, ымыркай Исаковдун төртүнчү кызы.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнура Төралиеванын билдиришинче, ымыркай 3700 грамм салмак менен төрөлгөн.

"Эне менен ымыркайдын абалы жакшы", — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, 25-августта Жогорку Кеңеш Сапар Исаковду өкмөт башчылыкка жактырган.

Ал жакында эле Россияга расмий иш сапары менен барып келген.

Өкмөт башчы Сапар Исаков тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0