Исаков Сапар Жумакадырович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников
Торжественная церемония вручения благодарственного письма СМИ за освещение II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1999-2003 — Кыргызстандын эл аралык университетинде мугалим;
  • 2003–2007 —төмөнкү даражадагы дипломат, үчүнчү катчы, төртүнчү катчы, КР Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007 — КР өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
  • 2007–2009 — КР өкмөтүнүн сырткы байланыш бөлүмүнүн башчысы;
  • 2009–2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча Борбордук агенттиктин коммуникация кызматынын башчысы;
  • 2010-жылдын май айынан тарта — КР Убактылуу өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси;
  • 2010-жылдын август айынан тарта — КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2010–2011 — КР өкмөтүнүн аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2011–2017 — КР президент аппаратынын жетекчисинин орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын 31-январынан тарта — КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2017-жылдын мартында өлкө башчынын буйругу менен КР президентинин аппарат жетекчилигине дайындалган;
  • 25.08.2017 — 19.04.2018 — КР премьер-министри.

3-даражадагы Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0