Жаш баланы өзүнүн баласына сабатты делген киши убактылуу кармоо жайында

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя борбор калаадагы жатаканалардын биринде катталган

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жаш баланы өзүнүн баласына кармап берип сабатты делген киши убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя Бишкектеги Исхак Разаков атындагы техникалык университеттин №3 жатаканасындагы камерага түшүп калган. Видеодон бир бала экинчисинен качып, анысы жетип барып таяк менен бир чапканын көрүүгө болот. Буга ачууланган ата баласына кол көтөргөн жеткинчектин ийининен кармап турган, бул маалда анын балдары аны таяк менен ургулашкан. Андан кийин эркек балага кыйкырып, түртүп бетке муштаган.

"Киши убактылуу кармоо жайына киргизилди. Сот эртең анын баш коргоо чарасын карайт. Бир катар экспертизалар дайындалды", — деп милициядан маалымдашты.

Аталган факты боюнча "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Баланын апасы уулу жаракат алганын айтууда. Бирок, баласына болушуп, башка баланы сабады деп айыпталып жаткан Бакыт Шаршенов бардыгын туура кылганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0