Башы кесилген аял азыр да түшүмө кирет... Сөөктү таап алган аял сыйланды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖестокое убийство женщины в Оше
Жестокое убийство женщины в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалыктын" кызматкери таштанды челектен адегенде аппак дене бѳлүгүн кѳргѳндѳ "чочконун же тооктун этиби" деп ойлогон.

ОШ, 11-сент. Sputnik. Шаардык милиция оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетин ачууда салым кошкон төрт жаранга Ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОштогу "Тазалык" ишканасынын башы кесилген аялдын сөөгүн тапкан кызматкери сыйланды
Награждение сотрудницы МП Ош Тазалык нашедшей труп обезглавленной женщины в Оше - Sputnik Кыргызстан
Оштогу "Тазалык" ишканасынын башы кесилген аялдын сөөгүн тапкан кызматкери сыйланды

Алардын арасында 2017-жылдын 27-август күнү өз келининин колунан каза болгон Жумагүл Арзыбаеванын денесин таштандыдан таап алган "Ош-Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызматкери Айзада Нурбаева дагы бар.

"Эгерде ал канга боелгон баштыкты байкап, бирок милиция кызматкерлерине маалымат бербей койгондо бул кылмыштын бетин ачуу дагы татаалдашмак", — деди Сыдыков.

Кайын энесин өлтүрүүгө шектелген келин: кесилген башты эжем бөлөк таштандыга салыптыр - Sputnik Кыргызстан
Кайненесин өлтүрүүгө шектелген келин: кесилген башты эжем бөлөк таштандыга салыптыр
"Тазалык" ишканасынын кызматкери милицияга көрсөтмө берип жатып "ошол күнү адатымча өзүмө бекитилген аймакты тазалап, шыпырындыларды таштандыга салып жаткам. Кан чыланган жаңы сумка көңүлүмдү бурду. Карасам 10-15 сантиметр ачылып турат. Мен адегенде аппак дене бөлүгүн кѳргѳнүмдѳ чочконун же тооктун этиби деп ойлогом" деп айткан.

Нурбаева баштыкты ачканда башы кесилген аялдын буту көрүнгөн. Чочуп кетип милицияга кабар берген.

"Милиция келгенден кийин гана өзүмө келип, адамдардын мыкаачылыгына ызаланып, ошол жерден эле ыйлап алдым. Коркуп калган экенмин, эки күн уктабай чыктым. Азыр деле ошол аял түшүмө кирет", — деп айтып берген ал.

Эске сала кетсек, 27-август күнү калаадагы Түштүк-чыгыш кичирайонунда таштанды челектен аялдын башы кесилген денеси табылган. Бул кылмыш ишине шектелип, келини жана анын эжеси кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө келин кайненеси менен чатакташа кетип, уктап жатканда таш менен чаап өлтүрүп алганын, андан кийин эжеси экөө башын кескенден кийин денени таштанды челекке салып салышканын айтып берген. Учурда келин эжеси экөө убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0