Талды-Суудагы 10 жылдыктардын белеги. "Нарын боюнча мындай аялдама жок!"

© Фото / Канат Султан уулуАт-Башы районунун Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктагандар аталган айылга заманбап аялдама куруп беришти
Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктагандар аталган айылга заманбап аялдама куруп беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылга пайдалуу иш жасап берген бүтүрүүчүлөр фермерлер, кээ бири таксист, бир даары ишкер жана мамлекеттик кызматта иштеген балдар болуп чыкты

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Ат-Башы районунун Талды-Суу айылындагы Осмоналиев атындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктагандар аталган айылга заманбап аялдама куруп беришти. Бул туурасында Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Бердигулов Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Мурдагы аялдамабыз эскилиги жетип, анан да үстү кулайын деп калгандыктан, бирөө-жарымды басып калбасын деп үч жыл мурда ал жерин алдырып салган элек. Мектепти 2007-жылы аяктаган балдар жакында эле айлыбызга бир нече миңдерди чапчыган акчага шаардыкындай сонун аялдама куруп беришти", — деди айыл өкмөтү.

© Фото / Адилет ТоктосуновВыпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу
Юбилей выпускников села Талды-Суу - Sputnik Кыргызстан
1/2
Выпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу
© Фото / Канат Султан уулуВыпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу
Юбилей выпускников села Талды-Суу - Sputnik Кыргызстан
2/2
Выпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу
1/2
Выпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу
2/2
Выпусники школы Осмоналиев построили остановку для села Талды Суу

Акыркы учурда мектепти бир нече жыл мурда бүтүп кеткендердин кичи мекенине – айылдарга ар кыл социалдык объектилерди, муктаж бүлөлөргө турак жай куруп, жалпысынан материалдык жардам көрсөткөн тенденция улам күч алып барат. Биз сөз кылып жаткан айылда аялдаманы жакында эле, 6-августта колдонууга беришти.

Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Кочкор: 20 жылдыктын ак пейил жигиттери оорулуу кишинин бүлөсүнө үй куруп берди
Аксакалдар буга алкап батасын берсе, айыл өкмөтү жан-алы калбай кубанып турган чак.

Талды-суулук бүтүрүүчүлөрдүн бири Адилет Токтосуновдун айтымында, аялдама азыр айыл жашоочуларына зарыл болгон объектилердин бири. Аны тургузууга 100 миң сомго жакын каражат сарптоо пландалган, бирок 70 миңге курулуш материалдарын сатып алып, калганын өз күчтөрү менен жасап чыгышкан.

Аялдама жайгашкан жол аркылуу Бишкек-Өзгөрүш каттамы өтөт.

"Айылга эмне кылып берсек деп бир топко талкууладык. Акыры эски аялдаманын ордуна ылымта болуп, жаан менен күндөн коргоно тургандай заманбап үлгүсүн тургуздук. Мындай аялдама Нарын облусунда жок", — деди Токтосунов.

Токтосун Байбураев атындагы мектепти 2007-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр 60 жаштагы Касымбек Асанакуновго куруп жаткан үй - Sputnik Кыргызстан
10 жылдык: классташтар айылдагы аксакалды кредитке батырбай, там салып беришти
Ал эми айыл өкмөтүнүн жетекчиси аялдаманын мындан аркы абалына көз салып, карап, сырдап турушарын кошумчалады.

Айылга жакшы иш жасап берген балдардын бир катарлары айылда мал жана дыйканчылык менен алектенсе, бир катары мамлекеттик иште эмгектенип, кээси таксист, ал эми бир даары ишкер экен.

Бул балдар шайлоо илебисиз эле, саясий максатсыз эле айлына жакшы иш жасап, пайдасын тийгизип жаткан карапайым кыргызстандыктар.

Жаңылыктар түрмөгү
0