Кочкор: 20 жылдыктын ак пейил жигиттери оорулуу кишинин бүлөсүнө үй куруп берди

© Фото / Ишенбек КуржунбаевЖакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди
Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мага ал жашоодон үмүт үзүп салгандай сезиле берчү. Сүйлөй да алчу эмес. Ага там салып бере турганыбызды укканда кадимкидей жандана баштады деп айтып берди кайрымдуу адамдардын бири.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди.

© Фото / Ишенбек КуржунбаевУшул адамдар үйлүү болуп, бактылуу болуп турган чагы
Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи - Sputnik Кыргызстан
Ушул адамдар үйлүү болуп, бактылуу болуп турган чагы

Ак өргөлүү болгон бүлөнүн кубанычына сөз жетпей турат. Ананчы, бул жигиттер бери дегенде сегиз кишинин сообуна калып отурат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жакшы ишти жасаган демилгечилер менен байланышты.

Строительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Чиедей үч баласы менен калган жалгыз бой энеге 6 бөлмөлүү үй курулуп жатат
8-майда төшөктө үч жыл жаткан, беш баласы жана колунда энеси бар Жолдошбек Казаков жапжаңы жакшынакай үйгө кирди. Төрт бөлмөлүү үйдү айылдашына мектепти мындан 20 жыл мурда аяктаган 15 жигит куруп бериптир. Алардын ичинен айылда, Бишкек шаарында жана Россияда иштеп жүргөндөрү бар экен.

Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр.

Жакшы ишке эмне себеп болгондугу туурасында демилгечилердин бири Кара-Суу айылынын тургуну, дыйканчылык менен алектенген Жоомарт Көкүмбаев айтып берди.

© Фото / Ишенбек КуржунбаевЖакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди
Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди
© Фото / Ишенбек КуржунбаевКайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр
Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр
© Фото / Ишенбек КуржунбаевКлассташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур.
Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур.
1/3
Жакында Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп берди
2/3
Кайрымдуулук кылуу идеясы аларга былтыр келип, 15и акча чыгарууга макулдугун берип, анан иш башталыптыр
3/3
Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур.

"20 жылдыгыбыздын урматына ашыкча ысырап кылып, шаан-шөкөттөнбөй эле батирден-батирге көчүп жүргөн үй-бүлөгө там тургузуп бердик. Анын беш баласы, колунда картайган энеси бар. Зээнибиз кейиди. Жолдошту мындан беш жыл мурда мас болгон бирөө койдуруп кетип, төшөккө жатып калган эле", — деди Көкүмбаев.

Бул жакшы кишилердин кадамы майыптыкка кабылган адамдын материалдык маселесин эле чечпестен, баспай, сүйлөбөй калган учурунда кадимкидей кайрат бериптир.

© Фото / Ишенбек КуржунбаевАйылдашына үй куруп берген ушул жарандар
Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи - Sputnik Кыргызстан
Айылдашына үй куруп берген ушул жарандар

"Мага ал жашоодон үмүт үзүп салгандай сезиле берчү. Басканы абдан начар эле, сүйлөй алчу эмес. Былтыр биз ага айтып, курулуш иштери башталган соң кадимкидей жанданып, жашоого умтулуп, сүйлөп да калды. Бул кайрымдуулукту биз Алланын атынан кылдык", — деп айтып берди ак пейил кишилердин бири болгон Жоомарт.

Постройка трехкомнатного дома для женщины с ограниченными возможностями здоровья с двумя детьми Акгул Акматалиевой - Sputnik Кыргызстан
Элеттиктердин элге жасаган иштери: көчөт тигип үй куруп бергенге чейин
Биздин маектеш бул үйдү кудум өздөрүнө куруп жаткандай мамиле менен салышкандыгын, сапаттуу гана курулуш материалдарын колдонгондугун кошумчалады.

Классташтар тамды 400 миң сомго тургузуптур. Жоомарттын айтымында, бардыгы жөнөкөй эле жигиттер. Ону айылда турса, экөө Бишкекте жашап, бири "Жылуулук тармагы" ишканасында, экинчиси энергетика тармагында эмгектенет экен. Ал эми үч классташы Россияда кадимки эле мигранттардын катарын толуктаган кыргыз балдары болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0