Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат

© Фото / Ибрагим БалтабаевСтроительство дома из железных контейнеров в Бишкеке
Строительство дома из железных контейнеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы он жыл ичинде Кыргызстанда курулушта жүк ташуучу контейнерлер кеңири колдонула баштады. Андан дүкөн, чайхана, мечит, бассейн, муздаткыч, атургай үйлөрдү дагы куруп жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги темирден үй куруунун жол-жобосун жана болжолдуу баасын иликтеп көрдү. Буга бизге бир нече жылдан бери контейнерден имарат куруу менен алектенген компаниялардын бирин жетектеген Вячеслав Кудинов жана темирден курулган үйдө жашаган Ибрагим Балтабаев айтып беришти.

Ибрагим Балтабаев үч контейнерден куралган эки кабаттуу үйүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына курган. Өзүнүн айтымында, мындай кадамга барууга түштүк регионунда тез-тезден болуп турган жаратылыш кырсыктары себеп болгон. 

Балтабаев: контейнерден куралган үйдү жайлоого көчүрүп кетсе дагы болот

"Мындай үйлөр жер титирөө, көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктарына абдан туруктуу болот экен. Буга чейин көп кабаттуу үйдө жашап, жер титирегенде коркчубуз. Азыр тынчыраак жашап калдык. Үйдү атайын адистерге салдырдык, курулушуна 3-4 гана ай кетти", — деди Балтабаев.

Аянты 160 чарчы метрди түзгөн үйгө жалпысынан 2 миллион сом каражат сарпталганы белгилүү болду.

"Үйдү салдырып жатканда каражатты аяган жокмун. Айрымдар айткандай кышкысын суук, жайкысын ысык болуп калбасын деп, ичи-тышын абдан сапаттуу материалдар менен жылуулаттым", — деди үй ээси.

Имараттын кемчилиги катары экинчи кабаттагы адамдын басканы, аркы бөлмөдөгү үндөрдүн угула берерин айтты.

© Фото / Вячеслав Кудинов Контейнерден үй курууну чечкен адам бул жаатта тажрыйбасы бар адиске кайрылганы туура
Контейнерден үй курууну чечкен адам бул жаатта тажрыйбасы бар адиске кайрылганы туура - Sputnik Кыргызстан
1/5
Контейнерден үй курууну чечкен адам бул жаатта тажрыйбасы бар адиске кайрылганы туура
© Фото / Вячеслав Кудинов Пол менен шыпты жылуулагандан кийин бөлмөнүн бийиктииги - 2,30 метр гана болот
Пол менен шыпты жылуулагандан кийин бөлмөнүн бийиктииги - 2,30 метр гана болот - Sputnik Кыргызстан
2/5
Пол менен шыпты жылуулагандан кийин бөлмөнүн бийиктииги - 2,30 метр гана болот
© Фото / Вячеслав Кудинов Кыргызстанда контейнерлердин 20, 40 жана 45 футтук үч түрү сатылат
Кыргызстанда контейнерлердин 20, 40 жана 45 футтук үч түрү сатылат - Sputnik Кыргызстан
3/5
Кыргызстанда контейнерлердин 20, 40 жана 45 футтук үч түрү сатылат
© Фото / Вячеслав Кудинов Дубалга жабыштырылган базальт менен пенополиуретандын калыңдыгы 1,5 кирпичке барабар
Дубалга жабыштырылган базальт менен пенополиуретандын калыңдыгы 1,5 кирпичке барабар - Sputnik Кыргызстан
4/5
Дубалга жабыштырылган базальт менен пенополиуретандын калыңдыгы 1,5 кирпичке барабар
© Фото / Вячеслав Кудинов Контейнерден үй куруу иштери бир канча айга гана созулат
Контейнерден үй куруу иштери бир канча айга гана созулат - Sputnik Кыргызстан
5/5
Контейнерден үй куруу иштери бир канча айга гана созулат
1/5
Контейнерден үй курууну чечкен адам бул жаатта тажрыйбасы бар адиске кайрылганы туура
2/5
Пол менен шыпты жылуулагандан кийин бөлмөнүн бийиктииги - 2,30 метр гана болот
3/5
Кыргызстанда контейнерлердин 20, 40 жана 45 футтук үч түрү сатылат
4/5
Дубалга жабыштырылган базальт менен пенополиуретандын калыңдыгы 1,5 кирпичке барабар
5/5
Контейнерден үй куруу иштери бир канча айга гана созулат

Кыргызстандагы контейнер үйлөр биз кинодон же сүрөттөн көргөндөй өзгөчө архитектурадагы, жарым-жартылайы айнек, кызыл-тазыл имараттар эмес. Анткени андай үйлөр биздеги 4-5 айга созулган кышка ыңгайы жок.

Контейнерден салынган деген аты эле болбосо, бир караган кишиге анын кирпич үйдөн айрымасы билинбейт. Тагыраак айтканда, кирпичтин ордуна темир колдонулуп, ичи-сырты кадимкидей жылуулунат.

Контейнерден имарат куруунун негизги максаты — убакытты жана чыгымды үнөмдөө. Ысык өлкөлөрдө үйдүн сырты жылууланбай жана чоң чатыр жабылбагандыктан, адистер мындай үйлөр чындап аз акчага куруларын айтышат.

Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун

Контейнерден үй курууну чечкен адам алгач бул жаатта тажрыйбасы бар адистерди табышы керек. Вячеслав Кудиновдун айтымында, темирдин сырын билбеген киши салган үй кийин ээсине бир топ кыйынчылыктарды жаратат. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКурулуш компаниясынын директору Вячеслав Кудинов: темирдин сырын билбеген киши салган үй кийин кыйынчылыктарды жаратат
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат - Sputnik Кыргызстан
Курулуш компаниясынын директору Вячеслав Кудинов: темирдин сырын билбеген киши салган үй кийин кыйынчылыктарды жаратат

"Айрымдар кирпичтен үй салып жүргөн мыкты куруучулар контейнерден деле сала алат деп ойлошот. Бул жаңылыштык. Мурда темир менен иштеп көрбөгөн адам салган тамдын кемчиликтери кийин билинет", — деди ал.

Үйдүн "тагдырын" чечүү

Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер
Кыргызстанда контейнерден үй куруу кызматын көрсөткөн бир канча курулуш компаниялары бар. Алардын бирин тандайсыз да жер тилкеңизди көрсөтүп, кандай үй каалап жатканыңызды, канча каражатыңыз бар экенин айтасыз. Ага жараша адистер өздөрүнүн долбоорун сунуштайт.

Эгер болбой эле өзүм салам десеңиз, жок дегенде алардын кеп-кеңешин алып коюңуз. Куруучулар жерине барып көрүп, долбоорун чийип беришет. Ал үчүн орто эсеп менен ар бир чарчы метрине эки доллардан алышат.

Пайдубал

Контейнерден курулган үйдүн пайдубалы башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Кадимкидей эле толугу менен куюлган же тумбанын формасында (ар кайсы жерге коюлган) жерпай кылса болот. Экинчи (тумба деп аталган) ыкманы көбүнесе цементти үнөмдөйм дегендер пайдаланат.

Контейнер тандоо

Кыргызстанда кеңири колдонулган контейнерлердин үч түрү бар. Аларды куруучулар сырттан товар ташып кирген транспорттук компаниялардан сатып алышат. Өлкөгө кирген көпчүлүк контейнерлер темир жол менен келгендер. Вячеслав Кудиновдун айтымында, акыркы кездерде контейнерлердин баасы бир аз кымбаттады.

"Биз ЕАЭБге киргенге чейин өлкөгө унаа көп алып келингендиктен, контейнерден көп нерсе жок болчу. Азыр азайып калды. Ошого жараша баасы да көтөрүлүп кетти", — деди ал.

Ал эми сатуучулар беш контейнерден көп алгандарга арзандатуулар болорун айтышат.

Түрлөрү

Кыргызстанда контейнерлердин үч түрү сатылат: 20, 40 жана 45 футтук. 40 футтук контейнерлер деңиз жана темир жол контейнери болуп экиге бөлүнөт. Суу контейнери бийигирээк болгондуктан, курулушка ушул түрү көбүрөөк колдонулат. 

Контейнерлердин түрлөрү жана КРдеги баасы
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат - Sputnik Кыргызстан
Контейнерлердин түрлөрү жана КРдеги баасы

Эгер үй салдыруучу адамдын өзүнүн даярдап койгон контейнерлери болсо, куруучу компания аны базар баасына ылайык эсептеп, жалпы суммадан кемитип коет. 

© Sputnik / Даниил СулаймановКыргызстанда контейнерлердин түрлөрү
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда контейнерлердин түрлөрү

Бир үйдү куруу канча турат?

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү акыркы жылдары колдон келишинче чоңураак үй курдура башташты.

Ошол себептүү бизге курулуш компаниясынын жетекчиси Вячеслав Кудинов 182 чарчы метр көлөмдөгү үйдүн чыгымын эсептеп берди. Эскерте кетсек, төмөндө эң сапаттуу материалдарды колдонгондогу баа көрсөтүлдү. 

© Sputnik / Даниил СулаймановБир үйдү куруу канча турат?
Темир үйдө жашагың келеби? Контейнерден там куруу Кыргызстанда канча турат - Sputnik Кыргызстан
Бир үйдү куруу канча турат?

Үйдүн ичи-тышы

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
Контейнерден курулган үйдүн сыртын жылуулоого пенополиуретан каражаты өтө ыңгайлуу экенин куруучу Бегмат Акылбеков айтат. Анын калыңдыгы 5 сантиметр болушу шарт. Көрсө, пенополиуретан контейнердин ийри-муйру дубалына жакшы жабышып, чуңкурайган жерлерин толуктап, кийин үй темирден курулганы дээрлик билинбей калат экен. Ал эми анын сыртынан алюкобонд, сайдинг, керамогранит сыяктуу каражаттарды чаптап койсо болот.

Ичине базальт катмары төшөлөт. Ал жылуу гана кармабастан, сырттагы ызы-чууну, катуу үндөрдү тосот. Дубалга жабыштырылган базальт менен пенополиуретандын калыңдыгы 1,5 кирпичке барабар.

Полу, шыбы, чатыры, эшик-терезеси жана башка майда-чүйдөсү кадимки кирпич үйлөрдүкүнөн эч нерсеси менен айырмаланбайт.

Үйдүн "дем" алуусу

Эл арасында контейнерден курулган үй "дем" албайт деген түшүнүк бар. Кудиновдун пикиринде, бул — жаңылыштык.

"Аба өткөрүү жагынан темирден курулган үй менен кирпичтен курулган үйдүн абалы бирдей. Анткени, кирпич үй деле бетон менен шыбалат. Анык "дем алат" деп жыгач үйлөрдү айтсак болот", — деди куруучу.

Анын айтымында, контейнерден курулган үйдө желдетүү системасына өзгөчө көңүл бурулуп, туура жасалса эле аталган көйгөй дароо чечилет.

Курулуш убактысы

Контейнерден курулган үйлөрдүн негизги артыкчылыгынын бири — тез бүтүшү. Жогоруда мисал катары алынган 182 чарчы метр аянттагы үйдү адистерге салдырсаңыз, 3-4 айдын ичинде даяр болот.

Артыкчылыктары

Жер титирөө, сел, катуу жаан сыяктуу жаратылыш кырсыктарына жакшы туруштук берет;

Курулуш убактысынын кыскалыгы;

Анча чоң пайдубалдын зарылдыгы жок болгондуктан бетон үнөмдөлөт;

Жер тилкеңизде эңкейиш жагы болсо деле архитектуралык ар кандай амалдарды пайдаланып, контейнерден сонун үй салып койсо болот.

Кемчиликтери

Контейнерлердин дубалдары менен полу ар кандай зыянкечтерден коргоо максатында уулуу каражат менен сырдалат. Үй салганы жатканда аны тазалап кетирүү зарыл;

Курулуп жаткан үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба...
Кышкысын муздап, жайкысын ысып кетпеши үчүн жылуулоочу каражаттардан акча аябаш керек;

Шыптын жапыздыгы. Пол менен шыпты жылуулагандан кийин 2,30 метрдин тегерегинде гана бийиктик калат.

Контейнерден курулган турак-жайдын дагы бир чоң кемчилиги — учурда ага карата мыйзамдык нормалардын жоктугу. Бул боюнча Sputnik Кыргызстанга Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.

"Нормалар жоктугуна байланыштуу контейнерлерден салынган турак-жайды убактылуу гана колдонууга болот. Мыйзамга ылайык, жаңы конструктивдик материалдар курулушта колдонуу үчүн эксперименталдык текшерүүдөн өтүшү керек. Бүгүнкү күнү андай текшерүүнү контейнерлерден салынган үйлөр өтө элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол себептүү мындай үйлөрдүн документтерин мыйзамдаштыруу укуктук нормативдик актылар менен бекитилген эмес.

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы
Керек болсо мындай турак-жайларды банктар дагы күрөөгө алууну каалай беришпейт. Биз кардар катары бир нече банкка телефон чалып көргөнүбүздө айрымдары буга чейин контейнер үйдү күрөөгө ала элегин айтса, дагы башкалары үйдүн өзүн эмес, жер тилкесин гана алууга мүмкүн экенин айтышты.

Ушул себептерденби, айтор, Кыргызстанда контейнерден көбүнесе дүкөн, чайхана сыяктуу имараттарды курдуруп жатышат. Туруктуу жашоого үй салдыруу анча кеңири тарай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0