00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:51
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что видят наблюдатели СНГ на выборах в КР и как оценивают прогресс технологий
08:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көмүскө экономикага — жол жок! Президент салык чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ресторандар үчүн фискалдык программалык камсыздоо деген эмне — Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке киргизди
11:04
27 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Финансыны туура башкаруу канчалык маанилүү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Между возможностями и тревогами: ЕАЭС и китайский фактор
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий клуб «Беркут» при КРСУ: взгляд в прошлое, который меняет будущее
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мыкты окуп президенттен сыйлык алган Рахима Кубатбекова
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС вводит электронные пломбы: что это значит для перевозчиков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Конуш жайлуу болсун! Өрлүктөө салтынын маани-маңызы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бу жолу колумнист Шаакан Токтогул ошондой ырымдын бири болгон өрлүктөө салтынын санатынан кеп салды.

Жарыкчылыкка келгенден киши баласы өргө умтулат. Жерден боорун көтөрүп, өйдөлөп өсөт. Бири эки болуп, уул-кыз табат. Ал эми өргөө көтөрүү киши турмушундагы өзөктүү учур, өзгөчө бийиктик.

Өрлүктөөнүн мааниси

Салбурун оюнунун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баатыр деген ким? Кыргыздагы баатыр түшүнүгү
Турак жай — адамдын бала-бакырасынын ордосу, өмүрдөгү олжосу. Өргө тарткан өмүрдөгү бул жакшылыкты "өрлүк" — бийиктеген өзгөчө учур санашып, шааниси жасалган. Той берип, ырымы жасалат. Өрлүктөө салты тууган-уруктун, жоро-жолдоштун, коңшу-колоңдун ынтымагын бекемдөөчү, катышын арттыруучу сонун жөрөлгө. Анын үстүнө киши жакшылыкты жалгыз көтөрө албайт эмеспи. Эл чакырып, жакшылыкты көпчүлүк менен тең бөлүшөт.

Өрлүктөө салты менен катар бир топ ырым жөрөлгөлөр аткарылат. Курмандык чалынат, ак чачылат, аласталат, чачыла чачылат, бата тиленет.

Жөрөлгөлөрдүн мааниси

Аластоо – конушту тазалоо, аруулоо максатында арча түтөтүп, жакшы тилегин айтып болочок өргөөнү жаакшылыктын чордону болсун деген ниетте аласташкан.

Курмандык чалуу – жаңы көтөрүлгөн өргөөнүн ырыска шерик, жакшылыкка жанаш болушун тилеп, Кудай жолуна, арбак жолуна мал союп кан чыгарышкан.

Чуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун... Ант урабы же урбайбы?
Чачыла – кыргыздын бардык жакшылыктарында берекенин мол болушуна, ырыс-куттун агыл-төгүл уланышына, жакшылыктын көп келишине жол ачкан ырым катары кеңири колдонулат.

Көрүндүк – өрлүктөп келген киши куру кол келбей, жаңы үйгө ак тилегин уюткан белегин же кошумчасын ала келет. Муну ыражанын бир түрү катары да караса болот. Болбосо, жакынынын жаңы өргөөсүн куттуктаганы катары кабылданат.

Конушка бата

Өрлүктөө кут уюткан, дөөлөт чакырган бата менен жыйынтыкталат. Батаны боюнда кубаты, жүзүндө нуру, оозунда сөзү бар сөөлөттүү аксакалдар берет.

Конушуң жайлуу болсун,
Өрүшүң малдуу болсун.

Өргөң башка толсун,
Казаның ашка толсун.

Жаңы үйүң жарык болсун,
Башыңарга бакыт консун.

Ушул үйдөн уул үйлө,
Урматка толсун бүлө.

Үйүңдүн,
Түндүгү бийик болсун,
Уугу узун босун.

Керегеси кенен болсун,
Кенемтеси белен болсун.

Оомийин!!!
Ырымын жасабаса, орду томсорот

Көк-бөрү оюнчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Камчынын орду, касиети, мааниси, сыры...
Үй куруу, өргөө көтөрүү — киши өмүрүндөгү маанилүү учур. Үстүңдө үйүң болсо, очогунда от күйсө – тирүүлүк, жылуулук. Казан асылса – ырыскы-береке. Кыскасын айтканда үй – тукум өстүргөн, учук улаган куттуу турак. Ал эми ырымын жасап, өрлүктөө салтын аткарса, конуш орундуу болуп, өргөө ырыс-кешиктүү болуп, кишиге жугуштуу болот. Жогоруда айтылган ырым жөрөлгөлөр киши жакшылыгына жол ачып, түбөлүгүн түз кылат. Ар ким өз конушун таап, өргөсү өзүнө кут болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0