Бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине жеңилдетилген ипотека берүү үчүн эки жыл мурда "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасы ишке кирип, Мамлекеттик ипотека компаниясы (МИК) түзүлгөн. Бирок ал буга чейин өкмөттүн токтомунун негизинде гана иштеп жаткан.
Мыйзамдын демилгечилеринин бири Акылбек Жамангуловдун айтымында, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иш алып барат.
"Турмуш көрсөткөндөй токтом убактылуу гана нерсе. Ошондуктан, эми МИК аталган мыйзамдын чегинде иштейт. Мындай мыйзам долбоорун чыгаруу 1999-жылдан бери көтөрүлүп, ишке ашпай келген. Эми ага президент кол койгондон кийин МИКтин мыйзамдык базасы болот", — деди депутат.
Бул мыйзамга ылайык, бюджеттик кызматкерлер беш жылдан кем эмес мөөнөткө баштапкы төлөм катары турак жайдын жалпы баасынын 10-30 пайызын төлөп, насыя алууга укуктуу.
Бирок мындай чечим жалпы эл үчүн жеңилдик боло албагандай. Мамлекеттик программа менен үй алууга көпчүлүктүн чама-чаркы жетпей жатканын аталган тармакта иштегендер өздөрү айтууда. Аларды бири, 30 жылдан бери жолдошу экөө тең мамлекеттик кызматта иштеген Бишкек тургуну Роза Мырзакожоева.
"Көзүбүз өтүп кетсе, ипотеканы балдарыбыз төлөмөк"
Каарманыбыз кесиби боюнча медайым, Бишкектин ар кайсы ооруканаларында эмгектенип келет. Жолдошу айдоочу, учурда Ак үйдүн унаа жайында иштейт. Мырзакожоеванын айтымында, үй-бүлөнүн өздөрүнүн үйү эч качан болгон эмес. Чоң ата, чоң эне болсо дагы өмүр бою батирде жашап келе жатышат.
Ал эми быйыл 61ге чыккан жолдошуна жаш курагынан улам шарт боюнча насыя берилбей турганы аныкталган.
"Биздей болуп балдары чоңоюп, неберелүү болсо дагы үйгө жетпей жүргөн адамдар көп. Буларды жашың өтүп баратат дебей, пенсияга чыгып же көзү өтүп кете турган болсо балдары улантып төлөй бере турган шарттарды түзүп берсе болмок", — деди медайым.
Бюджеттик кызматкерлердин мамлекеттик программа аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүгү анча жетпей жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Ибраева дагы жашырбайт. Анын айтымында, медиктер мамлекеттик ипотека тууралуу алгач укканда кубануу менен кабыл алып, шарттары тууралуу билгенден кийин көбү насыя алуудан баш тартууга аргасыз болгон.
Ич сыйрылткан ипотека: жашың өтүп баратса, үйдөн үмүт кылба…
Ал эми "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн МИКтин маалымат кызматынын жетекчиси Зирек Асанованын пикиринде КМШ өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстанда гана мамлекеттик ипотеканын шарттары абдан жеңилдетилген.
"КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бизде белгиленген пайыздык төлөм абдан төмөн. Мисалы, баштапкы төлөм коммерциялык банктарда 30-40 пайыз чейин болсо, бизде 10 пайыздан башталат. Эгер аны да төлөй албаса, жаран күрөө кое алат. Дагы бир жеңилдетүү катары насыя алуучунун гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери эсептелерин айтсак болот. Мисалы, өзүнүн айлыгы жетпесе, кардар уул-кыздарынын же ата-энесинин кирешесин кагаз түрүндө тастыктап бере алса, ал дагы эсепке алынат", — деди Асанова.
Насыянын берилер-берилбеси тууралуу акыркы чечимди банк кабыл алат. Учурда "Мамлекеттик ипотека компаниясы" 12 коммерциялык банк менен кызматташат. "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасынын алкагында кайсыл жарандарга насыя берүүдөн банк баш тартаарын билүү үчүн МИКтин өнөктөшү "Кыргызстан" коммерциялык банкынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жаркынбек Сагындыковго кайрылдык.
Анын айтымында, программа башталгандан тарта аталган банкка 300 жаран кайрылып, 180дей адамга насыя берилди.
"Бизден насыя сурагандардын 60-63 пайызынын талабын канааттандырдык. Калгандарына бере албаганыбыздын негизги себептери — мурда алынган "насыя таржымалынын" таза эместиги же өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча талабы. Биз кардардын насыя алып, карызга батып калышына жол бере албайбыз", — деди Сагындыков.
Ал эми насыя ала албай калгандар боюнча жалпы айта турган болсок, МИКке бир жыл ичинде жети миң адам кыйрылган. Алардын ичинен 2,5 миңден ашык жаран төлөө жөндөмдүгү жоктугуна байланыштуу арыздары кайра каралуу алдында турат. Бүгүнкү күндө бир миң адам үйлүү болду. Ал эми 103 адамдын документтери каралып жатса, 32си сатып алууга турак жай издеп жүрөт. Үч миң адам МИКке кайрылганы менен, документтерин банкка тапшырган жок.
Бишкектик мугалимдин сөзүнө МИКтин маалымат катчысы Зирек Асанованын айтканы дагы далил. Анын айтымында, Бишкек шаарында жашаган тургун мамлекеттик ипотека алуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешеси 30-35 миң сомдон кем болбошу керек.
Экономист: мамипотека карапайым калк үчүн эмес
Экономист Кубан Чороевдин пикиринде мамлекеттик ипотеканын шарттары жана чектөөлөрү карапайым элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, акча берип жаткан банктардын пайдасы жана алардын тобокелчиликтерин жабууга багытталган.
Анын айтымында, бул программаны ислам принцибиндеги банкингде кеӊири колдонулган ыкмалар менен майнаптуураак кылса болот.
Ошондой эле бул келишимди башка бирөөнүн наамына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл экенин кошумчалады. Мында жаран ошол мөөнөткө чейин төлөгөн ижара акысын толугу менен кайтарып алат.
"Мамлекеттик ипотеканын азыркы шарттарына ылайык, жаран беш жылдан кийин жумушсуз калып, насыяны төлөй албаса, банк сот аркылуу үйдү алат. Аны арзан баада сатканы аз келгенсип, кардардын буга чейин төлөп келген проценттери күйүп кетет. Менин оюмча бул — адилетсиздик. Мындай жол аркылуу элди турак жай менен камсыз кылууга мүмкүн эмес", — деп кошумчалады Чороев.
Анткен менен МИК жарандарга жеңилдик берүү максатында даяр үйдү сатып алуудан тышкары, менчик жер үлүшүнө үй курууга насыя берүү механизми дагы иштеп жатканын айтат. Экинчи механизм боюнча 2017-жылдын 1-февралынан тарта баштапкы жана жылдык төлөмдөргө биртоп жеңилдетүүлөр киргизилгени кошумчаланды.
Белгилей кетсек, "Жеткиликтүү турак-жай — 2015-2020" программасын негизинде бүгүнкү күндө 1 миңден ашык жаран үйлүү болду. Алардын 434сы билим берүү, 205и саламаттыкты сактоо, 30у социалдык, 31и маданият тармактарында иштегендер. Калган 300 адам бюджеттик ар кайсы ишканаларда эмгектен жарандар.