Бишкекте апта соңунда V Билим фестивалы өтөт

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүү28-я Московская международная книжная выставка-ярмарка
28-я Московская международная книжная выставка-ярмарка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саамалык "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, шаардык мэрия, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан колдоого алынды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында дем алыш күндөрү эки күндүк билим фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева

Выпускной бал в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Саамалык. №56 мектептин бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесинен баш тартууда
Маалыматка ылайык, фестиваль борбор калаада 28-29-апрель күндөрү тартууланат. Жыл сайын уюштурулуп келе жаткан иш-чаранын быйылкы программасы сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга багытталган. Буга байланыштуу аталган саамалыктын басымдуу бөлүгү дене тарбия жана жаш муундун саламаттыгына багытталат.

"Спорттук ийримдерди жана кызматарды көрсөткөн мекемелер иш-чарага катышат. Ошондой эле чоң ийгиликтерди багындырган белгилүү спортчулар жаштар менен жолугуп маектешет. Андан сырткары, алгачкы медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Жалпы спорт менен машыгууга, массалык спортту жайылтууга багытталган аракеттер жасалат", — деди Кендирбаева.

Иш-чаранын алкагында жылдагыдай эле китеп жана билим берүү мекемелеринин көргөзмөлөрү уюштурулмакчы.

Саамалык "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, шаардык мэрия, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан колдоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0