Россия президенти Владимир Путин 27-28-февраль күндөрү Борбор Азиядагы Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстанда иш сапары менен болду. Бишкекке өлкө башчысы бүгүн келди.
Россия лидерин ардак кароол менен эки мамлекеттин гимнин ойногон оркестр тосуп алды. Андан соң эки президенттин расмий жолугушуусу өтүп, тар чөйрөдөгү жолугушуудан кийин кеңейтилген жолугушуу болду. Бир катар документтерге кол коюлгандан кийин эки президент маалымат жыйын өткөрүштү.

Бир нече сааттан кийин Россия президентин тосуп алуу аземи башталат

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы дыкат даярдык көрүүдө

Ардак кароол ротасы. Жетекчилик аскерлерди текшерип жүрөт

Кыргызстан менен Россия президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу

Эки өлкө башчы сүрөткө түшүп жатат

Президенттер министрлер менен ведомство жетекчилеринин катышуусу менен өтө турган кеңейтилген чөйрөдөгү жолугушууга кирип бара жатышат

Маалымат жыйын алдындагы баарлашуу

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев документке кол коюуда

Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында

Владимир Путин маалымат жыйын учурунда

Эки өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатышат

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин маалымат жыйындан кетип жатышат

Иш сапардын сапары карыды
