18:18 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Коом
Кыскача шилтеме алуу
40

Мыйзам боюнча күрөң аюуну аткандар 400 миң сом айып төлөйт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын четиндеги айланма жолго жакын жерде жаныбарлардын терисин саткан базардан Кыргызстандын кызыл китебине кирип, саны боюнча эң аз болуп эсептелген Тянь-Шань күрөң аюусунун катырылган териси табылды. Бул тууралуу рейдге катышкан NABU эл аралык уюмунун "Барс" броконьерликке каршы тобунун жетекчиси Курманбек Дүйшеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Бишкек шаарынын четиндеги айланма жолго жакын жерде жаныбарлардын терисин саткан базардан Кыргызстандын кызыл китебине кирип, саны боюнча эң аз болуп эсептелген Тянь-Шань күрөң аюусунун катырылган териси табылды.
    Бишкек шаарынын четиндеги айланма жолго жакын жерде жаныбарлардын терисин саткан базардан Кыргызстандын кызыл китебине кирип, саны боюнча эң аз болуп эсептелген Тянь-Шань күрөң аюусунун катырылган териси табылды.
    © Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КР
  • Текшерүүлөр маалында сатууга уруксат берилген башка терилердин арасынан күрөң аюунун катырылган териси табылды.
    Текшерүүлөр маалында сатууга уруксат берилген башка терилердин арасынан күрөң аюунун катырылган териси табылды.
    © Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КР
  • Тянь-Шань күрөң аюсу Советтер союзунун кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Азыр анын саны 100гө жетпегендиктен, Кыргызстандын кызыл китебинде турат.
    Тянь-Шань күрөң аюсу Советтер союзунун кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Азыр анын саны 100гө жетпегендиктен, Кыргызстандын кызыл китебинде турат.
    © Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КР
  • Аталган факты боюнча документтер Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилгени жатат.
    Аталган факты боюнча документтер Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилгени жатат.
    © Фото
1 / 4
© Фото / пресс-служба Госэкотехинспекции КР
Бишкек шаарынын четиндеги айланма жолго жакын жерде жаныбарлардын терисин саткан базардан Кыргызстандын кызыл китебине кирип, саны боюнча эң аз болуп эсептелген Тянь-Шань күрөң аюусунун катырылган териси табылды.

"Текшерүүлөр маалында сатууга уруксат берилген башка терилердин арасынан күрөң аюунун катырылган териси табылды. Тянь-Шань күрөң аюсу Советтер союзунун кызыл китебине 1978-жылы киргизилген. Азыр анын саны 100гө жетпегендиктен, Кыргызстандын кызыл китебинде турат. Аны кармоого, сатууга, терисин үйүндө сактоого мыйзам жол бербейт", — деди Дүйшеев.

Аталган факты боюнча документтер Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилгени жатат.

Мыйзам боюнча күрөң аюуну аткандар 400 миң сом айып төлөйт.

Аталган рейд Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги жана Эл аралык NABU уюму тарабынан сентябрь айында боло турган Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти коргоо форумуна карата өткөрүлүүдө.

Белгилер:
рейд, тери, аюу, Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU), Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ