Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВ Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек
В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөйрөк оорусуна чалдыккандардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Алардын катарында өспүрүмдөр дагы бар. Мунун себебин дарыгерлер убагында медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүк менен жана туура эмес тамактануу менен түшүндүрүшүүдө.

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк бөйрөк күнү. Бул күн 11 жылдан бери март айынын экинчи жумасында белгиленип келет. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги бөйрөк оорусунун себептерин аныктап, оорунун алдын алууда дарыгердин кеп-кеңештерин угуп көрдү.

Айттырбай келген оору. Гемодиализдеги өспүрүмдөр

Кочкор районунун Теңдик айылынын тургуну Шаршеев Үсөнаалы бир жылдан бери 16 жаштагы баласынын бөйрөк оорусу менен алышып келет. Уулу Айкөл былтыркы жылдын апрель айында кокусунан бөйрөк оорусуна кабылып, дарыгерлер анын эки бөйрөгүнүн тең жарабай калганын айтышкан. Баласынын өмүрүн сактап калууга ашыккан ата учурда ага өзү донор болуунун аракетин көрүп жатат.

"Балам азыр 10-класста окуйт. Ушул күнгө чейин бөйрөгү деле ооруганын билчү эмеспиз. Өткөн жылдын апрель айында бир күнү мончого түшүп келип эле төшөктөн турбай калды. Кочкордун ооруканасына алып барсак, биздин алыбыз келбейт, шаарга алып баргыла деди. Шаарга алып келсек, эки бөйрөгү тең жарабай калганын айтышты. Ошондон бери дарыланып, учурда гемодиализге келип жатабыз. Балам үйдүн улуусу, мындан кийин беш кызым бар. Балама өзүм донор болуп бөйрөгүмдү берейин деп жатам. Бирок азыр анализ тапшыра элекмин, кандарыбыз туура келип, акча каражат топтосок эле операция жасатабыз", — деди Шаршеев.

Айкөлгө окшоп гемодиализ алганга муктаж болгондордун арасында Садыр кызы Адинай дагы бар. Апасы Гүлнара Устаеванын айтымында, анын учурда бир бөйрөгү соолуп, оору экинчи бөйрөгүнө өтүп бара жатыптыр. Кызынын өмүрү үчүн күрөшкөн эне бүгүнкү күндө операциясына акчанын теңи чогулуп калганын айтып, өзү донор болуп, бир бөйрөгүн берем деп жатат.

Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз - Sputnik Кыргызстан
Уулуна бөйрөгүн берем деген эне базарда тилемчи болууга аргасыз
"Өзүм алты баланын энесимин. Бир уул, беш кызым бар. Кызым кичинесинен эле ооруп жүрөт. Убагында акча-тыйындын тартыштыгынан кээ бир дарыларын алып бербей жатып, өтүшүп кетти окшойт. Улам-улам температурасы көтөрүлүп жаткандыктан учурда ооруканада жатып дарыланып, анан гемодиализге келип жатабыз. Бирок кызым кыйналып кеткендиктен тезирээк операция жасаталы деп ар түрдүү марафон өткөрүп, туугандардын жардамы менен акчанын теңин чогулттук. Түркияга барып операция жасатыш үчүн 40 миң доллардай акча кетсе, Казакстандагы клиникаларда андан азыраак сарпталат экен", — деди Адинайдын апасы.

Өлкөдөгү бөйрөк өнөкөтүнө кабылгандар

Саламаттык сактоо министрлигинин 2016-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстанда 2 миңге чукул киши өнөкөт бөйрөк оорусунан жабыркайт. Ал эми гемодиализде кезекте тургандардын саны 700-800гө жетет. Алардын ичинен мамлекеттик бюджет эсебинен 552 бейтап гемодиализ алып, 118 оорулуу – кайтарымдык жеңилдетилген дарылоодо турат. ММКФ эсебине ылайык, 118 өнөкөт оорулуунун муктаждыгын каржылоо айына 6 миллион 938,4 миң сомду түзөт.

Нефрологдордун айтымында, учурда бөйрөк алмаштыруу боюнча Кыргызстанда кесипкөй адистер жок.

"Нефролог Казыбек Жолдошев каза болгондон кийин бөйрөгүн алмаштыруу маселеси мурдагыдан да курчуду. Нефрология боюнча кандидаттык диссертацияларын даярдап жаткан беш-алты дарыгер бар. Башка жаш адистер кесипкөйлүгүн арттыруу боюнча түрдүү курстардан өтүп жатат, бирок Жолдошевдин ордун ээлей турган мыкты адис жок болуп жатат", — деди нефролог Рысбек Калиев.

Мындан улам бөйрөк алмаштырам деген бейтаптар Түркия же Казакстан мамлекеттерине барууга аргасыз. Түркияда операция жасатуу 40 миң долларга чукул болсо, Казакстандын жеке клиникаларында 20 миң доллардын айланасында операция жасалат. Учурда бөйрөк алмаштырууга муктаж 140тын тегерегиндеги бейтап расмий каттоодо турат.

Бөйрөк оорусунун келип чыгуу себептери

Уролог Бахтахунов: суук тийгенден убагында дарыланбаса бөйрөк дартына алып келет

Медицина илимдеринин доктору, уролог Калдарбек Бахтахунов бөйрөк көбүнчө суук тийгенде кабылган ооруларды убагында дарылабай коюудан, туура эмес тамактануудан улам пайда болот.

Центр гемодиализа в Москве - Sputnik Кыргызстан
Нефрологдор коому: бөйрөк оорулары менен күрөшүү тунгуюкка кептелди
"Бөйрөк оорулары өз ичинен ар түрдүү болуп бөлүнөт. Гемодиализге жетип калган түрү гломерулонефрит деп аталат. Мында жөнөкөй эле ангина, скарлатина, пневмония ооруларынын микробдору убагында дарыланбай бөйрөккө, муундарга отурукташат. Мындан улам бөйрөктүн фильтрация жасаган функциясы иштебей, белокту кармай албай сыртка чыгара баштайт. Жаман шллактарды сыртка чыгара албай калат. Ушундан улам оору пайда болуп, адам жабыркай баштайт", — деди уролог.

Дарыгер оорунун пайда болуу себептерине туура эмес тамактануу менен ачка жүрүү да кирерин кошумчалады.

"Балдар да, чоңдор да ачуу, туздуу тамактарды чектеп жеп, суюктукту жетиштүү көлөмдө ичиш керек. Анткени суюктук организмдеги зат алмашууну жакшыртат, жаман заттарды бөлүп чыгарат. Суюктук дегеним газдалбаган таза суу болушу керек", — деди Бахтахунов.

Бөйрөк оорусунун белгилери:

  • Адамдын денеси, баскан турганы оорлошо баштайт
  • Буту-кол шишийт
  • Көздүн алды шишип, көгөрүп калат
  • Заара кылганда ачышып чыгып, анын өңү кызыл же бозомтук боло баштайт
  • Дене табы көтөрүлөт
  • Белдин тегереги, ич ооруй баштайт
  • Бет кубарат
  • Адамдын алы кете баштайт, шалдырайт

Эгер ушул белгилердин айрымдарын байкалса, дарыгерлер тезинен ооруканага же үй-бүлөлүк медициналык борборго барууну сунуштайт.

Ооруну кантип алдын алуу керек?

  • Бутту жылуу кармоо зарыл
  • Диета кармап, туздуу, ачуу тамактарды аз жеш керек
  • Газдалган суудан баш тарткан оң
  • Суюктукту аз, бирок бат-баттан ичип туруу маанилүү. Бул ичтеги шлакты тазалап, зат алмашууну жакшыртат
  • Жаш балдар оор нерсе көтөрбөш керек. Оор жүк көтөргөндө бөйрөк ылдыйлап кетиши ыктымал
  • Дарыгерге жок дегенде жылына бир жолу көрүнүп туруу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0