Күмөндөр Абыловдун айылга каты. Тоголонгон мугалимдер, ыйлаган "почточу"

© Sputnik / Нургуль МаксутоваКРдин Эмгек сиңирген артисти, пародист, куудул Күмөндөр Абылов
КРдин Эмгек сиңирген артисти, пародист, куудул Күмөндөр Абылов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар айылга катты белгилүү куудул, театр, кино актеру жана обончу, КРдин Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов жазды. Ал сөз баркын билип, сөз кадырына жетүүгө тарбиялаган чоң энесин, айылдагы "почточулугу" менен алтын мектебин, атасы экөөнү тең окуткан агайын эстеди.

Биздин каарман азыркы Нарын районундагы улуулукка бой керген тоолордогу Учкун айылында жарык дүйнөгө келген. Тогуз бир туугандын улуусу.

Салам кат!

Азыр менен айылдаштарыма, тээ качанкы өткөн балалыгыма, алтындай болгон мектебиме, атам экөөбүздү тең окутуп, азыр бактылуу карылыктын башынан кечирип жаткан Түпөн агайыма кат жолдоп отурам.

Кыргыздын кыргыз экендигин билгизе турган турган, элдин үрп-адатын, салтын, кийимин, баскан турганын, кулк-мүнөзүн чагылдырып турган — айыл. Андыктан катты баштаар алдына жалпы окурмандарга айылды сактап калалы деп кайрылууну эп көрдүм.

Sputnik эстеткен каттар…

Илгери армияга барганда, студенттик күндөрдө кат менен кабарлашчу элек. Анын да түрлөрү боло турган.

"Сагынычтуу салам кат, сагынганда жетсин бат, сагынганда жетпесе, садага кетсин ушул кат" деген саптарды эстетти Sputnik Кыргызстан мага кат жазып бер деп кайрылып.

© Фото / из архива Кумондора АбыловаАтасы Мукамбет (Мукул) Абылов чоң комузчу болгон
Отец кыргызского юмориста, пародиста Кумондора Абылова - Sputnik Кыргызстан
Атасы Мукамбет (Мукул) Абылов чоң комузчу болгон

Эсимде… Армияда жүргөндө "алыскы Ала-Тоонун бир койнунда таза абасынан дем алып иштеп жана жашап жаткан ата-энеме бул жерде Советтик Армияда кызматын өтөп жүргөн уулуңардан сагынычтуу салам кат" деп байма-бай жазылчу.

Унутулуп калган ый "ийгиликтүү" уланып…

Биринчи кат – Токмокко окуганы келгенден кийин айылга жолдонгон. Үйдөгүлөрдү сагындым. Ой бир ыйлагым келет, бышактап… анан кат жаза баштайсың. Ал эми жообу ортодон эки жумадай убакыт өткөн соң, ыйың басылганда ана-ан келет. Ата-энеден бир барак кагаз алганда ый баягы жерден кайрадан уланат десең, болгондо да ийгиликтүү темп менен… Токтобой…

Акын Зайырбек Ажыматов - Sputnik Кыргызстан
Акын Зайырбек Ажыматов айылга кат жазып, таенесин, бала чактын өксүктөрүн эстеди
Эсимде… Армияда жүргөндө үйдөн, ата-энеден келген каттар алтынга тете эле. Анда кат кантип колго тийчү? Алыстан, айылдан кат келгенде жоон топ жоокерлердин арасынан почточу атыңды атап, сени бийлетип да жиберип, конвертти бүктөп кармап турат. Өзүнүн шарттары болор эле. Анан ал айткандай кылып мурдуңду тосуп бересиң, "почточу" жалпы келген каттарды кабаттап кармап, конверттин кыры менен "шак" эткизе чабат. Мурун кыпкызыл, ооруп чыккандыгы ушунчалык, көздөн мөлт-мөлт жаш кетет. Ага да кайылсың. Каттын кадыры канчалык экенин баамдап жатсаңыз керек… "Башкысы келди! Мурун кара жерге кирсин" дейсиң. Сүйүнүч ушунчалык, мулуңдап алып катты окуй жөнөйсүң. Жаныңдагы бала кимден дейт, ата-энеден экенин укса, кала берет. Непадам, "сүйлөшкөн кызымдан" десең, балаага калдың дей бер. Кошо жабышып, артыңдан түшөт. Алда кайда качасың, кээде кыйбастарыңдан баш тарта албай, окутасың. Эстесем, кат алуу өзүнчө эле майрам болуптур!..

Көкүрөктө калбаган СМСтер

Менин жаштык мезгилимде кыздарга кайрылуу да өзгөчө эле. Азыркыдай болуп телефон чала калып же СМС жазып келе кал, жолугалы дебей, аздектеп, аярлап кат жолдочубуз.

© Фото / из архива Кумондора АбыловаБул абдан баалуу сүрөт. Апасы Алтын (сол жакта), чоң апасы Бүбү (оң жакта), бөбөгү Таалай, ал эми шапкечен бала биздин каарман - Күмөндөр Абылов
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
Бул абдан баалуу сүрөт. Апасы Алтын (сол жакта), чоң апасы Бүбү (оң жакта), бөбөгү Таалай, ал эми шапкечен бала биздин каарман - Күмөндөр Абылов

Кыздарга жазган ошондогу каттардын көчүрмөлөрү сакталып калбаганына өкүнөм да, атаңгөрү. Жок дегенде бирөөсү болсо, аны жарыялап, тааныштырсам элдин көңүлү көтөрүлөт беле деп ойлоп коём өзүмчө. Себеби, андай катты кезегинде Чыңгыз Айтматов жаза албаса керек…

Азыр ойлоп көрсөм, ошол учурда убакыттын да, сүйүүнүн да, кат алышуунун да баркы болгон экен… Кээде илгеркидей болуп кат менен таанышканды жаштардан бирөө-жарым баштаса абдан жакшы болор эле деп коём. Каттын ар бир сөзү жүрөктүн тереңине жетип, унутулбай жатталып калчу. Азыр СМС менен күнүгө канча сөз окуйсуң, кымбаты да, жаманы да баары бир агым менен кетип эсиңде калбайт. Көкүрөктө сакталбайт.

Атам жөнүндө: күүнү бычак жана буту менен чертип, шпагатка отурган

Мени айылдын жөнөкөйлүгү, жерге жакындыгы, нукуралуулугу, асылдыгы өзүнө жетелейт. Көрсө, асыл нерсенин баары жөнөкөй көрүнөт экен да. Анан да ошол айылда жашаган менин кымбат адамдарымдын элеси дайыма жипсиз тартып турат.

Бул катымда мен үчүн баалуу болгон жакындарымды эскербесем болбостур. Чоң энем Бүбү (эл Бүкөй дечү) чоң жомокчу болгон. "Манастан" тарта кенже эпосторго чейин айтчу. "Манасты" кара сөз менен баяндап келе жатып, анан эле төгүп-төгүп кетчү. Өкүнгөнүм, ошол кезде магнитофон деле чыгып калды эле, айткандарын жаздырып калбаптырмын. Ал эми атасы Такенбай деген чоң бай атактуу Тыныбек, Шапак, Чоюке, Сагымбай манасчыларды кышында кыштоодо конокко чакырып, чогултуп, жазга чейин мезгил-мезгили менен "Манас" айттырчу экен. Согумдарын союп, үй оокаттарын камдап берип коюп, кеч күздөн башталган улуу баяндар ала жазга чейин уланчу тура. Эл "Такембайдыкына барып "Манас" угабыз" деп келчү" деп эскергени бар, чоң апамдын.

© Фото / из архива Кумондора Абылова1984-жыл. Абыловдор Фрунзе шаарында өткөн Үй-бүлөлүк республикалык кароо-конкурска келип, I орунду алган учурда түшкөн сүрөт
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
1984-жыл. Абыловдор Фрунзе шаарында өткөн Үй-бүлөлүк республикалык кароо-конкурска келип, I орунду алган учурда түшкөн сүрөт

Көптү көрсөтүп, чоң атамдын ордун жоктотпогон Токтосейит таякемди эстейм. Ар тараптуу таланттуу адам эле, айылдагы маселенин баарын кеп-кеңеши, билгиликтүүлүгү менен жайгарчу.

Ал эми атам Мукамбет (кийин Мукул деп аталып калган) кезегинде атактуу Атайдын (Огонбаев – ред.) "Маш ботоюн" бычак жана буту менен черткен жайы болгон. Ал чоң комузчу, куудул, чыгармачыл адам эле. Анын алдында сүйлөй алчу эмесмин.

Жогорудагы комузчулук "классты" атам Фрунзе шаарында кадимки эле легендарлуу композитор Жумамүдүн Шералиев жетектеп республикалык кароо-конкурска келгенде көрсөтүптүр. Сахнада "Маш ботойду" ойноп жатып, анан эле калпактын кырындагы бычагын ала коюп чертип, бир учурда коңултак кийген батинкени силкип жиберип, буту менен күүнүн шартылдата улантыптыр… Калыстар тобунун төрагасы, жазуучу Касымалы Жантөшев жогору баалап, ошентип атам биринчиликти илип кетет. Баамдасак, минтип бир Атай өзү, анан менин атам чертиптир.

Анан да атам "ордо" аткан киши эле, ойноп жатканда абалакка жетем деп азыркыча айтканда, шпагатка отуруп жиберип ойногонун көп көрдүм. Менин куудулдук, чыгармачылык өнөрүмө үрөнүн сепкен ушул адамдар болду деп ойлойм.

Түпөн агайым, бар болуңуз!

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун
Эсимде… Атамды окуткан мугалимдер мени да окутту. Алардын бири — Түпөн агай Макеналиев болчу. Беш жашымда Күмөндөр деген атымды жазып үйрөнүптүрмүн. Биринчи класска киргеним кадимкидей эсимде. Энем ээрчитип барды. Келерки жылы чак келип калат деп көк костюм сатып берген. Аным шөлбүрөп, бир размер чоң….Ошентип, эки ай окудум. Анан эле атам Нарындын борборуна кайрадан кызматка которулду, азыр баамдасам шаардагы мектептен мага орун табылбай, бир жыл окууга барбай калган экенмин. Бир күнү айылдан Түпөн агайым келип, атамды макулдатып жатып, мени кайрадан айылга алып кетип, таякемдикинде жашап, окуп калдым. Ошол азыр агайым кичи мекеним Учкунда жашап жатат. Бактылуу карылыкта жашаңыз, агайым.

Тектирдеги мектебим

Билим алган куттуу уям айылдын маңдайындагы тектирде жайгашкан эле. Мектептен чыга калсаң, айыл алаканга салгандай даана көзгө тартылат. Ал эми үйдөн карасаң, шаңкайып мектеп көз алдыңда турар эле. Көзгө ушундай жакшы көрүнчү. Кызыл жагоосун желбиретип, ак бантигин барпайтып тагынып, ак фартугун кийген окуучулар кыялай мектепке жөнөшчү. Имараттын алды балдардын ызы-чуусуна бөлөнгөн.

© Фото / Cinemart ProductionКРдин Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов
Кыргызский юморист, пародист Кумондор Абылов - Sputnik Кыргызстан
КРдин Эмгек сиңирген артисти Күмөндөр Абылов

Кышында бир сонун десеңиз! Паровоз деп учкашып-чиркешип алып, кыядан ылдый көздөй бир зуулдайбыз. Күндүз жылгаякты мугалимдер чактырып салса, түндө уурданып келип, кайра суу куюп кетебиз. Нарындын суугунда ал чакыйып катып калат. Эртеси мына сага майрам, көк жылгаяк! Өтмө катар суу болгонубузга карабай, коңугуроо "чыр-рр" дегенде танапис сайын баягы музга чуркайбыз. Коркоктор класска кайра кайтат, шуулдактарыбыз "ойго дагы бир түшүп келе калалы" деп кайра зуулдамай. Албетте, сабакка кечигесиң да, анан тил укмай. Анысына деле кайылбыз. Тиякта көк жылгаяк турбайбы, кызыктырып. Музду жөн тебебизби, өтүктөрдүн таманындагы быдырларды кетирип, тим эле жыпжылмакай кылып жарышабыз. Ишке келе жаткан мугалимдерди күү менен келе жатып, бурула албай, көмөлөтө коюп кеткенди кантесиз… Бактылуу балалыктын ирмемдери… алтын экен.

Кат ташыган кайран кездер, ай

Атактуу ырчы жигит Аскат Мусабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Аскат Мусабековдун айылга каты. Комбайнчы байкелер, акыңарды арзан эле кылгылачы
Биздин айылда эки чоң көпүрө боло турган. Ал кезде эл сууну кышы-жайы сайдан алып ичээр эле. Кыздар сууга барат апкөч көтөрүп, ал эми чакалар күнгө чагылышат. Кырдан туруп сай тарапка көз чаптырсаң, жашоо өзүнчө эле керемет. Суу чачышып ойногондору, суу ойномуш болуп, сүйүү каттарын берип, жооп алгандары бар. Ат сугарымыш болуп шылтоолоп кыздарды шынааарлагандар андан көп. Тайды, кунанды минип алып кээде биз да жүрөбүз арасында. Кыздардын суусун төгүп, шаштысын кетиргенибизге корстонбуз, кыйратып койгонсуп.

И баса, кат деп жатпаймбы, аны ташыгандардын арасында мен да болор элем. Укмуш ташычу элем да эми, анан да ушундай жоопкерчиликтүү почточу болчумун. Кээде "тигиге жообун эми качан берет, эмне дээр экен" деп кээ түндөрү бир оокумга чейин ойлонуп жатчумун. Сарсанаага түшчүмүн.

Эсимде… "Бул кат баланча кызга. Ичиндегисин окуба" деп берет чоң класстагылар. Балээсинеби. Жанагы көпүрөнүн алдындагы бир кучак болгон түркүктөрдүн түбүнө жетип эле ачасың. Мына сага шедевр! Окумак түгүл, аны көчүрүп да аласың. Бир катарларын жакын көрүп, досторума берип койсом алар жайып жиберип… Кээ бирөөнү партаны алдына жашырып алып окуп жатып, мугалимге карматып, канчасын тил угуздук…

Эсимде… канча ирет каттарын ташыган байкем үйлөндү деп угуп жетип барсам, баягы кыз эмес, таптакыр башка. Жиним келип, ызаланып ыйлаганым эсимде. Балалык баёо сезим менен кат жазса эле, ошого үйлөнүшү керек деп ойлоптурмун да.

Диалогдор

Ал кезде сакман деген болор эле. Жаккан кыздар барган сарай канчалаган чакырым алыс болсо да түндөп барасың. Бир жолугуп, сүйлөшүп койгонго ыраазысың. Бир карасаң, кандай сонун таза кездер ээ, окурман.

Дагы бир жылмайткан учурларды эстедим. Биздин аймактагы Учкун менен Куланак айылдардын арасы 12 чакырым. Велосипед менен күүгүм талаш жөнөйсүң.

Ошондогу диалогдор али эсимде.

-Кандай, жакшыбы?

-Жакшы.

-Сүйлөбөйсүңбү?

-Сөз деле жок… Ошо…

Ушул үчүн барасың. Анан шалпылдап, кайра кетмей. Кышпы, жайбы, баары бир. Баягы эле картина, баягы эле диалог.

Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламат Садыкованын айылга каты. Килем токугандагы кыялдар жана ырчылык
Бала кезде билинбейт экен, жаш өткөн сайын эки күндүн биринде айылга баргым келип, эңсеп, ал жакты эстебей бир да күнүм өтө элек. Бала кезден тарта баарын, керек болсо итине чейин сагынат экенсиң. Бул менин чын сырым. Себеби, мен ошондой дүйнөгө келгенмин жана ошондой дүйнөдөн алыстагым келбейт.

Ал эми жакында "Айыл жакка саякат" деген поэмамды аяктадым. Анда глобалдашуу заманында айылдын бизге кымбат экени, баалуулугу айтылат. Цивилизацияга далбас уруп жатабыз, бирок ошонун барынын айылга зыянын тийгизчү жактары бар экенин унутпасак деген ойду айткым келди.

Мен ушул катты жазып жатып, бир сонун дүйнөгө кайтып барып келдим. Ал айыл деген аалам болду. Бар бол айылым, бар болгула айылдаштарым. Кийинки муундар эстеген нарк-насилин, баалуулуктарын, касиетин сактап калган айылым, ылайым аман болсун.

Саламым менен уулуңар, Күмөндөр Абылов.

Жаңылыктар түрмөгү
0