Төмөндө сыясы кургай элек катты окурмандарга сунуштамакчыбыз.
Айылга кат жазып жатып, мени жашоодогу кыйынчылыктарга карабай, алдыга жетелеген Айтматовдун, Баялиновдун каармандарын, аялзаттарын, анан эрте айрылган апамды эстедим эмнегедир.
Мени алдыга жетелеген Толгонай апалар менен Алтынайлар. Киндик кан тамган айылым Кызыл-Жолдо күркүрөгөн күздө, жылдын тогузунчу айында, 28-деген маанилүү сандарга дал келип жарык дүйнөгө келиптирмин. Бала кезимден ар кимдин көзүн карап, далай кыйынчылыктарды көрдүм. Буга карабастан, китеп менен өскөн жаным, Ажардын, Алтынайдын, Толгонай эненин образдары жүрөгүмө уялап, алардан кайрат алып, алдыга карай жол издегенимди эстедим.
Өрүктөр өзүнчө кеп. Өрүктөр арасында гүлүн ачкан чарбакта, кыздар менен куурчак ойногонумду эстедим. Балалыктын көсөмдүгүн айтсаңыз, "Чоңойгондо ырчы болом, сага капрон жоолук алып келип берем ээ" дечүмүн бирге ойногон кыздарым менен ынтымактуу болуп калсам. Таарыныша кеткен экинчисине эч нерсе белек кылбастыгымды айтып коркутчумун.
Энем Мария ыраматылык чачы узун, сулуу, колунан баары келген уз чебер аял эле. Мектеп босогосун жаңы аттап, биринчи класска киргенимде өз колу менен аппак штапель кездемен көйнөк, күрөң чийбаркыттан чыптама тигип берип, колумдан жетелеп алып барган. Ошол ирмем эне, ал тургай чоң эне болуп турган чагымда да күнү бүгүнкүдөй жаңы, күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат.
Толгоо тарткан энем, тооруган ажал. Тогуз жашта болчумун. Кош бойлуу энем төрөй албай, үйдүн ортосундагы устунду бекем кучактап, кудайга жалынып, жан айласын таппай кыйналганы жадымдан эч кетпейт. Жанында жардам кылалбай, чыркырай, чимирилип ыйлаганымды эстейм…
Ыр — өмүр, ыр — чырак. Бирок томолой жетим калган мени ЫР канаттуу куштай жандай учуп, дайыма үмүт отун жандырган чырак болду! Ошол кыялга толгон жаштык учурумда, дирилдеп турган сезимтал кезимде ыр азаптуу да, ажайып да өз дүйнөсү тартып кетти.
Киндик кан тамган жерим – тирегим. Ал өнөргө зирек кызын алгачкы күндөн ушул кезге чейин атам менен энемдин ордун жоктотпой, бардык ийгиликтеримди колдоп, кубаттап турат. Муну эстегенде туулган жердин топурагына, боз шыбактарына, жибек чачтарымды сылаган шамалына да ичимден жалынам, сыйынам.
Ийменчээк, ыйбаалуу, сыпайы, даанышман, кыраакы, эң башкысы топуктуу, назары артыкча ток элим бар. Кызырлуу элден таалим тарбия алган урпак гана өздүгүн, мендигин тапса керек деп ойлойм. Алардын касиеттерин тулку боюмда, бир өмүргө жетээрликтей зээнимде сиңирип калганыма шүгүр деймин.
Мен сен бар үчүн ийгиликке жетип келем, сен бар үчүн чарчабайм, сен бар үчүн таянычым тоодой, ардактуу айылым!
Силерди урматтап, кат жолдогон Кыргыз Эл артисти, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кызыңар Саламат Садыкова.